ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГОО — АР БИР АДАМДЫН МИЛДЕТИ

  • 15.04.2022
  • 0
ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГОО — АР БИР АДАМДЫН МИЛДЕТИ

ЖУМАНАЛИЕВА Минура, Аксы районундагы М.Сыдыков атындагы орто мектебинин башталгыч класстар  мугалими

Сабактын максаты:

              а) Жаратылышты коргоо ар бир адамга милдет экенин билишет.
б) Билгендерин талдап, жыйынтык чыгаруу менен турмушта аткарууга үйрөнүшөт.
              в) Жаратылышты коргоого жана жаратылышка аяр мамиле жасоого үйрөнүшөт.
Уюштуруу: Ар дайым ачык кабагым,
Дайым даяр сабагым.
Саламаттыкты каалаймын,
Саламатсыңарбы, балдарым!
— Саламатсызбы, эжеке!
— Азаматсыңар, балдарым!
Бар болгула, ар дайым!
Анда эмесе, келгиле!
Тарбиялык саатты баштайын!
Келгиле, балдар, бул сүрөткө көңүл буралы!

ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГОО - АР БИР АДАМДЫН МИЛДЕТИ

— Балдар, бир жылда канча мезгил бар?
— Бир жылда төрт мезгил бар.
— Алар кайсылар?
— Жаз, жай, күз, кыш.
— Азыр кайсы мезгил?
— Жаз.
— Бир жылда канча ай бар?
— Он эки.
— Азыр жаздын кайсы айы?
— Апрель айы.
-Бүгүн жуманын кайсы күнү?
-Келгиле, балдар, сабакты баштаар алдында ,,Алтын эрежени” эске салып алалы. (Алтын эреже түзүшөт).
Мына ушул эрежени сабактын аягына чейин сактайбыз.
— Тема жөнүндө ырдоо.
— Макал айтуу.
— Табышмак айтуу.
— Сабакка маанайыңар кандай?
(Смайликтерди көрсөтүшөт).
— Өткөн сабакта кандай тапшырма берилди эле?
— ,,Кел, Ноорузум, келе гой”- деген темага   сүрөт тартып келүү болгон.
— Адинай, сен эмненин сүрөтүн тарттың?
— Нооруз майрамында чоң энелерибиз улуттук кийимибизди кийип, Кыргызстан өлкөбүздүн өнүгүшү жөнүндө ырдап жатканын тарттым.
— А сен, Зарина, кандай сүрөт тартып келдиң?
— Элдер ынтымактуу болуп, сүмөлөк бышырып, улуу энелерибиз  батасын берип төрдө отурганын тарттым.
— Азаматсыңар, Бекзат, Кайрат!  Баарыңар  эң сонун сүрөт тартып, сабакка жакшы даярданып келгенсиңер. Нооруз күнү күн менен түн теңелип, өсүмдүктөр жана жаныбарлар ойгонот. Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын жаз майрамы!Ноорузда жакшы тилектер айтылат, улуттук оюндар болот.
— Анда келгиле, баарыңар бул сүрөттөн каалаганыңарды алгыла!
— Жаныбарлар, өсүмдүктөр, тоолор (Окуучулар өздөрү тандаган сүрөттөр боюнча топторго бөлүнүп отурушат).
1-топ —  «Жаныбарлар»
2-топ —  «Өсүмдүктөр»
3-топ — «Тоолор»
— Балдар, ушул топторду  жалпысынан эмне деп атасак болот?
— Жаратылыш.
— Анда эмесе бүгүнкү сабакта эмнелерди үйрөнөбүз деп турасыңар?
—  Жаратылыштын кооздугу жөнүндө кеп кылабыз.
— Жаныбарлар жөнүндө маалымат алам деп турам.
— Жаратылыш деген эмне?
-Жаратылыш — биздин айлана-чөйрөбүз. Жаратылыш кооздуктарга бай. Биз жаратылышта жашайбыз.
-Азаматсыңар балдар, силер эң туура айтып жатасыңар. Бизди курчап турган чөйрө жаратылыш деп аталат. Жаратылыш суу, топурак, өсүмдүк, жаныбар, кен, байлык, шамал, күн нуру ж.б бөлүктөрдөн турат. Адам да — жаратылыштын бир бөлүгү. Жаратылышта баары өз ара тыгыз байланышта. Адам дагы чөйрөсүндөгү жер, суу, аба жана бардык тирүү организмдер менен байланышта турат. Адамзат өз жашоосуна жаратылыш  ресурстарын пайдаланат. Бирок жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу керек.
Коом өнүккөн сайын түрдүү өнөр жайлардан жана унаалардан чыккан уулуу газдар, саркынды суулар, таштандылар жаратылышка зыян келтирип жатат. Алар  жаратылышта абанын, суунун булгануусуна, топурак кыртышынын уулануусуна алып келет. Аягында адамдын жашоосуна коркунуч жаратат. Ошондуктан табиятты коргоо баарынан мурун адамды коргоо болуп эсептелет. Демек, жаратылышты коргоо, ага аяр мамиле жасоо,  ар бир өсүмдүк, ар бир жандыктын бул жашоодогу ордун билүү максатында Манас атабыздын осуяттарынын биринде ,,Табият менен таттуу мамиледе болуу” деп көрсөтүлгөн.
Акыркы убактарда адамдар жер бетиндеги айбанаттардын 270тен ашык түрүн кырып жиберишкен. Ага окумуштуулар тынчсызданып, 1962-жылы Жаратылышты коргоонун эл аралык союзу түзүп, биринчи жер жүзүндөгү жоголуп бараткан  жаныбарларды тизмелешет. Бул –,,Кызыл китеп” деп аталган. Кызыл китепке зыянсыз өзүн коргой албаган жан-жаныбарлар гана эмес керик, жолборс  сыяктуу жаныбарлар да киргизилген.  Адамдар улам жаңы жерлерди өздөштүрүп, пайдаланып, жапайы айбандар жашаган жерлер тарып, тоюту азайып, жеми түгөнүп, ачка өлүп жатканынан азаюуда. Ал эми бизде ,,Кызыл китеп” 1985-жылы жарык көргөн. Кызыл китепке кирген жаныбарларды атууга тыюу салынган. Ошондой эле жоголуп кетүү коркунучунда турган өсүмдүктөр, жаныбарлар турган аймактар мамлекет тарабынан атайын коргоого алынып, ал жерлерди корук деп аташкан. Бизде Ысык-Көл, Сары-Челек, Нарын, Беш-Арал коруктары бар.
— Карагылачы, жаныбарларды  мынчалык коргоонун мааниси кандай деп ойлойсуңар. Коргобой эле койсок болбойбу?
— Ооба, туура айтасыңар.

Биз жашайбыз жаратылыш койнунда,
Таза аба, мөлтүр суунун боюнда.
Жаратылыш байлыктарын жоготпой,
Оо, адамдар, сактайлычы дайыма.
Жаратылыш керек бизге эмне үчүн?
Жан-жаныбар, кооз токой ким үчүн?
Жаратылышсыз элестетчи жашооңду,
Эгер билсең мунун баары биз үчүн.
Кантип турам таза абаны жутпастан,
Кантип уктайм булбул үнүн укпастан.
Кадимкидей чарчоом менин басылат,
Чаңкаганда суумду бир аз ууртасам.
Жаратылыш бизге керек сактайлы!
Жаныбарды «жалп» дегизе атпайлы!
Токойлорду кыйып, өрттөп жок кылып,
Жараткандын каргышына калбайлы!

ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГОО - АР БИР АДАМДЫН МИЛДЕТИ

— Бүгүнкү сабактан кандай жыйынтык чыгарабыз?
1. Жаратылыш бизге турак жай, суу, аба, тамак-аш, кийим-кече берет.
Демек, мына ушундай жаратылышыбызды сактоо үчүн эмне кылышыбыз керек?
— Ооба, эң туура. Жашоодо сууну, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу керек, жылуулукту сактоо керек. Электр станциясына отун канчалык аз жагылса, абага зыяндуу заттар ошончо аз тарайт.
2. Завод-фабрикалардын морлорунан чыккан зыяндуу заттарды абага чыгарбаган атайын чыпкаларды орнотуу зарыл.
3. Дем алыш күндөрү суу бойлоруна, тоого чыгып эс алууну баарыбыз жакшы көрөбүз. Адамдар көпчүлүк учурда эс алган жерлерге таштандыларын таштап кетишет. Эс алып бүткөндөн кийин отурган жерлерин тазалап, таштандыны урналарга салып кетүү керек.
4. Азыр жаз мезгили там аркасын, бактарды тазалап жатабыз, аларды өрттөө да зыян, ошондуктан аларды антпей,  жер семирткич катары топтоп коюшубуз керек.
5. Көчөттөрдү отургузушубуз керек. Себеби алар абаны тазалайт, бизге мөмө берет, кыйганда отун кылып пайдаланабыз.
(Окуучулар андан ары Кожожаш мерген жөнүндө  кинодон үзүндү көрүп, «Экскурсияга чыгабыз» оюнун ойношот).
— Азаматтар, оюнду ойнодук, жаратылышка чыгып эс алып келдик, кинотасмадан да үзүндү көрдүк. Теманы бышыктоо үчүн бир канча тапшырмаларды берейин.
(Окуучулар тапшырманы топтордо аткарышат).
1-топ Кожожаш мерген чыгармасы боюнча  блок-схема толтурасыңар.
2-топ Жаратылышты коргоо үчүн эмне кыласыңар? (Кластер түзүү).
3-топ “Жаратылыш” сөзүнө синквейн түзгүлө.
— Азаматсыңар, тапшырмаларды бүткөн болсоңор, келгиле, доскага чыгып айтып бергиле!
(Ар бир топтон бирден окуучу чыгып тапшырманы айтып берет).

— Азаматтар, теманын мазмунун эң жакшы түшүнүпсүңөр. Кыргыз элине, бизге, ата-бабаларыбыз мурас кылып кеткен жаратылышыбызды көздүн карегиндей сактайлы!
Биздин кыргыз жерибиз өзүнүн кооздугу менен даңктуу жана кымбат!
Мына ушул жаратылышыбызды коргоо максатында биздин президентибиз Садыр Жапаров да быйылкы жылыбызды «2022-жыл –Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” деп жарыялады. Ошондой эле республикада үч айлык жашылдандырууга жарлык чыгарды.
Эми топтордун ишин карайлы:
Мында үч топ тең тапшырманы так аткарып, бирдей упай алдыңар. Алтын эрежени да так сактаганыңар үчүн топтук упай сакталды.Эң сонун жаратылышты жаратыпсыңар. Демек, ушундай кооз, сулуу табиятыбызды сүйүп коргой билели!
Эмесе үйгө тапшырма: Силер жаратылышты коргоо үчүн дагы кандай долбоорду иштеп чыгат элеңер? Ойлоно келгиле!

Тагдырдын табышмактуу тар жолунда,
Таалайын издеп, тапкан жан болгула!
Байсалдуу сапар буйруп улуу көчтө,
Баарыңар аман-эсен бар болгула!
Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!

Бөлүшүү

Комментарийлер