“Аалам кезген алп жазуучу — Айтматов” аттуу бир айлык жыйынтыкталды

  • 22.12.2023
  • 0

Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган “Аалам кезген алп жазуучу-Айтматов” аттуу бир  айлыктын жыйынтыгы чыкты.

“Аалам кезген алп жазуучу - Айтматов” аттуу бир айлык жыйынтыкталды

Салтанаттуу кече окуу жайдын тарых-филология факультетинин кыргыз филологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулуп, Кыргыз-Өзбек Эл аралык  университетинин чоң жыйындар залында өттү. Кечеде таланттуу  студенттер Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарып, акындардын жазуучуга арнап жазган ырларын көркөм окуп, обондуу ырларды тартуулашты.

Бир айлыктын жыйынтыктоочу бөлүгүнө Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, проректорлор, профсоюз уюмунун төрагасы,  тарых-филология факультетинин деканы, кафедра башчылары катышты.

“Аалам кезген алп жазуучу - Айтматов” аттуу бир айлык жыйынтыкталды

Университеттин ректору, профессор Абдилбает Асанович бир айлыктын алкагында пландаштырылган иш чаралардын бардыгы аткарылгандыгын айтып, Чыңгыз Айтматов кыргыз элинин сыймыгы экенин белгилеп, чыгармаларында жашоо, жаратылыш, сүйүү, анын ичинде Ата-мекенге болгон сүйүү, согуш  темаларын  өзгөчө чагылдырып бергенине токтолуп, жаштарды  жазуучунун көркөм мурастарын илимий жактан изилдөөгө, таанып билүүгө үндөдү.

Иш чаранын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналып өткөрүлгөн бир айлыктын алкагында конок лекциялардын, «Айтматовду окуйбуз» китеп окуу, билим ринг, ачык сабактардын, илимий семинарлардын, жазуучунун чыгармасынан үзүндүлөрдү аткаруу боюнча уюштурулган сынактардын жеңүүчүлөрү  сыйланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер