18 кесиптик лицейден 303 окуучу жайкы лагердин биринчи агымында эс алууда

  • 03.07.2026
  • 0

Бүгүн, 3-июлда, Ысык-Көл облусунда кесиптик лицейлердин окуучулары үчүн 2026-жылдагы жайкы эс алуу жана ден соолукту чыңдоо лагеринин расмий ачылышы өттү. Салтанаттуу иш-чарада окуучулар ыр-бийлерди аткарып, «Манас» эпосунан үзүндү айтып, концерттик программа тартуулашты.18 кесиптик лицейден 303 окуучу жайкы лагердин биринчи агымында эс алуудаАчылыш аземине Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова катышып, мындай лагерлер жаштардын ден соолугун чыңдоо менен катар өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген теңтуштары менен таанышып, достук мамиле түзүүсүнө жана жайкы эс алууну мазмундуу өткөрүүсүнө кеңири мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.18 кесиптик лицейден 303 окуучу жайкы лагердин биринчи агымында эс алуудаЫсык-Көл облусунун Кош-Көл айылындагы №85 кесиптик лицейинин базасында жайгашкан «Келечек» эмгек жана эс алуу лагеринин биринчи агымына өлкөнүн 18 кесиптик лицейинен 303 окуучу катышууда. Жалпысынан быйылкы жайкы эс алуу мезгилинде төрт агым уюштурулуп, ар биринде окуучулар 10 күндөн эс алышат.

Лагерге өлкөнүн бардык аймактарындагы башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында билим алып жаткан социалдык жактан колдоого муктаж окуучулар тартылган. Алар үчүн ден соолукту чыңдоочу, спорттук, маданий жана чыгармачылык иш-чаралар, интеллектуалдык оюндар, эмгек практикасы, экскурсиялар жана өнүктүрүүчү тренингдер өткөрүлөт.18 кесиптик лицейден 303 окуучу жайкы лагердин биринчи агымында эс алуудаЖайкы эс алуу жана ден соолукту чыңдоо программасы Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин иш-чаралар планынын негизинде жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте уюштурулуп, окуучулардын коопсуздугун камсыздоо менен ишке ашырылууда.

Асел Кенжебек кызы, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер