критериалдык баалоо инструменттерин сыноо улантылууда

  • 06.02.2025
  • 0

Кадамжай жана Ысык-Ата райондорундагы 40 пилоттук мектептеги башталгыч класстарда критериалдык баалоо инструменттерин жана методологиясын сыноо улантылууда.

критериалдык баалоо инструменттерин сыноо улантылууда

Инструменттин натыйжалуу сыноодон өтүшүн камсыз кылуу жана Кыргызстандагы жалпы билим берүү мекемелерине натыйжалуу киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында  мастер-тренерлер менен насаатчылар үчүн семинар-тренинг өткөрүлдү.

критериалдык баалоо инструменттерин сыноо улантылууда

Катышуучулар алдыдагы эки ай ичинде мектептерде офлайн жана онлайн форматтарда өтө турган иш-чаралардын планын аныкташты.

Иш-чара Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер