№19 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИНИН МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК БАЗАСЫ ЖАКШЫРТЫЛДЫ

  • 10.09.2024
  • 0

9-сентябрда Кемин шаарындагы №19 кесиптик лицейинде фитнес жана эс алуу зоналарынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ачулуу аземине билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу,  Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасындагы Корея эл аралык кызматташуу боюнча агенттиги (KOICA) өкүлчүлүгүнүн башчысы Лим Соён катышты.

Министрдин орун басары №19 кесиптик лицейиндеги шарттарды жакшыртууда KOICA көмөк көрсөтүп жаткандыгын белгилеп, билим берүү тармагындагы долбоорду ишке ашырууда жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле “Жаштардын келечегин кеңейтүү үчүн биз кесиптик лицейлерди колдоого багытталган демилгелер боюнча өз ара аракеттешүүнү тереңдетүүгө даярбыз”, — деди Расул Абазбек уулу.

Бөлүшүү

Комментарийлер