СЕРГЕК ЖАШОО МҮНӨЗҮ

  • 07.09.2022
  • 0

Бегимай  Жоошбай кызы,

Баткен облусунун, Лейлек районундагы, Интернационал айылынын,

“Кыргызстандын 40 жылдыгы” орто мектебинин

башталгыч класс мугалими

 Көрсөткүчтөр:

Сабак максатына жеткен болот, эгерде:

  • Окуучулар ден-соолугун коргоого, сактоого жана чыңдоого, өз ден-соолугуна кам көрүүгө тарбияланышса;
  • Спортко, дене-тарбия сабагына карата окуучулардын туура мамилеси калыптандырса;
  • Окуучулар ар дайым таза жүрүүгө үйрөнүшөт, жалкоолугу жоюлуп, ден-соолукка байланыштуу көптөгөн пайдалуу кеңештер менен таанышышса;
  • Окуучулар ден-соолукка болгон кайдыгер көз караштарын жоюп алардын логикалык ой-жүгүртүүлөрү өнүктүрүлөт жана сабакка болгон кызыгуулары артса;

Сабактын  жабдылышы:

Мөмө – жемиштер,  жер – жемиштер, дан азыктары,  ар  түрдүү  тамактардан  аз-аздан  дасторконго  коюлат.  Тамактануу,  даам  жөнүндө  макал-лакап,  учкул  сөздөр  жазылган  лозунгдар, Мекен таануу китеби, карточкалар, проектор, компьютер, ватман, маркер, скотч, ж.б.

Сабактын тиби:                       Аралаш.

Сабактын методу:                 Интерактивдүү, инновациялык усулдар

Сабактын идеясы:                 Туура тамактануу – узак жашоого өбөлгө

Сабактын  жүрүшү:

Уюштуруудан соң окуучулар төмөндөгү таблицадагы тапшырманы аткаруу менен сабактык темасын таап алышат. (М: зат атооч кайсы предметке тиешелүү, ж.б.)

 

Кыргыз тилиМатематикаМекен таанууМузыкаДене тарбия
Зат атоочСКАТП
М.БегалиевТЖБЕО
ПланеталарУЛРВГ
КөбөйтүүФГШҮР
ЧуркооБЛХТЕ
СүйлөмКФНУИ
НотаМЦЙЖО
ТеңдемеБАХРТ
КосмосЦҮШЯХ
ШахматНЭГЛОО
ГлобусДЮМЫС
ЭтишҮТПРЪ
АянтФНБЁВ
ОбонЕДЛӨА
ТопуракЮКЗГМ
ТуюнтмаҢҮЬЯЖ

 

Кириш сөз:     Адамдар бири – бирине майрамдарда эмне каалашат? – Албетте бакыт жана ден соолук каалайт. Бул кереметтүү каалоолор жөн эле айтылбайт. Көп адамды ден соолук гана бактылуу кылганында жатат. Ден соолук – бул оорубай дени сак болуу эле эмес, бул андан дагы жогору турган нерсе. Ден соолук деген эмне? Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун аныктамасы боюнча бул толук физикалык, руханий жана социалдык жыргалчылык абалы. Башкача айтканда адамдын сак – саламатта болушу, жакшы маанай жана айланадагылар менен болгон жакшы мамилеси.

Ден соолуктун чың болуусун колдоого жардам бере  турган жашоодогу эки маанилүү пункт: туура тамактануу жана күн тартиби.

Толук баалуу тамактануу – өнөкөт оорулардан сактанууга көмөк көрсөтүүчү,  денени сулуу көрсөтүүчү жана энергия  бере турган тең салмакталган рацион. Окуучулук куракта өзүнүн тамактануусуна  көңүл буруу абдан маанилүү. Анткени ошол мезгилде адамда чоң өзгөрүүлөр жүрөт. Өспүрүм тез өсө баштайт. Денеси калыптанат. Ошондой эле күн сайын акыл – эс көбөйөт. Ошондуктан ар күнү тамактануу аркылуу пайдалуу жана керектүү белоктор, углеводдор, майлар, витаминдер жана минералдардын организмге жетип турушу маанилүү. Андан тышкары жаш чакта калыптанган туура тамактануу адаттары узак жылдарга сакталып кала берет.

  • Углеводдор организмге энергия берет. Углеводдор тез жана жай сиңүүчү углеводдор болуп экиге бөлүнөт. Тез сиңүүчү углеводдору бар азыктар: кант, таттуу токоч, картошка, бал, ж.б.  Жай сиңүүчү углеводдору бар азыктар: ботко, күрүч, буурчак, төө буурчак, ж.б. Энергетикалык жактан баалуу углеводдор: глюкоза , фруктоза мөмө – жемиштерде жана кургатылган жемиштерде камтылган.
  • Белоктор – клеткалар үчүн курулуш материалы болуп саналат. Негизги булактары: эт, балык, сыр, сүт азыктары, тоок эти, жумуртка, төө буурчак, жаңгактар, ж.б.
  • Майлар – организмде анын чыдамкайлыгы үчүн запастарды топтойт жана дененин туруктуу температурасын колдоп турат.
  • Витаминдер жана минералдар – организмдин нерв, эндокриндик ж.б. системаларынын иштешине жардам берет. Алар иммунитетти жана зат алмашуу процессине колдоо көрсөтөт.

Азыктардын маанилүү мүнөздөмөлөрү алардын тамак – аш жана энергетикалык баалуулугу.

  • Тамак – аш баалуулугу же азыктагы белоктор, углеводдор, майлар, витаминдер жана минералдардын өлчөмү.
  • Энергетикалык баалуулугу азыктын энергетикалык касиеттерин аныктайт. Мисалы: кант жогорку калорияга ээ. Аш болумдуулугу төмөн. Ал эми балыкта калория аз, тамак – аш баалуулугу жогору.

 

Диетолог дарыгерлер рациондо тамактануу пирамидасын карманууну сунушташат. Алар кадимки энергия үчүн азыктар, алар: нан, күрүч, гречка, макарондор жана дан азыктары. Бир күндө мындай азыктардын 5-6 үлүшүн пайдалануу сунушталат. Бир үлүш бул – бир кесим нан же күрүч же гречка боткосу табактын жарымына салынган макарон же таттуу токоч же кичинекей чыныга салынган сулу үлпүлдөгү. Андан кийин жашылча – жемиштер турат. Бул витаминдердин жана минералдардын маанилүү булактары. Аларды жок дегенде 5 үлүштөн чийки боюнча же бышырып жесе болот.1 үлүш – бул 1 стакан шире 1 орточо жемиш, жарым табак жашылча. Андан кийин булчуңдарды жана бекем тиштерди, сөөктөрдү өстүрүү үчүн зарыл болгон сүт жана эт азыктары . Күн сайын  3 – 4 үлүш сүт азыктарын жана 2  үлүш эт азыктарын пайдалануу сунушталат. 1 үлүш – бул 1 стакан сүт же айран, бир нече кесим сыр, 1 стакан йогурт, 1 чыны быштак, 1 кесим эт жана тоок эти же 1 катлет, 1 жумуртка. Схеманы таттуулар, өсүмдүк же каймак майлары жыйынтыктайт. Аларды азыраак өлчөмдө пайдалануу сунушталат. Пирамиданын төмөн жагына жайгаштырылган азык заттарды тез – тезден жеп туруу, ал эми пирамиданын чокусундагыларды сейрек колдонуу абзел. Бул чакан сунуштар тең салмактуу тамактанууга жардам берет.

 

Адам канчалык көп кыймылдаса, ошончолук көп энергия жоголот. Энергиянын ордун толуктап туруу керек. Тамак – аштын калориялуулугу организмдин энергетикалык чыгымдарына дал келүүгө тийиш. Адам жарым саат басканда 100 ккал чыгымдайт. Эгерде тамак аркылуу калориялар чыгымдалып жатканга караганда көбүрөөк келип жатса, анда ашыкча салмак кошуу тобокелчилиги бар. Организмдеги суу тең салмактуулукту өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Анткени адамдын денесиндеги көп бөлүгү суудан турат жана ал дайыма организмден чыгарылып турат. Күн сайын 5 же 6 стакан кадимки суу ичүү дени сак болуу үчүн жетиштүү. Ошол эле учурда ошол эле норманын дээрлик жарымын адам анын тамактануу рационундагы суюк курамдардан алат. Калгандарын жөнөкөй суу менен толуктоо керек. Ысык аба – ырайыда жана өтө тердеп көп кара күч, эмгек жасаганда суюктук өлчөмүн көбөйтүү керек. Кыргызстандагы жашоону түшкү тамакта же кечки күчтүү тамактануу учурунда 1 чыны ысык чайсыз элестетүү кыйын. Бирок аны тамактанууга 1 – 2 саат калганда же тамактангандан кийин ичүү пайдалуураак. Анткени тамактануу учурундагы кайсы гана болбосун суюктук ашказан ширесине аралашып жана тамактын сиңишине жолтоо болуп, акырындатат.

Таттуу газдалган суусундуктар, бургерлер, чипсилер, фри картошкасы көпчүлүктүн сүйүп жеген тамагы. Бирок аларды ашыкча көп пайдалануу  толуп кетүүгө, кант диабетине, тиштеги кариеске, ашказан ооруларына алып келет. Кептин баары азыктын курамындагы май, кант жана туздун сокку ура турган көп өлчөмдөрүндө жатат. Мындай зыяндуу тез татымга, фасфудга басым жасоо – бул өз организмине кол салуу менен барабар.

Толук баалуу рациондун дагы бир сыры күнүнө бир канча жолу кичине үлүштөр менен тамактануу, үзгүлтүксүз суу ичип туруу, сөзсүз эрте мененки тамакты ичүү, уктаарга 2 саат калганда кечки тамакты ичүү муну дагы күн тартибине киргизүүгө болот.

Күн тартиби – бул кыймылдар, биринин артынан бири аткарылган негизги сонун ритм. Эгерде белгиленген режимди аткара турган болсок бардык керектүү иштерди жасаганга оңой эле жетишсек болот.

  • “Жашыруун лаборатория биздин ичибизде. Биздин организм тамакты кантип сиңирет” (видео ролик )

  • Квест (окуучулар тамактануу пирамидасын карточканын кесиндилерин чогултуу менен класстык бөлмөнүн ар кайсы жеринен суроолорго жооп берүү менен табышат)
  • Мастер класс
  • Ролдук оюндар (карточка таратылып, тамак сиңирүү органдарынын образын айтышат, отурган окуучулар табышат. М: “тамак менин түтүкчөм аркылуу өтөт, ошондо мен киммин”?)

Ден соолук тууралуу макал – лакаптар

  • Биринчи байлык ден-соолук.
  • Ден-соолук түгөнгүс чоң, зор байлык.
  • Дененин сагы жакшы, пейилдин агы жакщы.
  • Дене-тарбия ден-соолукка табылгыс даары.
  • Дени сактын руху бийик.
  • Дени соонун жаны соо.
  • Дени тазанын деми таза.

Сабакты бышыктоо:

  • Тамактанган мезгилде шашылбагыла, тамакты 15-20 секунд чайнагыла.
  • Чоң тиштеп жутпагыла.
  • Тамактануунун туура режимин сактагыла жана азыраак толкунданганга аракеттенгиле.
  • Ашыкча жебегиле. Өлчөмдү сактагыла.

Сергек жашоо мүнөзү ушундайча калыптанат. Мунун бардыгы жадатма, окшош көрүнүштөр сезилиши мүмкүн. Бирок кептин баары  майда – барат нерселерди жатат. Бүгүн адам жетиштүү уктайт, окуганга жетиштет, даамдуу тамактанат, энергия жана күч – кубат алуу үчүн спорт менен машыгат. Анын мээси жана денеси керемет иштерди жасаганга даяр. Ошентип ден соолук туура тамактануу жана күн тартиби сыяктуу маанилүү иштер тууралуу билдик. Аларды ата-энеңер же досторуңар менен биргеликте талкуулаганга аракет кылып көргүлө. Силерге төмөндөгү суроолор жардам берет.

  1. Өзүңдүн ден соолугуңа кандайча кам көрсөң болот?
  2. Кайсы азыктар пайдалуу, кайсылары пайдасыз?
  3. Күн тартибиңди кантип жемиштүү кылсаң болот?
  4. Адамдын тамак сиңирүү системасын кайсы органдар түзөт?
  5. Тамак организм боюнча кандай саякат жасайт?
  6. Кечки тамактан  кийин  дароо  жатууга  камдануу  туурабы?
  7. Бир  жумада  канча  жолу  эт  азыктарын  жесе  болот?

Сабакты жыйынтыктоо: Ар бир окуучу мына жогорудагы айтылган сөздөрдү эске тутуусу зарыл.

Дүйшөмбү күнү — сүт, айран ж.б.

Шейшембиде — эт аралашкан тамактар.

Шаршембиде — мөмө-жемиштер.

Бейшембиде — балык.

Калган күндөрү өзү каалагандай  тамактанса болот.

Сабак “ооба” же  “жок” оюну менен аяктайт.

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер