АДАМДАН ЧЫККАН АСЫЛ ЖАН ЭЛЕ, БУРУЛКАН!

  • 07.08.2019
  • 0

Өлкөбүздүн билим берүү жана илим тармагы орду толгус чоң жоготууга учурады.

2019-жылдын 7-августунда техника илимдеринин доктору,   Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Бурулкан Төлөбекова 66 жаш курагында күтүүсүз кырсыктан кайтыш болду.

АДАМДАН ЧЫККАН АСЫЛ ЖАН ЭЛЕ, БУРУЛКАН!Ал 1953- жылы 23- февралда Талас облусунун Манас районундагы Ак — Таш айылында төрөлгөн.

Бурулкан Төлөбекова Кыргыз кыз — келиндер институтунда студент кезинде эле Кыргыз ССР Жогорку Кенешинин депутаты болгон. Окууга дилгир Бурулкандын ысымы ошондо эле коомчулукка дайын болуп, айылдан келген чыйрак кызды студенттер суктануу менен карашчу. Билим көздөгөн зирек кыз окуусун ийгиликтүү бүтөөрү менен илимдин артынан сая түшүп, бул тармакта натыйжалуу иштеп, чоң ийгиликтерге жетишкен.

Азыркы учурда Кыргыз Улуттук илимдер академиясында геомеханика жана тоо кендерин изилдөө институтунда лаборатория жетекчиси, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин профессору болуп үзүрлүү эмгектенип жаткан эле.

Бурулкан Төлөбекова 3 баланы, 11 неберени тарбиялап өстүргөн бактылуу эне, сүйүктүү жар болчу.

Ал өтө эмгекчил, адамгерчилиги бийик жаркылдаган жакшы инсан эле. Бурулкандын мыкты сапаттары бир канча муундун өкүлдөрүнө үлгү болчу. Эмгек жамаатында иш-билги жетекчи, тажрыйбалуу устат, курбу-курдаштарына табылгыс дос эле. Бурулкан Төлөбекованын жаркын элеси жакындарынын эсинде түбөлүккө сакталып калат. Үй-бүлөсүнө, балдарына, неберелерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, Бурулкан!

Жакын туугандары, курбу-курдаштары, достору

 

Бөлүшүү

Комментарийлер