АЭУда илимге салым кошкондор сыйланды
- 21.11.2024
- 0
“Ала-Тоо” Эл аралык университетинде Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
АЭУнун илимий иштер боюнча проректору Салидин Калдыбаев ниверситеттин жана коомдун өнүгүүсү үчүн илимдин ордун баса белгиледи.
- 10-ноябрь –Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата университетибизде башталган илим жумалыгын жыйынтыктап, университеттин илимий ишинин натыйжаларын баалап жатабыз. Өткөн жылы китептерди жана илимий макалаларды жарыялоо, ири долбоорлорго жана сынактарга катышуу сыяктуу жетишкендиктердин негизинде илимий рейтинг түзүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча кесиптештер сыйлыктарга ээ болушту. Илим күнү бүтүндөй университет үчүн маанилүү, анткени мындай жетишкендиктер илимий иштин жогорку деңгээлин баса белгилейт, деди.
Илим бөлүмүнүн башчысы Тимур Надыршин өз сөзүндө АЭУда илимпоздорду колдоо чаралары тууралуу кеңири айтып берди.
Эки жумага созулган илим жумалыгынын алкагында, факультеттер тарабынан ар кандай илимий иш-чаралар уюштурулду. Алсак, студенттердин юриспруденция боюнча олимпиадасы, медицина факультетинин окутуучулары үчүн изилдөө ишмердүүлүгүнүн маданиятына арналган семинар, ошондой эле статистикалык изилдөө усулдары темасында бир айлык вебинар өткөрүлдү. Лингвистика кафедрасы тарабынан “Илим жана чыгармачылык” аттуу илимий семинар уюштурулду.
Иш-чаранын алкагында окутуучуларга жана профессорлорго илимий өнүгүүгө кошкон салымы үчүн сыйлыктар тапшырылды. Алсак, АЭУнун ректору, п.и. к., доцент Жылдызбек Жакшылыков Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланса, “Билим берүүсүнүн мыктысы” наамы факультеттер аралык мамлекеттик проедметтерди окутуу кафедрасынын окутуучусу Алтынай Сайдалиевага ыйгарылды.
Ал эми жогорку илимий жетишкендиктерге жетишкен окумуштуулардын рейтинги жарыяланып, университеттин 14 кызматкерине акчалай сертификат, Ардак грамота жана Ыраазычылык каттар тапшырылды.
1-орундун ээси экономика жана башкаруу факультетинин окутуучусу, доктор Кашиф Хасан Хандын айтымында, ал экономика жаатында бир нече китептерди жана илимий макалаларды жарыялаган. Мындай иш-чаралар бир гана окутуучулар үчүн эмес, илимге салым кошууну каалаган бардык жарандар үчүн да маанилүү болуп, алдыга жылууга жакшы шык берет.
Ал эми философия илимдеринин кандидаты Гүлнура Дыйканбаевага доцент окумуштуулук наамы ыйгарылды.
Ошондой эле университеттин окумуштууларынын жетекчилиги астында илимий изилдөөлөргө активдүү катышып, долбоорлорун ишке ашырып жаткан 19 студентке ыраазычылык каттар ыйгарылды. Алардын арасында IT-факультетинин 3-курсунун студенти Иса Касымбек уулунун илимий ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтери өзгөчө белгиленди. Ал AlaTooGPT жасалма акыл долбоорунда активдүү катышкан. IR клубу уюштурган “БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын Кыргызстан үчүн ролу” темасындагы эссе сынагында 1-орунду ээлеген.
Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө арналган иш-чара университеттин жашоосундагы маанилүү окуя болду. Ал окутуучуларды, студенттерди жана кызматкерлерди бириктирип, мындан аркы илимий эмгектерди жаратууга мыкты мүмкүнчүлүк түздү.
Комментарийлер