2023-жылдын «Мыкты мугалими» АКШда стажировкада

  • 15.09.2025
  • 0
Кыргыз-өзбек эл аралык университетинин англис филологиясы кафедрасынын окутуучусу Алекова Элнура дүйнөлүк деңгээлдеги Fulbright TEA (Teaching Excellence and Achievement) программасынын алкагында дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн тандалган алдыңкы мугалимдер менен бирге АКШнын Түндүк Дакота университетине стажировкага барганын аталган университеттин коммуникация департаменти билдирди.
2023-жылдын "Мыкты мугалими" АКШда стажировкада
«Бул мүмкүнчүлүк — Алекова Элнура үчүн гана эмес, жалпы университет үчүн дагы чоң жетишкендик. Анткени, Элнура эжеке англис тилин окутуунун заманбап ыкмаларын үйрөнүп келүү менен, Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттерине дүйнөлүк тажрыйбаны бөлүшүп, алдыңкы жетишкендиктерге жол баштайт деген ишеним бар»,-деп айтылат билдирүүдө.
Элнура Алекова республикалык «Мыкты мугалим» сынагынын 2023-жылдагы баш байгесинин ээси. Кыргыз — Өзбек Эл аралык университеттин алдыңкы бүтүрүүчүсү.
(БК)
Бөлүшүү

Комментарийлер