Кошуу, кемитүү амалдарынын өз ара байланышы

  • 13.03.2024
  • 0
Кошуу, кемитүү амалдарынын өз ара байланышы

Сабактын максаты:

А) Окуучулар мисал, маселе чыгара алышат.

Б) Логикалык ойлоосу, кабыл алуусу, эске тутуусу өнүгөт.

В) Математика сабагына кызыгып, тапкыч, билгич болушат.

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү

Жабдылышы: Сүрөттөр, ватман, маркер, карточка, проектор ж.б.

Усулдар: топто, жекече, мээге чабуул, суроо-жооп ж.б.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу:  Ар дайым ачык кабагым,

Дайым даяр сабагым,

Саламаттык каалаймын

Саламатсыңарбы, балдарым!

Кошуу, кемитүү амалдарынын өз ара байланышы

Жагымдуу маанай: “Ай чыкты” ыры

Алтын эрежени эске салып алалы:

-Тынч отуруу

-Бири-бирин угуу

-Сабакка активдүү катышуу

-Кол көтөрүп жооп берүү

-Убакытты туура пайдалануу

Топко бөлүү: 

  1. “Кемитүү” тобу
  2. “Кошуу” тобу

Баалоо критерийлери менен тааныштыруу:

Кошуу, кемитүү амалдарынын өз ара байланышы

Үй тапшырманы текшерүү: Бош чакмактарды толтур.

Кошуу, кемитүү амалдарынын өз ара байланышы

Жаңы тема: 2+3=5           5-2=3        5-3=2

Математика илиминде бул түшүнүктү түшүнүү абдан маанилүү. Эки сан кошулса, сумма келип чыгат. Ал эми суммадан кошулуучулардын бирөөсүн кемитсек, экинчи кошулуучу сан келип чыгат.

Топто иштөө. Таблицаны толтур:

Кошуу, кемитүү амалдарынын өз ара байланышы

Амалдарды берилген иретте аткар:

Кошуу, кемитүү амалдарынын өз ара байланышы

Эс алуу мүнөтү: “Манжалар ырдайт”

Биринчиси баш бармак,

Экинчи колум сөөмөйүм.

Үчүнчүсү ортон,

Төртүнчүсү аты жок

Бешинчиси чыпалак.

Тапшырма: Маселе иштөө. “Кошуу” тобу:

  1. Тимур атасы экөө энесинин туулган күнүнө 2 ак, 4 сары жана 5 кызыл роза гүлүн сатып алышты. Алар энесине канча роза гүлүн тартуулашты?

“Кемитүү” тобу:

  1. Даракта 10 алма болгон. Куштар 3 алманы алып кетишти. Даракта канча алма калды?

Жыйынтыктоо: Мугалимдин сөзү.

Баалоо: Өзүн-өзү, бири-бирин баалоо.

Үй тапшырма: 31-бет, №9

Кошуу, кемитүү амалдарынын өз ара байланышыБегимай Баймоңолова, Балыкчы шаары, К. Жакыпов атындагы №8 жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими.

Бөлүшүү

Комментарийлер