Бала бакча башчыларын тандоо сынагында 118 талапкер

  • 09.12.2025
  • 0

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүтүрүү департаменти бүгүн мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак өткөрүүдө.

Сынак Бишкекте Кыргыз улуттук университетинде жана Ошто ОШМУда компьютердик тест форматында өтүп жатат. Сынакка республика боюнча сынактын 1-турунан өткөн 118 талапкер катышууда.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына сынак жарыялап, сынактын 1-туруна 166 талапкер катышкан. Алардын ичинен 118 талапкердин документтери Жободо жазылган талаптарга жооп берет деп табылса, 48 талапкердин документтери талапка жооп бербейт деп аныкталган.

Жыйынтыгында Республика боюнча 410 мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундары үчүн жүргүзүлүп жаткан сынактын 2-туруна 118 талапкер катышууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер