2-КЛАССТАР ҮЧҮН “ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕР” ОКУУ КИТЕПТЕРИ БАСЫЛЫП ЧЫКТЫ
- 18.11.2025
- 0

2025-жылдын 17-ноябрында Агартуу министрлигинин өкүлдөрү “Учкун” ачык акционердик коомунун басмаканасында 2-класстар үчүн басылып чыккан “Табигый илимдер” окуу-методикалык комплекстерин кабыл алышты.
Бул окуу-методикалык комплекстер окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин 2-класстары үчүн жалпы 344 660 нускада басылып чыкты. “Табигый илимдер” окуу китептерин басып чыгарууга 73 271 150 сом каражат жумшалды.
Бөлүшүү
Комментарийлер