ЭТНОПЕДАГОГИКА БИОЛОГИЯ САБАГЫНДА

  • 08.09.2022
  • 0
ЭТНОПЕДАГОГИКА БИОЛОГИЯ САБАГЫНДА

 

ЭТНОПЕДАГОГИКА БИОЛОГИЯ САБАГЫНДАКоомубузда болуп жаткан кескин ɵзгɵрүлɵрдүн таасири астында мурдагы муундардан  түп тамыры менен ɵзгɵчɵлɵнгɵн жаңы муун калыптанып келе жатат. Алар  компьютерге сүңгүп кирип, интернет айдыңында эркин сүзүп жүрүшɵт. Мурунку муундардай изденип, китеп окуп, материал издеп убара болушпайт. Интернетти ачса, бардыгы даяр, башкача айтканда эч бир эмгексиз даяр оокатка  көнүштү. Натыйжада  окууга да кош көңүл болгон жеткинчектер көбөйүүдө. Ошону менен бирге каада-салт, нарк-насилибизди бияка кой, эне тилибизди (өзгөчө шаар жергесиндегилер) жээрип, кыргыз мектепте окушса да, орус тилинде сүйлөшкөн балдарды көп кездештиребиз.                                                                                               

Артка кылчайып элибиздин тарыхына кайрылып көрөлү. Эч кандай мектеп эмне экенин билбей, тамга жөнүндө түшүнүк жок, а түгүл мугалимсиз, күчтүү тарбия берип, азыркы учурдагы  илимдерди макал-лакаптар, жөө жомоктор, уламыштар менен далилдеп келишкен. Баланын өз алдынча өсүүсүнө, сүйлөө этикасынын үйрөнүшүнө, сөз байлыгынын көркөмдүүлүгүнө, ой жүгүртүүсунө маани берип “Жигитти намыс өлтүрөт, коëнду камыш өлүтүрөт,, деп эркек балдарды намыскөй, эр жүрɵк, эмгекчилдикке үндөсө, кыз балдарга “Кыздуу үйдө кыл жатпайт,, деп тазалыкка үйрөткөн. ”Кызга кырк үйдөн тыюу,, деп адептүүлүккө, тыкандыкка тарбиялаган.                      Азыркы учурдун талабы да окуучу өзүн эркин сезип, өз оюн ачык даана айтып талдай билүүгө жана алган маалыматты анализдеп, алган билимин турмушта колдоно билүүгө, эң негизгиси өз алдынча өнүгүүсүнө багыт берүү керек. Бирок ошону менен бирге улутубуз кыргыз экенин, улуттун тилин, менталитетин унутта калтырбоого тийишпиз.

Мына ошондуктан мен сабак өтүүдө, этнопедагогиканын элементтерин колдонуу менен предметке болгон кызыгуусун арттыруу проблемасынын үстүндө иштөөдөмүн. Бул окуучулардын биологияны гана өздөштүрбөстөн, кыргыз элине, мекенине, тарыхына да болгон сүйүүсүн ойготуп, сөз байлыгын өстүрөт.

Этнопедагогика элдик таалим-тарбияны үйрөтүүчү педагогика илиминин бир тармагы болуп саналат. Бул илим салттуу маданият, элдик оозеки чыгармачылык жана санжыра менен түздөн-түз байланышкан. Демек макал-лакаптар, үрп-адаттар, ооз эки чыгармалар, улуттук оюндар ж.б кирээрин бардыгыбызга эле белгилүү болсо керек.

Мен өзүмдүн көп жылдык тажрыйбаларымды карап көрсөм жыйынтыгы жаман болгон жок. Балдар сабакты өздөштүрүп жатканда, темага ылайыктуу макалдарды же болбосо уламышты же жөн гана үрп адаттарыбызды маанисин жана келип чыгышын анализдей башташат. Бул өсүп жаткан жеткинчектерибиз үчүн чоң жетишкендик. Мына ошондуктан өзүмдүн  ыкмаларымды кесиптештерим менен бөлүшүп кетүүнү туура көрдүм.

Биология сабагын баштап жатканда эле “Бир жылдыгын ойлогон буудай эгет, он жылдыгын ойлогон  терек тигет, өмүр боюн ойлогон илим окуйт,”- деп баштаган туура болоор. Андан ары  темага жараша  макалдарды колдоно берем. ”Учурунда эгилген, учурунда көктөйт”, ”Жаздын аракети, күздүн берекеси”, Жерге түшкөн дан — өмүр, Отко түшкөн дан — көмүр”, ”Чөптү кордосоң, көзгө зыян», ”Бир тал кыйсаң, он тал отургуз”, “Эгин айдоо — байлык айдоо”, ” Чөбү жок деп — жерден түңүлбө, Малы жок деп — эрден түңүлбө”, “Адам көркү — чүпүрөк, дарак көркү — жалбырак”, “ Алтын — күмүш таш экен, арпа — буудай аш экен”, ” Ар жемиштин данеги өз сөөгүндө сакталат”, ”Арпа чыкпайт таш жерге, айыл конбо  кас элге”.ж.б.

Ал эми жаныбарлар жөнүндө 7-класстарга “Айбанды өңүнөн тааны, адамды сөзүнөн тааны”, “ Ак шумкарга ителги, табы менен теңелет”,” Алгыр болсо тайганың, алтындан алып каргы так, ала албаса түлкүнү, айлансын аштан, башка чап”, “ Ат — адамдын канаты, аш — адамдын кубаты”, “Аюу менен алышкан, арыстан менен кармашат” ,”Бакага балыр көл жакшы, Балыкка терең суу жакшы”, “Бөрүнүн күчү — тишинде, кишинин күчү — ишинде”, “Бөлтүрүктү ит деп бакпагын, иттей болбойт кыялы”, “ Жору тарпка конот, чымын майга конот”, “Жылан чаккан кайтат,  бөйөн чаккан кайтпайт”, “Бөрү — койго тойбойт, кулак — сөзгө тойбойт, көңүл — ойго тойбойт, көз — көргөнгө тойбойт, жер — жутканга тойбойт, куш — учканга тойбойт”, “ Булбулдун мукам үнү бар, тайлактын таза жүнү бар. Боло турган азамат, болоттон кылыч байланып, жоого тийсе сүрү бар”.ж.б.

8-класстарга “Жүрөк менен кан бирге, жүлүн менен жан бирге”, “Ашыра жеген азапка калат,өлчөп жеген өмүр табат”, “Дененин рахаты — ден соолук, акылдын рахаты — билимдүүлүк”, “Көз сокурун дарыласа болот, көңүл сокурун дарылап болбойт”, “Дене тарбия —ден соолукка табылбас дары”, “ Дени сактын — руху бийик”, “Жаштык менен ден соолуктун кадыры карыганда билинет”, “ Тишиң барда таш чайна, тишиңден кийин аш кайда”, “Ким эмгекти сүйсө, аны ден соолук сүйөт”.ж.б.

Генетикада “Кыраандан кыраан туулат, жыландан жылан туулат”, “Алма сабагынынан ашып түшпөйт”, “Энесин көрүп кызын ал, эшигин көрүп, төрүнө өт”.ж.б.

Адамдын келип чыгышы главасында “Адамдан улуу ат жок, нандан улуу аш жок”, “Адамды акылга бай кылган — эмгек, төрт түлүктү шай кылган эмгек”,  “Байлыктын атасы — эмгек, Энеси — жер”, “Жамгыр менен жер гүлдөйт, эмгек менен эл гүлдөйт”ж.б.

Экологияда “Каз өрдөгү жок болсо, балыр каптап көл карып.  Калк кадырын билбесе, кайраттуу туулган эр карып”, “Жайыттуу болсо төл өсөт, жамгырлуу болсо чөп өсөт”, «Жаратылыш — жаңылыштыкты кечирбейт”,  “Жер байлыгын сакта, жаратылышты баркта”, “Тирүү жандын атасы — күн, энеси — жер, каны — суу, жаны-аба” мына ушу сыяктуу макалдарды колдонуп, балдар менен бирдикте маанисин түшүндүрүлөт. “Кожожаш”, “Карагул ботом” уламыштары, жыланга ак чачуу, жайытты улам-улам которуп туруу, үркөр чыккыча себүү иштеринин бүтүрүү себептери айтылып, кыргыз элинин ар бир макалы, уламыштары, а түгүл жомоктору да  терең маани берип түшүнсө, өзүнчө бир виртуалдуу мугалим экенин далилдеп берүү керек. А биз болсо,  мугалимдер, өзүбүздүн эле предметтибизди үйрөтө бербей  элибизден калган улуу дөөлөттү балдарга жеткизүү биздин эң негизги милдеттерибиз экенин жүрөгүбүздөн чыгарбоого тийишпиз.
“Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көөнүн сөз ачат”, дегендей ар бир  өтүлүп жаткан сабакта этнопедагогиканын элементтерин камтуу менен бирге тарбиялык маанисин түшүндүрүп, предметке болгон байланышын көрсөтө кетсек туура болот. Бул учурда биология сабагындагы тема менен бирге элибиздин  руханий баалуулуктарын, дүйнө таанымын, элдин кулк-мүнөзүн, келечек идеясын ойготуп, ар тараптуу инсанды калыптандырып, актуалдуу болуп келген билим менен тарбияны бекемдей алабыз десек жаңылышпайм.

Тамара Шейшеналиева,

 Профессор А.Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар  №5 мектеп-лицейинин,

 биология мугалими

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер