№2 МЕКТЕПТЕ ЧЫГЫШ ЖАҢЫ ЖЫЛЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 20.01.2023
  • 0

№2 МЕКТЕПТЕ ЧЫГЫШ ЖАҢЫ ЖЫЛЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн Бишкектеги №2 орто мектептин окуучулары корей Жаңы жылын белгиледи. Иш-чарада окуучулар Кореянын жаңы жылдык ырларын ырдап, бийлерин бийлеп, конокторго чакан спектаклдерди көрсөтүштү.  

№2 МЕКТЕПТЕ ЧЫГЫШ ЖАҢЫ ЖЫЛЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бул мектепте корей тили жыйырма жылдан бери окутулуп келет. Учурда 5-11-класстын 200дөн ашуун окуучусу бул тилди үйрөнүүдө.

  • Окуучулар корей тилин абдан кызыгуу менен үйрөнүшөт, сабакка активдүү катышып, заманбап Кореянын жашоосуна кызыгышат. Мектепте бардык шарт түзүлгөн. Телевизор, проектор, окуу адабияттары менен жабдылган атайын корей тили кабинети бар. Сабактарды Кореядан келген волонтерлор жана Корея билим берүү борборунун мугалимдери өтөт. Бишкектеги Корей борбору дайыма мектепке каржылык колдоо көрсөтүп келет. 2014-жылы Кыргызстан боюнча жалгыз биздин мектеп Качон университети менен беш жылдык мөөнөткө академиялык алмашуу боюнча келишимге кол койгонбуз. Ошол эле жылы бүтүрүүчүбүз Кожокулова Айчүрөк бюджеттик негизде Качон университетине тапшырган. 2019-жылы Гимхэ Имко орто мектеби менен да меморандумга кол койгонбуз, — дейт мектептин директору Чынара Маразыкова.

№2 МЕКТЕПТЕ ЧЫГЫШ ЖАҢЫ ЖЫЛЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Чыгыш Жаңы жылы мектепте 2003-жылдан бери белгиленет жана алар түрдүү фестивалдарды өткөрүүнү салтка айлантып алышкан. Окуучулар жыл сайын Бишкек шаарындагы Кореянын Билим берүү борбору тарабынан уюштурулган ар кандай сынактарга, тесттерге, олимпиадаларга катышып турушат.

№2 МЕКТЕПТЕ ЧЫГЫШ ЖАҢЫ ЖЫЛЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  • Учурда Кыргызстан боюнча 26 мектепте 4500дей окуучу корей тилин үйрөнүп жатат. Анда сырткары биздин борбор аркылуу уюштурулган курстарда 1500 киши билим алууда. Арасында бул мектептин да окуучулары бар. Мектептердин ичинен дал ушул окуу жайы эң үлгүлүү. Мындан ары да ушундай кызыгуу менен корей тилин үйрөнүшөт деп ишенемин. Көп жылдардан бери Корея менен Кыргызстан түрдүү тармакта кызматташып келет. Учурда көп кыргызстандык жаштар Кореяда окуп жана иштеп жатышат. Окуучуларга корей тилин жакшы өздөштүрсөңөр силерди алдыда көптөгөн мүмкүнчүлүктөр күтүп турганын айтат элем. Силерде Кореяга барып, билим алып, тажрыйба топтоп, кайра Кыргызстанга келип, өз мамлекетиңердин өнүгүшүнө салым кошконго чоң мүмкүнчүлүк бар демекмин, — дейт Кореянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине караштуу Билим берүү борборунун директору Ким Чжэ Ён.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер