№69 МЕКТЕП ГИМНАЗИЯСЫНА ИНТЕРАКТИВДҮҮ ПАНЕЛДЕР ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 05.12.2023
  • 0

Бүгүн 5-декабрда, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь айым Токтогул Сатылганов атындагы №69 мектеп гимназиясына эки интерактивдүү панел тапшырды.

Токтогул Сатылганов атындагы №69 мектеп гимназиясынын директору Сайрагүл Атаева Кытай элчисине мектепке көрсөтүп жаткан жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, эки элдин достугу улана берсин деген тилегин айтты.
— Өзүңүздөр билгендей биздин мектепте кытай тили 2011-жылдан бери окутулуп келет. Акыркы беш жылдын ичинде эле 100 дөн ашык бүтүрүүчүлөрүбүз Кытайда гранттык негизде окуп жатышат. Бул албетте Кытай элчилигинин биздин мектепке болгон салымынын негизинде деп эсептейм. Мына бүгүн дагы биздин мектепте чоң майрам, өзүңүздөр көрүп тургандай Кытай элчилиги дагы да өз жардамдарын көрсөтүп интерактивдүү панелдерди белекке берип жатат, бул үчүн терең ыраазычылык билдиребиз,- деди.

№69 МЕКТЕП ГИМНАЗИЯСЫНА ИНТЕРАКТИВДҮҮ ПАНЕЛДЕР ТАПШЫРЫЛДЫ
Ал эми Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень айым өз сөзүндө Кытай эли менен Кыргыз эли байыртадан коңшу өлкө болуп ынтымакта жашап келишкенин бул достук мындан ары да улана берерин билдирди.
— Бүгүн биз үчүн дагы кубанычтуу күн, себеби бир канча жылдан бери кытай тилин окутуп жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп келе жаткан №69 жана №31 мектеп-гимназияларына  экиден интерактивдүү панелди тапшырганы турабыз. Бул мугалимдер үчүн пайдалуу болуп, окуучулардын мындан ары дагы терең билим алуусуна шарт түзөт деп ишенем. Кызматташтыгыбыз мындан ары да улана берсин,-деди элчи.

№69 МЕКТЕП ГИМНАЗИЯСЫНА ИНТЕРАКТИВДҮҮ ПАНЕЛДЕР ТАПШЫРЫЛДЫ
Иш-чарада атайын класстык саат өтүлүп, окуучулар тарабынан даярдалган чакан салтанат менен коштолуп, эки элдин достугун даңазалаган ыр бийлер аткарылды.

№69 МЕКТЕП ГИМНАЗИЯСЫНА ИНТЕРАКТИВДҮҮ ПАНЕЛДЕР ТАПШЫРЫЛДЫ

 

Бөлүшүү

Комментарийлер