Бактыгүл АКУЛОВА: “ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК ЛИЦЕНЗИЯ БЕРИЛЕТ”

  • 10.12.2025
  • 0

КР Президенти С.Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында КР министрлер кабинетинин төрагасы А.Касымалиев өкмөттүк акселераторлор программасынын алкагында  жүз күндүн ичинде жеке менчик мектептерди лицензиялоону жөнөкөйлөтүү ишин колго алган эле. Ушул кыска аралыкта КР Президентинин администрациясынын жетекчилиги астында тийешелүү мамлекеттик органдар ыкчам иш алып баруу менен алгылыктуу жыйынтыкка келишти.

Эми Агартуу министрлиги билдиргендей жеке менчик мектептерди ачуу жана лицензиялоо тартиби түп-тамырынан жаңыланды. Маалыматка ылайык, мындан ары бардык процесстер толугу менен электрондук форматта жүргүзүлүп, мурдагыдай көп баскычтуу талаптар кыскартылды. Чечимге ылайык лицензия алуу мөөнөтү 30 күндөн 20 күнгө чейин кыскарды.Бул багытта аталган министрлик журналисттер үчүн атайын брифинг өткөрдү. Биз ишке кирген жаңы процесс туурасында кеңири маалымат алуу максатында Агартуу министрлигинин  аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл АКУЛОВАНЫ кепке тарттык.

 

Бактыгүл АКУЛОВА: “ЖЕКЕ МЕНЧИК МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК ЛИЦЕНЗИЯ БЕРИЛЕТ”-Бактыгүл Темирбековна, Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана муниципалдык мектептерден тышкары жүздөгөн менчик мектептер ачылып иштеп жатканын билебиз. Алар кандай талаптар менен ачылып иштеп жатат?

-Өлкөбүздүн аймагында жеке менчик мектептер ачылып иштеп баштоо үчүн КРнын Билим берүү мыйзамынын жана  “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык сөзсүз түрдө лицензия алышы керек. Бул талап көп жылдан бери иштеп келатат. Жаңы кабыл алынган мыйзамда да ушул талап бар. Лицензия алуу маселелери бир нече этаптан турчу ишти өзүнө камтыйт.

Биринчи, жеке менчик мектеп ачууну калаган уюштуруучулар атайын чечим кабыл алып, мектептин уставын дайындап алып, юстиция органдарынан каттоодон өтүшү керек. Юридикалык жак болуп түзүлгөндөн кийин лицензиялоого документтерин даярдап баштайт. Билим берүү ишине лицензия юридикалык жакка берилет.  Себеби, иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо бекитилген, б.а. физикалык жак, жеке ишкерлерге лицензия бере албайбыз. Жеке жактар репетитор катары же жекече тренингдерди өткөрүү жаатында иштей берсе болот. Ал эми мектеп деген бул билим берүү уюму.

Экинчи, юридикалык каттоодон өткөндөн кийин мектеп ачылыш үчүн ага карата керектүү ресурстарды, шарттарды түзүү парз.  Ресурстар булар материалдык-техникалык камсыздоо, кадрдык жана окуу-методикалык камсыздоо ж.б. Мында, мектеп жайгашуучу имарат өрт коопсуздугуна жана санитардык талаптарга туура келиши зарыл. Абдан чоң маселе имаратты кайра профилдөө багытында болуп келет. Ижарага берген имараттын ээси кайра профилдөөгө каршы, ал эми имараттын функцияналдык багыты башка. Бул учурда көп терс чечимдер болуп келген.  Имаратты даярдоодо жабдуулар да мааниге ээ, анткени мектеп билим берүүсү тармагында санитардык талаптар бар. Санитардык талаптар адам өмүрүнүн коопсуздугуна карата иштелип чыккан жана ал талаптарды бузууга болбойт. Материалдык камсыздоо менен бирге окуу-методикалык жана кадрдык камсыздоо да абдан дыкат мамилени талап кылат. Анткени, сапаттуу билим берүү билим берүүчүнүн сапатынан да көз каранды.

Үчүнчү, бардык документтерди жыйнагандан кийин министрликке арыз менен кайрылуусу шарт. Арызга тиешелүү документтер тиркелет. Министрлик лицензия берүүгө келип түшкөн арыз боюнча текшерүү иштерин жүргүзүп, андан кийин лицензия берүү же лицензия берүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алат. Мамлекеттик мектеп лицензияланбайт, жеке менчик мектеп гана лицензияланат.

-Эми Өкмөттүк  акселераторлор программасы башталганга чейинки жеке менчик мектеп ачуунун түйшүгү көп болгондуктан жылдап лицензия ала албай убара тартышчу эле. Буга чейин кимдерге кандай шартта лицензия алып келишкен? Ошол туурасында кеп кылсаңыз?

-Туура айтасыз. Бул маселе айрым учурда имаратты кайра профилдөө менен байланышкан болсо, айрым учурларда лицензия алуучунун жоопкерчилигине, б.а. документтерди кылдат даярдап тапшыруусуна байланыштуу, ошону менен бирге арыздарды кароо процедурасынын узактыгында болчу. Жеке менчик мектеп менчик имаратта гана жайланыш керек деген норма жок. Имаратты ижарага деле алса боло берет. Имаратты ижарага алып жана тиешелүү эмеректер менен мектепке ылайыктап жабдыгандан кийин Саламаттык сактоо министрлигине санитардык нормаларга жана талаптарга жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өрткө каршы талаптарга имарат туура келеби деген арыз менен кайрылышчу. Ал мамлекеттик органдар арыздарды карап чыгып имарат балдарды окутууда адам өмүрүнө коркунуч алып келбейби деген маселеге дыкат көңүл бурушуп тиешелүү корутунду беришчү.   Эгерде имарат функционалдык багыты билим берүү мекемесине туура келбесе кайра профилдөөгө барсын деп  жазып берчү.  Кайра профилдөө ишинде архитектура органдары менен иштеп, имарат функционалдык колдонуу багыты өзгөртүлүшү керек.

 Кайра профилдөөнүн түйшүгү көп болуп, бир топ каражатты талап кылгандыктан иш алты айга чейин узарып кетчү. Каражат маселеси дегенде окурмандар башкача түшүнүп алышат, кайра профилдөөгө кетүүчү чыгымдар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамдаштырылган десем туура болчудай.

Имарат менен алектенүү учурунда паралеллдүү түрдө окуу китептери, окуу планы жана окутуучуларды да камсыздоосу зарыл. Жогоруда белгиленген документтер даяр болгондо  лицензия алуучу биздин министрликке арыз беришчү. Арыздын ичине бардык тийешелүү документтер кагаз түрүндө тиркелүүсү шарт. Арыз министрликте катталгандан кийин лицензиялоо бөлүмү үч күндөн беш күнгө чейин текшерип, документтин ичинде бир эле кагаз жок болуп калса, толук эмес деп кайра кайрып берчү.

Эгерде документтер толук тапшырылган  болсо комиссия түзүлчү. Буйрук чыкканча дагы бир жума убакыт өтчү. Буйрук чыккандан кийин комиссия ал ачыла турган окуу жайга барып, үч күн, алыс жерде болсо беш күндө жетип, текшерип, кайра келип корутунду дайындап берчү. Корутундуну  атайын лицензиялык кеңеш бир айда бир жолу эле карачу. Айрым учурларда кеңештин отуруму объективдүү себептерден улам кийинки айга жылып калчу.

Ошентип бул жактан лицензия берилсин деген чечим кабыл алынгандан кийин компьютерден тапшырыкты толтуруп алып, типографияга жөнөтүп, ал жактан да бир топ машакаттан соң лицензиянын бланкасын даярдап келгенче баары болуп 45 күн өтүп кетчү.  Юридикалык жакты каттоо да бир ай убакытты алчу. Ошентип жеке менчик мектеп ачам деген киши төрт айдан ашык убакыт убараланчу.

-Сиз жоопторуңузду өткөн чак менен бердиниз. Эми кандай болуп өзгөрмөй болду?

-Мамлекеттик жана муниципалдык мектептерде ар бир класста окуган балдардын саны нормадан ашыкча. Бул көйгөй өзгөчө Бишкек, Ош жана Манас шаарларында, о.э. Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында орун алган.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы А.Касымалиев ушул жылдын  4-августунда өлкөбүздө жеке менчик мектептерди ачууда лицензия берүүнү жөнөкөйлөтүү боюнча  “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ишке ашыруу боюнча протоколдук тапшырма берген.

Өкмөттүк акселераторлор программасына ылайык лицензия берүүдө тиешеси бар бардык мамлекеттик органдар биригип, б.а. баарыбыз бир тапшырманы аткаруунун алкагында иштедик. Ушул 100  күндүн аралыгында биз эмнеге жетиштик?

Биз лицензия берүүнү эле жөнөкөйлөтпөстөн, бул тармакта мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү бюрократиядан да арылттык деп айтсак болот. Акселератордун жыйынтыгы менен:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин лицензия берүү ишин жөнгө салган токтому кабыл алынды;

— жеке менчик мектеп ачуучулар мындан ары мектептин уставын министрлик менен макулдашуудан өткөрбөйт;

— лицензияга чейинки текшерүү жүргүзүү боюнча комиссиялар мындан ары иштебейт;

— лицензия берүү боюнча Министерликке караштуу лицензиялык кеңеш жоюлду;

— Саламаттык сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтери тиешелүү корутундуну 30 күндүн ордуна 3-7 күндүн ичинде берет;

— лицензия алууга берилген арыз министрликте 30 күндүн ордуна 20 күнгө чейинки убакытты алат;

— лицензия алууга тиешелүү документтер толугу боюнча автоматташтырылды;

— коррупциялык тобокелдикти жоюу максатында лицензия алуучу менен мамлекеттик кызматкерлердин ортосундагы физикалык байланыш жокко чыгарылды;

— электрондук лицензия берүү ишке киргизилди.

-Имаратты кайра профилдөө боюнча кандай чечимге бардыныздар?

-Имаратты кайра профилдөө маселеси жеңилдеди, анткени, мындан ары имарат функционалдык багытына карабастан, б.а. имараттын техникалык паспортундагы жазууга карабастан, эгерде мектепке коюлуучу санитардык талаптарга жана эрежелерге туура келсе, анда мектеп ачуу кайра профилдөөсү жок жүргүзүлөт. Бул боюнча Саламаттык сактоо тармагында атайын буйрук чыгарылып, учурда тиешелүү токтом долбоору иштелип жатат.

—  Лицензиялоо ишинде электрондук система кандай иштейт. Ушуга токтоло кетсениз?

 — Өлкөбүздүн өнүгүү багытына ылайык лицензиялоо процедурасын автоматташтыруу мезгил талабы. Санариптештирүүнүн алкагында бардык мамлекеттик органдар өз кызматтарын автоматташтырууда.

Эми менчик мектепти юридикалык жак катары каттоо онлайн эле жүргүзүлөт. Мурдагыдай уставды алып, Юстиция министрлигине барып, арыз берип коюп кайра эки жума күтүп, туура эмес болсо кайра барып дегендей маселелердин баары жоюлган. Юридикалык жактын  уставы Агартуу министрлиги менен макулдашуу (бул процедура мурда кеминде эки жумага созулчу) жүргүзүлбөйт. Мектептин типтүү уставы Министрлер Кабинети тарабынан атайын токтом менен бекитилген. Жеке менчик ачуучулар ошол типтүү уставды үлгү кылып алып, өздөрү эле устав жазып, бекитип, Юстиция министрлигинде онлайн каттала беришет. Юридикалык жак катары каттоодо кыйынчылык жаралбасы үчүн атайын роликти дайындатып, автоматташтырылган системага жайгаштырып койгонбуз.

Юстиция министрлигинен катталган мектептин директору  https://license.edu.gov.kg шилтемеси аркылуу кирсе эле система ачылат. Юридикалык жактын 14 сандан турган жеке номерин тергенде мектеп жөнүндө бардык маалымат системадан чыгып калат. Ушул системанын ичинен эле кайсы имаратты сатып же арендага алган болсо ошол имараттын ЕНИ кодун жазганда система түптүз эле кадастр кызматынын базасынан имарат кайсы даректе, ээси ким деген сыяктуу тиешелүү маалыматтарды чыгарып берет. Мектеп ээси имаратка укук берүүчү документти эле киргизет.

Эми Саламаттык сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине да корутунду үчүн барышпайт. Системадан автоматтык түрдө арыз жөнөтөт. Бул арыздар тиешелүү министрликке барып түшкөндөн кийин эле каттоого алынат. Себеби  акселератор программасынын алкагында жеке менчик мектептердин санитардык жана өрт талаптарына текшерүү арызын кароо 30 күндөн үч, жети күнгө кыскартылган. Бул жерде мектептин директору эч жакка барбай эле үйүндө олтуруп керектүү документтин баарын система аркылуу бүтүрө  алат. Мурда санитардык эпидемология менен өрт коопсуздугу боюнча уруксатты  кагаз түрүндө алып келишсе, бул эми системага келип түшүп калат. Системага ал корутундулар келип түшкөнгө чейин (3-5 күн) окуу планы, окутуучулар, китептер жөнүндө маалыматтар системада даяр болуусу шарт.

Системага мугалимдин жеке номерин жазса эле мугалимдин аты-жөнү чыгат. Система Ички иштер жана Саламаттык сактоо министрликтеринин системалары менен интеграцияланган. Ошол себептен мугалимдин соттуулугу барбы, ден соолугунун көрсөткүчтөрү боюнча тыюу салынган тизмеге кирген эмес ж.б. маалыматтар түз алынат. Мектеп жетекчиси мугалимдин дипломун сканерлеп тиркеп коет, анткени окутуучу сабагы менен мугалимдин квалификациясы туура келүүсү лицензиялык талап.

 Окуу планы да базистик окуу планынан автоматтык түрдө түзүлөт. Окуу планына ылайык министрлик сунуштаган окуу китептери да системага киргизилген. Мектеп ачуучулар кошумча окуу китептерин киргизе алышат.

 Лицензия берүүгө каралган 1000 сом өлчөмүндөгү мамлекеттик төлөмдү мурда банкка барып төлөсө азыр системанын ичинде эле QR төлөм жүргүзөт.

Бардык талап кылынуучу документтер системада толтурулгандан соң арыз берүү боюнча кнопка  чыгат. Кнопканы баскандан кийин бизге арыз келип түшөт. Ошол эле күнү министрликте ЭДС системасына арыз катталат. Катталгандан кийин 10 күндүн ичинде лицензиялоо бөлүмү арызды текшерип, тиешелүү кызматкер системанын ичине эле корутунду жазат.  Бардык талаптар каралып атайын бекитилген лицензиялык талаптарга туура келер, келбеси текшерилгенден кийин  кызматкер электрондук кол тамга менен тастыктаган учурда автоматтык түрдө корутунду чыгат. Корутундудан бардык талаптар туура келет деп чыкса автоматтык түрдө лицензия берүү жөнүндө буйрук генерация болот. Биз бир да тамганы өзгөртүүгө укугубуз жана мүмкүнчүлүгүбүз жок. Буйрук чыккандан кийин ошол убакта электрондук лицензия арыз берүүчүнүн жеке кабинетинде пайда болот. Ушул процедура эң көп дегенде  20 күнгө гана созулат. Бул автоматташкан система  иштелип ишке киргизилди. Система бардык тиешелүү мамлекеттик органдардын системалары менен интеграцияланды.

-Ошондо акселератордун алкагында  уруксат берүүчү тийешелүү мекемелер үч күндө бүтүмүн берет турбайбы?

-Ооба. Саламаттык сактоо жана өзгөчө кырдаалдар министрликтери кыска мөөнөттө корутунду берет. Агартуу министрлиги лицензияны мыйзамда 30 күн деп каралганына карабай, 20 күндүн ичинде берүү чечими кабыл алынды. Ашыкча бюрократиялык иш-чаралар жокко чыгарылды.

-Комиссия деген жок, эч ким барып текшербейби?..

-Ушул жерге биз мындай талап киргиздик: мектеп ачуучу ошол мектептин имаратынын ичиндеги материалдык техникалык камсыздоо, эмерек, окуу методикалык, окутуучулар менен камсыздоону, адам өмүрүнө коопсуздук жараптоо маселелерине өзү жеке керт башы менен жооп берет. Анткени системага киргизген маалыматы туура болушу керек. Лицензиялоо мыйзамында ишкердин ак ниеттүүлүк принциби деген бар. Ишкердин ак ниеттүүлүк принцибинин негизинде лицензия беребиз.

Лицензиялоого документтерди даярдап жаткан мезгилде система максималдуу түрдө жөнөкөйлөтүлүп, техникалык каталардын кетип калуусу четтетилген. Мурда кагазга чыгарып, ката болсо деле арыз келе берчү. Азыр андайлардын баарысы четке чыкты. Туура эмес болсо система арызды жөнөтпөйт. Мисалы имараты туура келбей, уруксат кагаз берилбесе (санитардык талапка туура келбейт деген корутунду болсо) арыз жөнөтүлбөйт.

Лицензияны тез бергенден кийин, алты ай өткөндө лицензиялык көзөмөл болот. Лицензияны алгандан кийин мектеп жетекчиси бардык лицензиялык талаптарды сактоо менен иш жүргүзүүгө милдеттүү.

-Жеке менчик мектеп ачам деген тараптар менен кандайча иш алып барып жатасыздар?

-Мектеп ачат элем дегендерди тынымсыз окутуудабыз. Азыр 78 адам өз каалоосун билдирди. Көпчүлүгүнүн имараты деле даяр эмес. Планында мектеп ачып жардам берсемби дегендерге кантип, кандайча кадамдарга барыш керектигин айтып түшүндүрүүдөбүз. Аймактардагы Президенттин ыйгарым укукту өкүлдөрү менен да биргеликте иштеп жатабыз. Аларга мектепке ылайыктуу болгон мамлекеттик, муниципалдык  мекемелер болуп калса, мектеп ачам дегендерге уруксат бергиле деген сунуш берилген.

Автоматташтырылган системада бардык колдонуучулар үчүн нускамалар даярдалып, жайгаштырылган. Документтерди даярдоо этабында тынымсыз колдоо көрсөтүлүп жатат.

-Автоматташтыруунун эн негизги максаты эмнеде?

-Негизги максаттардын бири лицензиялоо процедурасын бюрократиядан арылтуу жана коррупциялык тобокелчиликтерге жол бербөө.

Аңемелешекен Майрамбек ТОКТОРОВ,

“Кут Билим”              

Бөлүшүү

Комментарийлер