АДАБИЯТ — КӨРКӨМ СӨЗДҮН УЛУУСУ, РУХАНИЯТТЫН СУЛУУСУ

  • 12.12.2025
  • 0

12-декабрь — ар бир кыргызстандык атуул үчүн улуу кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүн, руханий дөөлөтүн жана акылмандыгын даңазалаган Улуттук адабият күнү. Бул күн Ала-Тоодон ааламга үн салган улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана көркөм табылгалары аркылуу жаңычылдыктын жышаанын жар салган акын Алыкул Осмоновдун кайтыш болгон күнү менен шайкеш келип, улуу күндүн урматына «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин лицейлери Улуттук адабият күнүн белгиледи.

АДАБИЯТ - КӨРКӨМ СӨЗДҮН УЛУУСУ, РУХАНИЯТТЫН СУЛУУСУ

«Сейтек» толук эмес мектебинде салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп, акын-жазуучулардын өмүрү жана чыгармачылыгы көркөм окуу, сахналык көрүнүштөр жана обондуу ырлар менен коштолуп белгиленди» деп кафедра башчы Айгүл Исмаилова билдирди.

АДАБИЯТ - КӨРКӨМ СӨЗДҮН УЛУУСУ, РУХАНИЯТТЫН СУЛУУСУ

Ал эми «Курманжан Датка лицейинде тажрыйбалуу педагог Аширгул Токтомаматова Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» повести боюнча ачык сабакты жалпыга тартуулады. Ассистент мугалимдер сахналык көрүнүштөрдү жогорку деңгээлде тартуулашкандыгын кафедра башчы Гүлбарчын Амирбекова баса белгиледи.

АДАБИЯТ - КӨРКӨМ СӨЗДҮН УЛУУСУ, РУХАНИЯТТЫН СУЛУУСУ

“И.Раззаков атындагы лицейде кыргыз тили жана адабияты мугалимдери тарабынан бүйүр кызыткан интеллектуалдык мелдеш жана окуу мүнөттөрү өткөрүлүп, жеңүүчүлөр сыйлыктар менен даңкталды,» — деп кафедра башчы Айкокуль Суюнова маалымат берди.

Кадамжай «Семетей» лицейинде Ч.Айтматовдун чыгармалары боюна китеп окуу маданиятын көтөрүү максатында “Мыкты окурман” сынагы өтүлгөндүгүн маалымдады.

АДАБИЯТ - КӨРКӨМ СӨЗДҮН УЛУУСУ, РУХАНИЯТТЫН СУЛУУСУ

Токмоктогу Жусуп Баласагын атындагы лицейинин кафедра башчысы  Кумаркүл Иманалиева «Ч.Айтматов — аалам алпы, А.Осмонов — адам асылы» адабий кече уюштурулгандыгын кабарлады.

Жалпы адабият күйөрмандарын координатор Жеңишбек Абдиназаров: «Кыргыз адабиятынын уюткусун көөнөртпөй алып келе жаткан акын-жазуучуларыбыздын түбөлүктүү эмгеги бизди шыктандырат, улуулукка жетелейт. Көкүрөккө асылдыктын үрөнүн сээп, тилибизди нарктуулук менен байытып,  дилибизди аруулап, улуттук аң-сезимибизди калыптандырып, маданий, руханий эркиндикке жана ааламдашууга алып барат», — деп сыймыктануу менен куттуктап, башка лицейлер да Улуттук адабият күнүн көз жаздымда калтырган жок деп айтты.

Жеңишбек АБДИНАЗАРОВ, «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин кыргыз тили жана адабияты, мамлекеттик тил координатору

Бөлүшүү

Комментарийлер