Методикалык иштер

ҮЧ БУРЧТУК ЖАНА АНЫН ТҮРЛӨРҮ
  • 16.09.2022
  • 0
Бир түз сызыкта жатпаган үч чекиттен жана аларды удаалаш эки-экиден туташтыруучу үч кесиндиден түзүлгөн фигура үч бурчтук деп аталат.Үч бурчтуктун 3 чокусу,3 бурчу,3 жагы бар.Үч бурчтуктун 3 жагы жана 3 бурчу негизги элементтери деп аталат.Үч бурчтуктун А,В,С чокуларына карама-каршы жаткан жактарды тиешелүү түрдө а,в,с тамгалары менен да белгилөөгө болот.Анда ВС=а,СА=в ,АВ=с.Ал эми бурчтарын < А,<В,<С же <САВ,<АВС,<ВСА деп белгилөөгө мүмкүн.Аларды үч бурчтуктун ички бурчтары деп айтабыз.Ал эми АВС үч бурчтугу дегенди ▲АВС белгиси менен белгилеп жаза баштайбыз
КОММУНИКАТИВДИК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТҮ КАЛЫПТАНДЫРУУНУН ЖОЛДОРУ
  • 16.09.2022
  • 0
Маалымат технологиясынын күрдөөлдүү убагы күндөн күнгө маалымат айдыңын жаңы сөздөр менен байытып, дүйнөлүк тилдерди билүү, пайдалануу зарылчылыгы кыргыз тилинин барк-баасын басмырлап турган учурда, замандын талабына шайкеш келүүсү үчүн көпчүлүк ата-энелер балдарын орус, англис  тилдүү мектептерге берип, эне тилинин окутуу методикасы 20-30 жыл артта калган мезгилде өз мекенибизде өз эне тилибиздин колдонулушу, сакталып калышы үчүн максималдуу күч-аракеттерибизди жумшачу мезгил келди деп эсептейм. Башка улуттарды мындай кой, кыргыздын эле балдары ачык эле тил билүүнүн зарылчылыгы жок деп, негиз катары супсак өтүлгөн сабактарды күнөөлөшүүдө. Анда ойлонуп көрөлүчү, эмне себептен балдар сабатсыз, кабыл алуусу, ой жүгүртүүсү төмөн, кепке кемтик, сөзгө чоркок болуп чыгууда? Балким, биздин бири-бири  менен байланышпаган илимий сабактарыбыздан болуп жүрбөсүн?
ЛИТОСФЕРА
  • 12.09.2022
  • 0
ЭТНОПЕДАГОГИКА БИОЛОГИЯ САБАГЫНДА
  • 08.09.2022
  • 0
Этнопедагогика элдик таалим-тарбияны үйрөтүүчү педагогика илиминин бир тармагы болуп саналат. Бул илим салттуу маданият, элдик оозеки чыгармачылык жана санжыра менен түздөн-түз байланышкан. Демек макал-лакаптар, үрп-адаттар, ооз эки чыгармалар, улуттук оюндар ж.б кирээрин бардыгыбызга эле белгилүү болсо керек.     Мен өзүмдүн көп жылдык тажрыйбаларымды карап көрсөм жыйынтыгы жаман болгон жок. Балдар сабакты өздөштүрүп жатканда, темага ылайыктуу макалдарды же болбосо уламышты же жөн гана үрп адаттарыбызды маанисин жана келип чыгышын анализдей башташат. Бул өсүп жаткан жеткинчектерибиз үчүн чоң жетишкендик. Мына ошондуктан өзүмдүн  ыкмаларымды кесиптештерим менен бөлүшүп кетүүнү туура көрдүм.
СЕРГЕК ЖАШОО МҮНӨЗҮ
  • 07.09.2022
  • 0
Толук баалуу тамактануу – өнөкөт оорулардан сактанууга көмөк көрсөтүүчү,  денени сулуу көрсөтүүчү жана энергия  бере турган тең салмакталган рацион. Окуучулук куракта өзүнүн тамактануусуна  көңүл буруу абдан маанилүү. Анткени ошол мезгилде адамда чоң өзгөрүүлөр жүрөт. Өспүрүм тез өсө баштайт. Денеси калыптанат. Ошондой эле күн сайын акыл – эс көбөйөт. Ошондуктан ар күнү тамактануу аркылуу пайдалуу жана керектүү белоктор, углеводдор, майлар, витаминдер жана минералдардын организмге жетип турушу маанилүү. Андан тышкары жаш чакта калыптанган туура тамактануу адаттары узак жылдарга сакталып кала берет.