АЭУ ETH Bishkek Хакатонунда коло медаль утту

  • 03.12.2025
  • 0

Жакында эле “Ала-Тоо” Эл аралык университетинин эки командасы Борбордук Азиядагы алгачкы Ethereum хакатону – ETH Bishkek иш-чарасына катышты. Командалардын курамына инженерия жана информатика факультетинин киберкоопсуздук жана этикалык хакерлик кафедрасынын студенттери Амир Шаяхметов, Алмазбек Базарбеков, Амина Кадыркулова, Тимур Рахматулаев жана Кутман Сулайманов болушту. Иш-чара Технопаркта өтүп, Ethereum жана Web3 багытындагы инновацияларды өнүктүрүү үчүн ири платформага айланды.

АЭУ ETH Bishkek Хакатонунда коло медаль утту

Мета-холлдо уюштуруучулар катышуучуларга эрежелерди, калыстардын критерийлерин жана иш-чаранын графигин түшүндүргөн киришүү сессиясын өткөрүштү. Студенттердин айтымында, уюштуруунун деңгээли бардык күтүүлөрдөн жогору болду: катышуучуларга күнүнө үч маал тамак берилди, ошондой эле продакт-менеджерлер, иштеп чыгуучулар жана маркетологдор менен күн сайын воркшоптор уюштурулуп турду. Адистер актуалдуу идея тандоого жардам берип, анализ ыкмаларын жана иштеп чыгуу ыкмаларын түшүндүрүштү. Менторлор жана ыктыярчылар дайыма жанында болуп, бардык суроолорго жооп беришти.

“Биз оюн индустриясы үчүн төлөм чечимдери боюнча адистешкен Xsolla компаниясынын трегин тандадык. 48 сааттык интенсивдүү иштин жүрүшүндө ички оюн экономикасын анализдөөгө жана лутбокстордогу луттун түшүшүн көзөмөлдөөгө арналган The Watchman аттуу дашборд түздүк. Бул инструмент оюн иштеп чыгуучуларга монетизация менен колдонуучу тажрыйбасын тең салмактоого жардам берет. Долбоорду иштеп чыгууда Claude Code жасалма интеллект инструментин пайдаландык. Андан кийин демо-видео тартып, YouTube’га жүктөп, хакатондун платформасына жөнөттүк. Натыйжаларды күтүү өзүнчө эле сыноо болду. Акырында биз үчүнчү орунду ээлеп, $2000 жана $600 сыйлык алдык.

АЭУ ETH Bishkek Хакатонунда коло медаль утту

ETH Bishkek биз үчүн жөн гана сынак эмес, команда менен иштөө, Web3 экосистемасына терең кирүү жана дүйнөнүн ар бурчунан келген адистер менен тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү болду. IT тармагында өнүккүсү келгендердин баарына хакатондорго катышып көрүүнү сунуштайбыз – бул уникалдуу билим алуу жана өсүү форматы”, – деп белгилешти АЭУнун командасынын мүчөлөрү.

Бөлүшүү

Комментарийлер