ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАНЫН ТИЛИ — ЭНЕ ТИЛ
- 13.03.2021
- 0
Кара-Көл шаарындагы Фрунзе атындагы №3 жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Маматказиева Назгүл «Элдик педагогиканын тили — эне тил» деген темада семинар өттү.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар чыгармачылык менен изденип иштеген мугалимдин 3 — «А» классындагы интерактивдүү сабагына күбө болушту. Кечеде манас айтылып, мекенчил балдардын чыгармачылыгы зал ичин шаңга бөлөдү.
Улуттук көрөңгөнү, элдик педагогиканы сабакта пайдалануу аркылуу балдардын мекенчилдик сезимдерин өстүрүү чыныгы кыргыз тилчи мугалимдин гана чеберчилиги экендиги айгинеленди.
Элдик педагогика идеясына сугарылган бул сабакта ата-бабалардын көрөңгөлүү сөздөрү чечмеленди. Окуучулар «Суусамыр», «Кара-Көл» деген эки топко бөлүнүп, «Ат адамдын канаты» деген макалдын негизинде жылкынын жашын, аталышын аныкташты. Мисалы: жабагы, кулун, тай, кунан, бышты, ошондой эле «Кунан чабыш» оюну тууралуу түшүндүрмө берилди. Улуттук оюндардын түрлөрүн аныктоо үчүн «Мен журналистмин» ыкмасы колдонулду.
Тесттик таршырмалар берилип, топтор сөздүк иштерди аткарышты. Мугалимдин жаңы технологияларды пайдалануусу, сабактын улуттук көрөңгөгө бай экендиги сабактын ажарын ачты.
— Семинардын тулку бою элдик казынанын улуулугун даңазалайт. Анткени элдик педагогика — алтын казына. Мугалимдин мекенчилдиги, Ата Журтту сүйүүсү, окуучулар үчүн толуп ташкан мээрими, эне тилдин улуулугун даңазалоосу чыныгы педагогдун эмгеги экендиги талашсыз, — дешти мында келген мугалимдер.
А. Алибеков, «Кут Билим»
Комментарийлер