УЗУНДУК ЖАНА САЛМАК. АТТУУ САНДАР ЖАНА АЛАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАР

  • 23.10.2023
  • 0
УЗУНДУК ЖАНА САЛМАК. АТТУУ САНДАР ЖАНА АЛАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАР

Замира Атакулова, Кара-Суу районундагы Ибрагим Кулбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч класстар мугалими

УЗУНДУК ЖАНА САЛМАК. АТТУУ САНДАР ЖАНА АЛАР МЕНЕН БОЛГОН АМАЛДАР

Негизги компетенттүүлүк: НК-1; НК-2; НК-3;

Предметтик компетенттүүлүк: ПК-1; ПК-2; ПК-3; ПК-4;

Сабактын максаты: 1) Узундук жана салмакты билишет. Аттуу сандар жана

аралаш сандар боюнча түшүнүк алышат.

2) Аралаш аттуу сандарды бир аттуу сандарга айландырышат.

Узундук чен бирдиктерди метрге ирилешет.

Кесиндини ченеп, узундугун чен бирдик менен туюнтушат.

40 санынын үлүштөрүн таап салыштырышат.

Теңдеме түзүшөт.

3) Кичи топто бири-бирин угуп жардам берүүгө көнүгүшөт.                                                                                                          Көрсөткүчтөр:

-Узундук жана салмакты жана аттуу, аралаш сандарды атап беришсе;

-Узундук чен бирдиктерди метрге ирилешсе;

-Кесиндини ченеп, узундугун чен бирдик менен туюнтушса;

-40 санынын үлүшүн таап, салыштырса;

-Теңдеме түзүшсө;

-Кичи топто бири-бирин угуп жардам берүүгө көнүгүшсө;

Сабактын тиби: Жаңы сабак

Сабактын усулу: Интерактивдүү ( Түшүндүрүү жана негиздөө стратегиясы,

Моделдердин көптүгү стратегиясы, Көндүмдөрдү өнүктүрүүдөгү прогресс стратегиясы)

Сабактын формасы: Жалпы, кичи топто, жекече

Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, сызгыч, метр, калем сап, дептер, слайд, проектор, флипчарт, маркер, скотч, карточкалар.

Сабактын жүрүшү: 1) Уюштуруу. ( Класстын гигиеналык абалына, окуучулардын окуу куралдарына көз салуу) (1 минута)

Шыктандыруу: (1 минута)

Жылмаюудан жарк этип асман,

Жылмаюудан күн желеси жаркып келет.

Досторго күлкүңдү бир чачсаң,

Көп жолу ал сага кайтып келет.

Сабактын темасын, максатын жана баалоо критерийлерин окуучуларга угуза айтам. ( 2минута)

  • Балдар, бүгүнкү тема: “Узундук жана салмак. Аттуу сандар жана алар менен болгон амалдар”. Узундук жана салмакты эмне үчүн колдонорубузду айтабыз. Аттуу сандарды атап, узундук чен бирдиктерди метрге ирилейбиз. Кесиндини ченеп, узундугун чен бирдиктерге туюнтабыз. 40 санынын үлүшүн таап, салыштырабыз. Теңдеме түзүп, тамырын табабыз. Кичи топтордо бири-бирибизди угуп, жардам беребиз. Эми баалоо критерийлерин угуп алгыла!

Ким катасыз чыгарса, ошол окуучуга “5”деген баа коюлат. Ушул тапшырмалардын ичинен эки же үч кемчилик кетирген окуучуга “4” деген баа коюлат. Төрт же беш кемчилдик кериген окуучуга “3” коюлат.

Жаңы тема: Узундук жана салмак. Аттуу сандар жана алар менен болгон амалдар

Суроо: -Узундук жана салмак дегенде эмнени түшүнөсүңөр?

  • Узундуктун жана салмактын чен бирдиктери кайсылар, атап бергилечи?
  • Аттуу сандар дегенде эмнени түшүнөсүңөр?
  • Аралаш сандар кандай болот? Жашоо турмушубуздан мисал келтирип берсеңер.( 6 минута)
  • Талкуу: Узундук бул бир жерден экинчи жерге чейинки аралык узундук менен өлчөнөт. Колдонгон окуу китептеринин узундугу жана жашап жаткан жерибиздин узундугу. Дегеле бардык нерселердин узундуктары болот. Узундуктарды биз көбүнчө сызгыч жана метр менен өлчөйбүз. Алардын чен бирдиктери км, м, см, дм, мм ченелет. Узундуктар узун, кыскалыгы менен айырмаланат.
  • Салмак — бул оордук. Көзүбүзгө көрүнгөн заттар салмактан турат. Заттар бири-биринен оор жана жеңили менен айырмаланат. Салмактын чен бирдиктери тонна, килограмм, грамм. Оор салмактагы заттарды тараза менен өлчөйт.

Суроо: 3 км 400 м ди майдалап келгиле.

3 км 400 м = 3400 м болду

-Бул кандай сандар?

-Аралаш жана бир аттуу сандар.

-Аралаш аттуу сандарды бир аттуу сандарга кантип айландырдың? Эмне үчүн 3400 м болду?

-Алгач 1 км де 1000 метр бар экенин билип, миңди 3 кө көбөйтсөк 3000 м болот, 3000 м ге 400 м ди кошуп алсак 3400 м болот. Биз аралаш аттуу чен бирдиктерди бир аттуу чен бирдиктерге айландырып алдык.

Карама-каршы пикир жаратуу: (3 минута)

Мугалим: Бир  окуучу 3 км 400 м = 3000 км 400 м болот деп аткарды. Силер ушул окуучунун оюна кошуласыңарбы?

-Жок.

-Эмне үчүн кошулбайсыңар? Ал кайсыл жерден катачылык кеткен? Эмне үчүн?

Окуучу: — Ал окуучу метрди км деп жазган. Ошол эле 3000 ге 400дү кошуп коюу керек эле, башкача айтканда, 3400 метр деп жазуу керек эле. Ал 3000ди өзүнчө,400дү өзүнчө жазган. Бул туура эмес.Үч миң менен төрт жүздү кошуп бир аттуу чен бирдикке айландыруу керек эле. Жыйынтыктап айтканда, 3400 м деп бир аттуу чен бирдик менен жазуу керек эле.

Моделдештирүү жана жыйынтыктоо: (5 минута)

5 м 3 дм 8 см ди бир аттуу чен бирдиктерге айландырабыз.

-Ооба, булардын ар бири бир нече чен бирдиктерден түзүлгөн. Алар аралаш чен бирдиктер деп аталышат. Аралаш чен бирдиктерди бир бирдикке келтирүү гө, башкача айтканда майдалоого болот. Ал үчүн ар бир ченди майдалап, жыйынтыктарын кошуп коюу керек.

5 м 3 дм 8см = ( 5*100) см + ( 3*10)см + 8 см = 500 см + 30 см + 8 см = 538 см

Жалпы топтор менен бирге суроо жооп аркылуу  үн чыгарып түшүндүрүп негиздеп аткарабыз.

 Окуучулар түшүнгөнүн билүү үчүн “Кол белги” ыкмасын колдоном. Аларга тактоочу суроолорду берем.

Практика: 1-тапшырма:

Кичи топтордо иштөө: ( 8 минута)

1-топ: 7 дм 5 см 3 мм аттуу сандарды майдала.

7 дм 5 см 3 мм = 753 мм

5428 м = 5 км 428 м

2-топ: 500 см жана 518 см ди ирилетип метрге айландыр. Кандайча аткаргандыгын түшүндүрүп жана негиздеп беришет.

500 см = 5 м

518 см = 5 м 18 см болот.

3-топ: 2342 см ди метрге ирилет.

2342 см = 23 м 42 см

926 см = 9 м 26 см

4-топ: 125 мм = 12 см 5 мм

78 дм = 7 м 8 дм

Ар бир кичи топтор аткарган иштерин презинтациялап беришет. (6 минута)

Физминутка: ( 2 минута)

Аюу байкем токойго

Кап көтөрүп барыптыр,

Каптын ичин толтуруп ,

Күлкүлөрдү салыптыр,

Бутак тийип капыстан

Кап айрылып калыптыр,

Күлкүлөрү төгүлүп

Ай ааламды жарыптыр. Аха ха,ха,ха

2-тапшырма: Жекече иштешет (3 минута)

Кесиндини ченеп, узундугун чен бирдик менен туют.

 

 

10 см 9 мм

1 дм 9 мм

109 мм болот. Аткарган иштери боюнча түшүндүрүп жана негиздеп беришет.

3-тапшырма: Жупта иштешет: (3 минута)

40 тын сегизден үч жана сегизден төрт үлүштөрүн салыштыр. Эмнени байкадыңар?

40 : 8 * 3 = 5 * 3 = 15

40 : 8 * 4 = 5 * 4 = 20

Сабакты бышыктоо: Ыкчам текшерүү  (2 минута)

Мен сан ойлодум. Аны 3 кө көбөйтсө, 150 болот. Мен кандай сан ойлодум? Мен ойлогон санды Х менен белгилеп, теңдеме түзүп, жооп бер.

Х * 3 = 150

Х = 150 : 3

Х = 50

50 * 3 = 150

150 = 150

Үй тапшырма: (1 минута)  225-иш. Аралаш аттуу чен бирдиктерди бир аттуу чен бирдике майдала.

Баалоо: ( 2 минута) Окуучулар аткарган иштерин баалайт, мугалим жыйынтыктап баа койот.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер