ИНФОРМАТИКА – ЖОМОКТОР ДҮЙНӨСҮНДӨ

  • 12.09.2022
  • 0

Мукамбетова Гүлзат Бекбосуновна,

Бишкек шаарындагы №68 мектеп-гимназиянын

информатика мугалими

  Илгери өткөн заманда, жан-жаныбар аманда, кой үстүнө торгой жумурткалаган учурда, биздин замандын ХХ кылымында Информатика деген өлкө болуптур. Ал өлкөнүн жарандары тездик менен көбөйүп, интеллектуалдык деңгээли мыкты болчу экен. Бул өлкөдө өнүгүү бат жүрүп, маалымат бүткүл жер жүзүнө көз ачып жумганча тарап, ар дайым прогресс болуп турчу экен. Информатика өлкөсүнүн жарандары – маалымат деп аталып, булар бири-бирин көрүү, угуу, даам сезүү, тери, сезүү, жыт сезүү аркылуу абдан жакшы түшүнүп, алты континетке сандык, үндүк, тексттик, графикалык, видеомаалымат деген түрлөргө бөлүнүп, ак мээнет кылып жашап калыптыр.

Алардын эң негизги адамдык касиеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет экен: аныктык, түшүнүктүүлүк, баалуулук, тактык, заманбаптык (актуалдуулук). Маалыматтар өлчөм жагынан алты бир тууган болуптур. Алар: байт, килобайт, мегабайт, гигабайт, терабайт жана эң кенжеси бит. Баарынын акылы, билими экилик система менен өлчөнүп, бааланат экен.

Ал эми ушул ачылыштардын башында улуу математик Жон Уайлдер Тьюки, Клод Шенон жана Вернер Бухгольцтор турат экен.

Ошентип, “аганы көрүп, ини өсөт”дегендей, кичүүсү улуусун урматтап, улуусу кичүүсүн ызаттап өсүптүр. Ошону менен бирге көлөмү, түзүлүшү, формасы менен айырмаланып, өзгөчөлөнүп турат экен.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер