12 ЖЫЛДЫК МЕКТЕП: БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК СТАНДАРТТАРЫ ТАЛКУУГА АЛЫНУУДА
- 08.01.2025
- 0
Бүгүн, 8-январда, Билим берүү жана илим министрлигинде «Мектепке чейинки билим берүүнүн жана жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарын» талкуулоо, предметтик стандарттын макетин түзүү жана окуу планынын түзүмүн иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун жыйыны өтүүдө.
Уюштуруучулардын айтымында, бул маанилүү иш-чаранын максаты мамлекеттик билим берүү стандарттарын талкуулоо (мектепке чейинки жана жалпы билим берүү); фундаменталдык документ катары мектептик билим берүүнүн ар кандай баскычтарында предметтик стандарттарды иштеп чыгуу талаптарын жөнгө салуучу жалпы билим берүүчү мектеп үчүн предметтик стандарттын бирдиктүү моделин түзүү болуп саналат.
Бул жыйын Мамлекеттик билим берүү стандартын (мектепке чейинки жана жалпы билим берүү) талкуулоо жана аны Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын кароосуна, андан кийин коомдук талкууга киргизүү; предметтик стандарттардын түзүмүн жана бөлүмдөрүн аныктоо жана макулдашуу; башталгыч жана орто мектептердин окуучуларында кандай билимдерди, жөндөмдөрдү, көндүмдөрдү жана компетенцияларды өнүктүрүү керектигин аныктоо; Кыргызстандын жана дүйнөнүн практикасын эске алуу менен билим берүү программаларын иштеп чыгуунун жалпы ыкмаларын талкуулоо милдеттерин өз алдына койгон.
Белгилей кетсек, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Жаңы жыл алдындагы өзүнүн отчеттук маалымат жыйынында 2025-жылы аткарылуучу иштердин катарында 12 жылдык мектепте билим берүүнүн жаңы билим берүү стандартын, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн предметтик стандарттарын иштеп чыгуу милдети турганын баса белгилеп айткан болчу.
P.S. Талкуу эртең, 9-январда, да уланмакчы.
Комментарийлер