Конденсация

  • 15.04.2026
  • 0
Конденсация

Табият таануу, 5-класс 

Теманын бөлүктөрү: Буулануу, кайноо, конденсация

Сабактын максаты:

  • Конденсация түшүнүгүн аныктай алышат;
  • Конденсациянын качан жана кандай шартта болорун түшүнүшөт;
  • Табиятта жана турмушта мисалдарды келтиришет;
  • Жөнөкөй тажрыйба аркылуу жыйынтык чыгара алышат.

Компетенттүүлүк:

1.Таанып билүү компетенттүүлүгү

  • Табигий кубулуштарды байкоо жана анализдөө;
  • Себеп-натыйжа байланышын аныктоо;
  • Жыйынтык чыгара билүү;

2.Маалыматтык компетенттүүлүк:

  • Берилген маалыматка түшүнүү;
  • Схема жана сүрөт аркылуу маалымат берүү;

3.Коммуникативдик компетенттүүлүк:

  • Өз оюн так жана түшүнүп айтууга үйрөнүү;
  • Топто иштөө жана талкуулоого катышуу.

4.Өзүн -өзү өнүктүрүү компетенттүүлүгү:

  • Практикалык иштерге кызыгуу;
  • Табиятка байкоо жүргүзүү көндүмүн калыптандыруу.

Көндүмдөр:

🧠 Окуучуларда төмөнкү көндүмдөр калыптанат:

🔍 Байкоо жүргүзүү

🧪 Тажрыйба жасоо

🧩 Анализдөө

📊 Себеп-натыйжа байланышын аныктоо

🗣 Ой жүгүртүү жана далилдөө

✏ Схема түзүү

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Конденсация түшүнүгүн аныктай алышса;
  • Конденсациянын качан жана кандай шартта болорун түшүнүшсө;
  • Табиятта жана турмушта мисалдарды келтиришсе;
  • Жөнөкөй тажрыйба аркылуу жыйынтык чыгара алышса.

Техникалык коопсуздук эрежелери:

  • Мугалимдин көрсөтмөсүз тажрыйба жасабагыла;
  • Идиш-аяктарды этият кармагыла;
  • Айнек идишти бекем кармоо;
  • Ыссык сууну мугалим гана куюш керек;
  • Кол менен кармабагыла, күйүп калуу кооптуулугун эске алгыла;
  • Иштеп бүткөндон кийин колду жууш керек;
  • Жумуш ордун жыйноо;
  • Колдонгон буюмдарды ордуна коюу;

Эскертүү: Коопсуздук эрежелерин сактоо — ар бир окуучунун милдети!

Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү жана практикалык элементтери бар аралаш сабак.

Сабактын формасы: Практикалык-изилдөөчү сабак (жеке, жупта жана топтордо иштөө).

Сабактын усулу: Байкоо, тажрыйба, талкуу, суроо-жооп.

Ресурс: Айнек стакан, банка, муздак суу (муз кошулган), ысык суу, салфетка же чүпүрөк, такта, маркер, сүрөттөр (шүүдүрүм, жамгыр, тердеген буу).

ОМК: Мугалим үчүн методикалык колдонмо, практикалык иш барагы, тесттик тапшырмалар.

Сабактын жүрүшү: 

1Е Кызыктыруу. Мугалим муздак суу куюлган айнек стаканды көрсөтөт.

Суроо: Стакандын сырты эмне үчүн нымдалып кетти? Бул суу кайдан пайда болду?

👉 Сабактын темасы айтылат: Конденсация.

2Е Изилдөө. Практикалык тажрыйба: Мугалим практикалык иштин инструкциясын түшүндүрөт. Окуучулар байкашат.

Керектелүүчү нерселер: Айнек идишке муздак суу куюшат. Стакандын сыртына суу тамчылары пайда болгонун байкашат.

Талкуу: Бул суу стакандын ичинен чыккан жок. Абадагы суу буусу муздак бетке тийгенде суюктукка айландыгын байкашат, талкуулашат.

3Е Түшүндүрүү. Конденсация – бул буунун муздап, кайра суюктукка айланышы.

Мисалдар: Эртең менен чөптөгү шүүдүрүм. Терезедеги буу. Жамгырдын пайда болушу.

Схема: Буу → муздайт → суу тамчысы.

4Е Терендетүү. 3 топко практикалык тапшырмалар.

🧪 1-топ: “Байкоочулар” тобу

Тапшырма:

  1. Муздак суу куюлган стаканды байкагыла.
  2. 3–5 мүнөттөн кийин өзгөрүүнү жазгыла.

Жооп бергиле: Стакандын сырты эмне болду? Суу кайдан пайда болду? Бул кандай процесс?

📌 Жыйынтыкты 3 сүйлөм менен жазгыла.

🌧 2-топ: “Изилдөөчүлөр” тобу

Тапшырма: Берилген көрүнүштөрдүн ичинен конденсацияны аныктагыла.

  • Шүүдүрүмдүн пайда болушу
  • Суунун кайнашы
  • Терезенин бууланышы
  • Муздун эриши
  • Жамгырдын жаашы

Тапшырма 2: Конденсация жамгырдын пайда болушуна кандайча катышат?

Схема түзгүлө:

Буу → __ → __ → Жамгыр

☁ 3-топ: “Түшүндүрүүчүлөр” тобу

Тапшырма:

  1. Конденсация деген эмне? (өз сөзүңөр менен)
  2. Кайсы шартта болот?
  3. Күнүмдүк жашоодон 3 мисал келтиргиле.

Чыгармачыл тапшырма: Конденсация процессин сүрөт аркылуу көрсөткүлө.

Проектор аркылуу көрсөтүлөт:

Тест суроолору:

  1. Конденсация деген эмне?
  2. Конденсация кайсы учурда болот?
  3. Мисал келтир.

5Е Баалоо. Баалоо критерийи (ар бир топко) тапшырманы туура аткаруу 3, түшүндүрүп берүү 3, активдүүлүк 2, схема/сүрөт тактыгы 2. Жалпы: 10 балл.

Үй тапшырмасы:

  1. Конденсация боюнча 3 мисал жазуу.
  2. Суунун айлануусу боюнча схема тартуу.

Конденсация

Иманали кызы Айпери, Д.Иманов атындагы жалпы билим берүү мектебинин биология мугалими 

Бөлүшүү

Комментарийлер