Математикалык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн STEAM ыкмасы

  • 27.05.2024
  • 0
Математикалык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн STEAM ыкмасы

Математика, 6 класс

Сабактын темасы: Маселе иштөө.

Сабактын тиби: бышыктоо, тажрыйба жүргүзүү.

Окутуу методу: издөө, өз алдынча иштөө, топтордо иштөө.

Уюштуруу формасы: жазуу түрүндө, тажрыйба түрүндө.

Сабактын жабдылышы: тесттик тапшырма, окуучунун иш дептери, калем сап, алоэ өсүмдүгү, кошулма даярдоо үчүн идиштер, меркасы бар идиштер (миллилитр), марли, бычак (мугалимдин көзөмөлүндө колдонуу), чай кашык (бир нече), таза суу (бир литр).

Сабактын максаты: математикалык сабаттуулукту жогорулатуу, иштөө эс тутумун, ыктыярдуу көңүл бурууну, математикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө  көмөк көрсөтүү; жаратылышка, өсүмдүктөргө  болгон мамилени калыптандыруу, топтордо иштөөнү өнүктүрүү, бири-бирине жардам берүүнү үйрөтүү, жүрүм-турум маданиятын өнүктүрүү.

Күтүлүүчү натыйжалар: ой жүгүртүүсү өнүгөт; окуу мотивациясын өркүндөтүшөт; адекваттуу өзүн-өзү сыйлоону үйрөнүшөт; жаңы билимдерди алуу зарылдыгын калыптандырышат; турмуштук тажрыйбада  сабакта алынган маалыматты колдоно алышат; тажрыйба жасоо менен эсептөөлөрдү жүргүзүшөт; тажрыйба жүргүзүшөт; ден соолукту чыңдашат; жаратылышты коргоого үйрөнүшөт.

Сабактын жүрүшү: тесттик тапшырма берилет. Мугалим окуучулардан тексти бир нече жолу окуп чыгуусун өтүнөт. Партанын үстүндөгү керектелүүчү куралдар  менен  тааныштырат. Тажрыйбанын жүргүзүүнүн негизи түрүндүрүлөт. Сабакта мугалим менен окуучулар ак халат кийишет. Түшүнүктүү болгондон кийин гана иштөөгө өтүшөт. Бардык коопсуздук эрежелери сакталуусу тийиш.

Тапшырма №1. Оң жактагы текстти окуп чыгып суроого жооп бергиле. Асандын апасы өсүмдүктүн жалбырагынан бир чай кашык ширени марлиден өткөрүп алды. Ал баласын дарылоо үчүн ширеге канча кашык суу кошуу керек?

Тамчылар. Үй шартында өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн дарылык касиети бар экендигин билесиңерби? Мисалы, алоэни мурундан суу агышын токтотуу үчүн колдонууга болот. Алоэ өсүмдүгүнүн жалбырактарында дарылык ширеси бар. Бир күнү мектеп окуучусу Асандын мурдунан суу агып калды, чүчкүрүп баштады. Анын апасы алоэ жалбырагынын ширесинен мурун тамчыларын даярдоого киришти. Ал үчүн төмөнкү рецептти колдоно баштады.

Рецепт:

1) Алоэ өсүмдүгүнүн жалбырагын кесип алып таза жууп, кургаткыла.

2) Кабыгын, тикендерин аарчып алгыла. Өсүмдүктүн ширесин марлиге салып сыгып алгыла.

3) Балдарды дарылоо үчүн  таза суу менен 1:3, чоңдорду дарылоо үчүн  1:2 катышында өсүмдүктүн  ширесин  аралаштырып  алгыла.

4) Даяр болгон  кошулманы бир күндө үч жолу мурундун  ар бир тешигине эки тамчыдан тамызгыла.

Тапшырма №2. Оң жактагы текстти окуп чыгып суроого жооп бергиле. Асандын апасы 2 чай кашык өсүмдүктүн ширесинен балдарды дарылоо үчүн канча миллилитр ширенин кошулмасын ала алат? Жообун жазып, түшүндүрүп бергиле.

Тапшырма №3. Оң жактагы текстти окуп чыгып суроого жооп бергиле. Асандын апасы уулун дарылоо үчүн даярдалган 7 мл тамчы кошулма бир жумага жетиштүү болот деди. Асандын апасынын божомолдоосу туурабы? Жоопту тандап, түшүндүрмө бергиле. «Ооба¨, «Жок».

Тапшырмалардын мүнөздөмөлөрү жана баалоо системасы:

Математикалык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн STEAM ыкмасы Математикалык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн STEAM ыкмасы

Баалоонун системасы: Түшүндүрүүлөрдүн мисалдары.

1) Шире 1:3 катышында даярдалат. 1 чай кашык ширеге 3 аш кашык суу куюлат. 2 аш кашык ширеге 6 чай кашык суу куюу жолу менен даярдалат. Ошентип, 8 чай кашык кошулма даяр болот. 1 чай кашык — 5 мл, бул 8 чай кашык дегенди билдирет. — 5 ∙ 8 = 40 мл. Жообу: 40 мл.

2) Ширенин сууга катышы 1:3. Ошентип, 2 чай кашык үчүн ширеси 6 аш кашык керек. Суу биз 8 аш кашык кошулма алабыз. 1 чай кашык эритме — 5 мл, 8 чай кашык дегенди билдирет. — 40 мл. Жообу: 40 мл.

3) 2 аш кашык ширеси 5 ∙ 2 = 10 (мл); Шире сууга катышы 1:3. Бул 3 эсе көп суу керек дегенди билдирет. 10 ∙ 3 = 30 (мл); бүт эритме 10 + 30 = 40 (мл). Жообу: 40 мл.

Математикалык сабаттуулукту жогорулатуу үчүн STEAM ыкмасы

Саадат Ашыралиева, №1 Ч.АЙТМАТОВ АТЫНДАГЫ НОВОПАВЛОВКА ИННОВАЦИЯЛЫК ОКУУ-ТАРБИЯ КОМПЛЕКС-ЛИЦЕЙИНИН МАТЕМАТИКА МУГАЛИМИ

Бөлүшүү

Комментарийлер