Манас — кыргыз элинин баатыры
- 18.03.2024
- 0
Сабактын максаты
Билим берүү: Манас баатыр жөнүндө кеңири билишет.
Өнүктүрүү: Эр жүрөк, патриот болууга үндөө.
Тарбия берүү: Балдар өз мекенин көздүн карегиндей сактоого көнүгүшөт.
“Манастын урпактары” тобу
Манастан ураан салалы,
Урпактарга жаялы.
Кылымдарга кыргыздар,
Манас менен баралы.
Ушул ураандын негизинде уюштурулуп жаткан сабагыбызды баштайбыз (Музыка кетет Манас тууралуу)
Салам айтып баштайын сөздүн башын,
Кантип бузам бабалардан калган салтын.
Баш ийип, таазим кылам мен силерге,
Ассолому алейкум деп айтайын,
Улуу Манас кыргыз элдин желеги.
Ата мурас акыл ойдун тереңи,
Түбөлүккө ташка тамга баскандай.
Кыргыз элдин адамзатка белеги.
Биздин топтун аты: “Манастын урпактары” тобу
“Манастын урпактары” тобунан ысык салам, салам, салам.
Урааным Манас, улутум кыргыз.
Манас, Манас, Манас!
Абдурахим: Салам айтам
Бакайдай акылманга
Каныкейдей уздарга
Айчүрөктөй ак кууларга
Манастай кабыланга.
Аделя:
Манастан алган сабакты,
Үйрөнүп бир топ санатты.
Тизе бүгүп ийилип,
Калкыма айтам саламды.
Азаматсыңар, балдар, кана эми Манас атабыздын бабаларын ким айтып берет?
Эвелина:
Атасы – Жакыпхан
Чоң атасы – Орозду хан
Бабасы – Ногойхан
Бубасы – Төбөйхан
Кубасы – Бабурхан
Жотосу – Өгүзхан
Жетеси – Карахан
Кана, балдар, келгиле, Манас атабыздын урпактарын айтабыз.
Баласы – Семетей
Небереси – Сейтек
Чөбөрөсү – Кенен
Кыбырасы – Сейит
Тыбырасы – Асылбача-Бекбача
Чүрпөсү – Сомбилек
Урпагы – Чегитей
Сценка: Манас менен Алмамбеттин достугу.
Манас баатыр Алмамбетке жолугаардын алдында түш көрөт. Түшүн жоорутканга элин чогултат.
Оо кагылайын элим,
Айта турган аян бар.
Жоруй турган түшүм бар,
Түндө жатып түш көрдүм.
Аккула минип келатып,
Бир укмуш кылыч таап алдым.
Кылычты сынамакка,
Уйдай ташты чаап көрсөм.
Таш экиге бөлүндү,
Бир убакта карасам.
Кылычым жолборс болуп калыптыр,
Кырга чыксам жолборстун айбатынан
Жаныбарлардын баары баш ийишти.
Ушул түшүмдү жооруп бергилечи. Манас түшүн жоорутуп атканда элдин арасынан Ажыбай чыгып, Манастын түшүн мындай жооруйт:
Ажыбай:
Арстаным сенин өзүңө,
Эми Алмамбет келип кошулат.
Түшүң жакшы түш экен
Оңунун келген иш экен.
Алмамбетти Манастын чоролору тосуп келишет.
Манас:
Эми, баатыр, кыргыз элине келдиң,
Жатам десең төрүм мына
Жүрөм десең элиң мына!
Алмамбет:
Кыргыз эли-жери жөнүндө укканым бар.
Манас:
Экөөбүздүн достугубуз үчүн өзүмдүн Аккула атымды, Аккелте мылтыгымды беремин.
Ажыбай аксакал эки тал чырпыкты Манас менен Алмамбетке карматып, кылыч менен кыя чабат.
Ажыбай:
Кана, баатырлар, эми түбөлүккө дос болдуңар, эч качан антты бузбагыла!
Эң сонун балдар! Силер кыйын балдар турбайсыңарбы. Баатырлардын тулпарларын ким айтып коёт?
Малика:
Манастыкы – Аккула
Бакайдыкы – Көктулпар
Алмамбеттики – Сарала
Чубактыкы – Көкала
Сыргактыкы – Көкчебич
Күлчоронуку – Суркоён
Аруузат:
Каныкейдин образы
Кара сурдун сулуусу
Кыздарынын нурдуусу
Он эки кыздын кенжеси
Темирхандын эркеси
Алтын тондун жаласы
Кайран энең Каныкей
Аялзаттын паашасы
Атемир кызы Каныкей
Сап сулуунун өзү экен
Жыла сүйлөп шыңк этип
Акыл төмөн кези экен
Олоңдой кара чачы бар
Келишкен кара кашы бар
Жаттык тилдүү, ширин сөз
Ай чырайлуу коюу көз
Кызыл жүзүң нур чалган
Кымча бели буралган
Болор кепти бир айткан
Чечендик жайы бар экен.
Балдарга суроо-жооп берилет.
- Манастын досу ким болгон?
- Манастын түшүн ким жооруп берет?
- Манас Алмамбетке эмнесин белекке берет?
- Манас менен Алмамбетти ким достоштурду?
Жыйынтыктоо:
«Биз тоспойлу тийип турган жарыкты,
Бек кармайлы бошотпостон казыкты.
Казык бошоп, жарыгы эч өчпөсүн,
Карек кылып сакта Манас тарыхты» дегендей, «Манас» эпосу эч качан дилибизден өчпөсүн деген улуу тилек менен сабагыбызды аяктайбыз.
Замирбек кызы Наргиза, Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районундагы “Перизат” мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы
Комментарийлер