Клеткалардын хромосомдук топтому – тиричиликтин өзгөчөлүгүнүн негизи

  • 12.03.2024
  • 0
Клеткалардын хромосомдук топтому – тиричиликтин өзгөчөлүгүнүн негизи

Сабактын максаты:

  • Хромосоманын түзүлүшү, хромосомдук топтом, анын  аткарган кызматтары, түрлөрү, хромосомага байланышкан мутациялар боюнча маалымат берүү жана STEAM багытынын элементтерин колдонуу менен биология  предметинде PISA изилдөөсүндөгү табигый-илимий жана математикалык сабаттуулукту калыптандыруу.
  • Таанып-билүү аркылуу маалыматын анализдөө, негизгини бөлүп кароо, туура тыянак чыгара билүү көндүмдөрү өнүктүрүү жана илимий көз карашын калыптандыруу, илимий ой жүгүртүү компетенттүүлүгүн арттыруу.
  • Адамдарга жакшы мамиле кыла билгенге, бири-биринин оюн угуп, сыйлай билгенге, биргелешип чечим чыгара билгенге, боорукер, мээримдүү, адамгерчиликтүү болгонго, өзүн-өзү уюштуруу компетенттүлүгүнө  шыктандыруу.

Күтүлүүчү натыйжалар:

Сабак максатына жетет, эгерде окуучулар, хромосоманын түзүлүшүн, түрлөрүн, функцияларын билсе. Хромосомага байланышкан оорулардын түрлөрүн, келип чыгуу себептерин билсе.  Алган маалыматын анализдеп, илимий жактан негиздеп айтып бере алса.  Топто иштеп, бири-бирин угуп, туура тыянак чыгара билсе. Ооруган адамдарга боорукердик кылып, жардам бере алса. Алган билим, билгичтик, көндүмдөрүн тестте, контролдук иште жана өзүнүн жашоосунда колдоно алса.

Негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр:

  • Хромосоманын  түзүлүшү, түрлөрү, хромосомдук топтом, анын аткарган кызматтары боюнча маалымат алат. Маалымат таба билүү, изденүү көңдүмү калыптанат. Мутациялар боюнча маалыматын тереңдетет.
  • Табигый-илимий билимдерге кызыгуусу артат. Окуган материалдан аргументтүү жыйынтык чыгара билүү, илимий суроолорду коё билүү, илимий изилдөөнүн негизги себептерин ача билүү көндүмү өсөт.
  • Алган билим, билгичтик, көңдүмдөрүн тесттерде, практикалык иштерде күнүмдүк турмушта, керектүү учурда колдонот. Илимий ачылыштарга илимий баа бере алат.

Сабактын тиби: жаңы теманы өздөштүрүү.

Сабактын формасы: топто иштөө.

Колдонулуучу методдор: изденүү, изилдөө, иллюстрациялап түшүндүрүү, байкоо.

Колдонулуучу баалоо методдору: баяндап баалоо, калыптандыруучу, бири-бирин баалоо.

Сабактын жабдылышы: ппроектор, ноутбук, телевизор, сүрөттөр, клей, скотч.

Предмет аралык байланыш: математика, информатика, химия. 

Сабактын жүрүшү:

  • Уюштуруу, жагымдуу маанай (3 мүнөт)
  • Өтүлгөн теманы кайталоо (10 мүнөт)
  • Жаңы тема, Топ, тест, текст менен жалпы иштөө (20 мүнөт)
  • Бышыктоо (6 мүнөт)
  • Баалоо (2 мүнөт)
  • Үйгө тапшырма берүү (2 мүнөт)
  • Рефлексия, жыйынтыктоо (2 мүнөт)

Мугилим: Сабак жагымдуу маанай менен башталат. Кучагыбызды жайып, бул кучакты маалымат деп түшүнөбүз. Эми ушул маалыматтарды иргейбиз, бизге кереги жогун ойлобойбуз, мээбизди маалыматтардан бошотобуз дагы бүгүнкү алчу маалыматка бардык көңүлүбүздү бурабыз, чогултуп-чогултуп келип туруп бизге керектүү гана маалыматты алабыз. Мен да силерге керектүү гана маалыматты бергенге аракет кылам.

Топторго бөлүү: Балдар азыр болсо бул жерге турган баракчалардан каалаганыңары алгылачы. Бул жерде ар кандай маалыматтар берилген.

Балдардан сурайт: Сен эмне үчүн “Изилдөөчүлөр” тобуна кошулдуң?

Клеткалардын хромосомдук топтому – тиричиликтин өзгөчөлүгүнүн негизи

Окуучунун жообу: Окуучулар маалымат баракчаларды тандашат жана алар аркылуу топторго бөлүнөт.

Илимий маалымат жазылган баракча алган окуучулар “Изилдөөчүлөр”, математикалык маалыматы бар баракча алган окуучулар “Эсептөөчүлөр”, IT темасына байланышкан маалымат жазылган баракча алган окуучулар “IT адистер” тобуна топтолушат.

Себеби…: “Мутация  — организмдердин тигил же бул белгилерин өзгөрүүгө кокустан алып келген генетикалык материалдын тукум кууган өзгөргүчтүгү” (илимий маалымат). “Геномдук мутациялар – хромосоманын санынын азайышына же көбөйүшүнө алып келет. Ал экиге бөлүнөт” (маалымат математикалык жол менен берилген). Клетканын түзүлүшү боюнча маалымат 3D форматта жана анимация менен берилген, аны кабыл алуу кызыктуу жана оңой (IT маалымат).

Мугалим: мына балдар, бул маалыматтар менен силер мурда таанышсыңар. Биз мутация, клетканын түзүлүшү боюнча силер менен мурунку сабактарда өткөнбүз. Дагы мутация боюнча кандай маалыматтарды билесиңер? Хромосомдук мутация деген эмне, анын кандай түрлөрү бар?

Окуучунун жообу: мутация тукум кубалабаган өзгөргүчтүккө кирет. Ал ар кандай таасирлердин натыйжасынан келип чыгат. Мутацияны пайда кылган факторлор – мутагендер деп аталат. Мутациянын 3 түрү бар: гендик, геномдук, хромосомдук. Хромосоманын түзүлүшүндө ар кандай өзгөрүүлөр болот. Ал: инверсия, делеция, дупликация, транслокация.

Мугалим: жакшы, азаматтар. Ал эми геномдук мутацияга мүнөздөмө бергилечи? Анын кандай түрлөрү бар?

Окуучунун жообу: Хромосоманын санынын өзгөрүшүнө, жоголушуна же кошулушуна байланышкан мутациялар геномдук деп аталат. Ал экиге: анеуплоидия, полиплоидияга бөлүнөт.

Мугалим: Азаматсыңар балдар. Балдар силер бүгүн сабакта, акционердик коом түзгөнгө аракет кылып көргүлөчү. Ар бир ишти башталышы үчүн белгилүү бир суммадагы капитал керек болот. Келгиле, бүгүн силер өз билимиңер, жөндөмүңөр менен алгачкы капиталды топтогонго аракет кылгылачы. Ал үчүн ар бир туура, так аткарган тапшырма үчүн же туура жооп үчүн акция деп аталган баалуу кагаздарды топтой аласыңар. Мутация боюнча билген билимиңер үчүн ар бир топ өз акцияңарды алсаңар болот. Сабактын акырында бул акцияларды санайбыз да, кайсы топтун акциясы көп болсо, ошол топ утушка ээ болду деп эсептейли жана ал акцияларды кайсы окуучу көбүрөөк тапты аны өзүңөр байкап тургула.

Акцияларды кимдер көбүрөөк топтойт деп ойлойсуңар? Албетте, ар бир сабакта сакталган алтын эрежелерди сактаган окуучу же топ көп топтойт.

Окуучулар баалоо боюнча угуп, түшүнүк алат.

Алтын эреже

  • Бири-бирин уга билүү
  • Бири-биринин оюн сыйлоо
  • Биргелешип иштөө
  • Активдүү болуу
  • Тынч отуруу
  • Кол көтөрүп сүйлөө
  • Кызыгып катышуу
  • Убакытты туура пайдалануу
  • Өз оюбузду так, ачык айтуу
  • Көңүл коюп отуруу

Мугалим: анда биз бүгүн силер менен хромосомага байланышкан теманы улантабыз (сабактын темасын, максатын, күтүлүүчү натыйжаларды  айтат).

Балдар, мен силерге азыр маалымат берем. Бул маалыматты силер жөн гана укпайсыңар. Тобуңардын максатына ылайык, 1-топ илимий маалыматты, эсептөөчүлөр маалыматтын математикалык жагын, IT адистери кандай жолдор менен маалыматтын берилишине маани бересиңер. Топто талкуулап, жооп бергиле.

Презентация. Гендер, ДНК жана хромосомалар – бизди уникалдуу кылган түшүнүктөр. Булар ата-энебизден берилген инструкциялардын топтомун түзүшөт. Ал эми бул инструкциялардын баары биздин клеткабызда орун алган. Ал эми ар бир организм клеткадан турат.

  1. Хромосоманын ачылышы. Вальдейер, Кольцовдун ачылыштары.
  2. ДНКнын кош спиралы, ген, белок-гистонго спиралдын оролушу, нуклеосома, нуклеомер, хроматин, хроматид аркылуу, метафазадагы хромосоманын пайда болушу.
  3. Хромосоманын түзүлүшү: Хроматиддер, центромера, ийинчелер. түрлөрү. Ийинчеси бирдей, ийинчеси ар кандай, таякчадай.
  4. Хромосомдук топтом жана кариотип.
  5. Клеткалардын хромосомдук топтому – тиричиликтин өзгөчөлүгүнүн негизи

Видеоматериалга текст түзүү. Хромосоманын түзүлүшү.

Текст менен иштөө. Хромосоманын түзүлүшүнүн деңгээлдери: нуклеосомалык, нуклеомердик, хромонемалык же хромомералык, хроматиддик, хромосомалык деңгээлдердеги узун ДНК молекуласынын кыскарып, чогулушу, жыйылышы боюнча текст берилет.

Тест менен иштөө. 1. Кариотип – бул организмдеги хромосомалардын диплоиддик топтому.  Ал 2n менен белгиленет. Адамдын кариотибинде 22 жуп хромосома аутосомалар  (соматикалык – дене клеткаларында) жана бир жуп жыныс хромосомалары болот.  Жыныс хромосомалары алардын ичинде кармалган курамы боюнча гана эмес, алардын түзүлүшү боюнча дагы айырмаланышат. Адамдар, сүт эмүүчү жаныбарлардын ургаачылары гомогаметалык жыныстуу организмдер болушат.  Аларда 2ХХ хромосомалар, ал эми эркектери гетерогаметалык, б.а. аларда Х жана У хромосомалары болот.

Топтордун тест менен иштөөсү:

1-топ: Хромосоманын санынын өзгөрүшү, мейоздо болгон каталардын натыйжасы, бирок митоздун бузулушунан да келип чыгат. Бул өзгөрүүлөрдүн эң көрүнүктүү мисалдары, Даун синдрому (1 хромосома ашык 47), Шерешев-Тернер синдрому (1 хромосома кем 45)

Суроо: бул мутациялар геномдук мутациянын кайсы түрүнө кирет?

а) анеуплоидия

1. трисомия 2. моносомия 3. нуллисомия

б) Полиплоидия

1. Тетраплоиддүү топтом

2. Тетраплоиддүү топтом

3. Гексаплоиддүү топтом

2-топ: Хромосоманын санын азайышы же көбөйүшү, анын бир бөлүгүнүн түшүп калышы, же бурулуп калышына байланышкан мутациялар тирүү организмдерде дайыма байкалып, болуп туруучу кубулуш.  Ар кандай илимий изилдөөлөр төмөндөгү суроолорго жооп бере алабы? Ар бир суроо үчүн «ооба» же «жок» деп жооп бергиле.

1. Хромосоманын түзүлүшүнүн нуклеосомалык деңгээлинде өзгөрүүлөр болгонбу?  (жок)

2. Хромосомалардын санынын азайышы же көбөйүшү кандай себептердин натыйжасында келип чыгат? (ооба)

3. Хромосоманын санынын азайышы хроматин жипчелеринин тыгыз эмес бош жыйналышынын натыйжасында келип чыгабы? (жок)

3-топ: Хромосома өзүнөн башка сырткы механизмдер же органоиддер менен өз ара аракеттенишип, төмөндөгүдөй функцияларды аткарат. Тукум куучулук маалыматты сактайт жана калыбына келтирет.

  • Маалыматты сактоонун жана калыбына келтирүүнүн ишке ашырылышына жооптуу
  • Маалыматты сактаган, калыбына келтирген биополимерлердин касиетин аныктайт
  • Генетикалык материалдын эки эселенүүсүн шарттайт
  • Генетикалык маалыматты энелик клеткадан кыз клеткаларга берет

Суроо сүрөттө хромосоманын кайсы фунциясы чагылдырылган? Ар бир топтун жообу угулат, бааланат, комментарий берилип, туура, катасы аныкталат.

Сүрөттө ДНКнын эки эселениши же репликация процесси берилген. Гендин жазылышы, берилиши матрицалык синтездин – репликация процессинен башталат.

Бышыктоо: Келгиле, балдар, бүгүнкү сабакта алган маалыматтарыбызды эстейличи. Доскадагы сүрөттөрдүн жардамы менен кандай терминдерди билдик, кандай кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды ала алдык? Ким айтып берет?

Анда бул сүрөттөр менен алган маалыматыбыз толук болбой калат окшойт. Мен силерге ПАЗЛ берейин, ПАЗЛды жандырып, маалыматты толуктап албайлыбы?

ПАЗЛда  адамдын кариотиби, хромосоманын түзүлүшү, ДНКнын молекуласынын гени берилген бир бөлүгү берилген. 

Баалоо: Билимдерди баалоо. Уткан команданы аныктоо. Акцияларды саноо жана акциянын көпчүлүк бүлүгүнө ээ болгон окуучуларды аныктап, баалоо.

Үй тапшырмасы: Бүгүн хромосома боюнча ар кандай тесттер менен иштеп, тапшырмаларды аткарып,  кенен маалымат алганга аракет кылдык. Силер үйдөн хромосомага байланышкан кызыктуу маалыматтарды таап, окуу китебинде хромосоманын түзүлүшү берилген сүрөттү тартып келгиле.

Клеткалардын хромосомдук топтому – тиричиликтин өзгөчөлүгүнүн негизиМээрим Молдобаева, Ысык-Көл районуна караштуу Жапар Шабиров атындагы Орто-Өрүктү жалпы орто билим берүү мектебинин химия-биология мугалими 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер