ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАНЫН ТИЛИ — ЭНЕ ТИЛ

  • 13.03.2021
  • 0

Кара-Көл шаарындагы Фрунзе атындагы №3 жалпы билим берүү мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Маматказиева Назгүл «Элдик педагогиканын тили — эне тил» деген темада семинар өттү.

ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАНЫН ТИЛИ - ЭНЕ ТИЛ

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар чыгармачылык менен изденип иштеген мугалимдин 3 — «А» классындагы интерактивдүү сабагына күбө болушту. Кечеде манас айтылып, мекенчил балдардын чыгармачылыгы зал ичин шаңга бөлөдү.

ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАНЫН ТИЛИ - ЭНЕ ТИЛ
Улуттук көрөңгөнү, элдик педагогиканы сабакта пайдалануу аркылуу балдардын мекенчилдик сезимдерин өстүрүү чыныгы кыргыз тилчи мугалимдин гана чеберчилиги экендиги айгинеленди.

ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАНЫН ТИЛИ - ЭНЕ ТИЛ
Элдик педагогика идеясына сугарылган бул сабакта ата-бабалардын көрөңгөлүү сөздөрү чечмеленди. Окуучулар «Суусамыр», «Кара-Көл» деген эки топко бөлүнүп, «Ат адамдын канаты» деген макалдын негизинде жылкынын жашын, аталышын аныкташты. Мисалы: жабагы, кулун, тай, кунан, бышты, ошондой эле «Кунан чабыш» оюну тууралуу түшүндүрмө берилди. Улуттук оюндардын түрлөрүн аныктоо үчүн «Мен журналистмин» ыкмасы колдонулду.

ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАНЫН ТИЛИ - ЭНЕ ТИЛ
Тесттик таршырмалар берилип, топтор сөздүк иштерди аткарышты. Мугалимдин жаңы технологияларды пайдалануусу, сабактын улуттук көрөңгөгө бай экендиги сабактын ажарын ачты.

ЭЛДИК ПЕДАГОГИКАНЫН ТИЛИ - ЭНЕ ТИЛ
— Семинардын тулку бою элдик казынанын улуулугун даңазалайт. Анткени элдик педагогика — алтын казына. Мугалимдин мекенчилдиги, Ата Журтту сүйүүсү, окуучулар үчүн толуп ташкан мээрими, эне тилдин улуулугун даңазалоосу чыныгы педагогдун эмгеги экендиги талашсыз, — дешти мында келген мугалимдер.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер