КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДАГАНЫҢ – КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ САЛГАНЫҢ

  • 24.08.2023
  • 0
КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДАГАНЫҢ – КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ САЛГАНЫҢ

Барчын Абдылсакы кызы,

Ош шаарындагы №52 «Кыргыз-Түрк достугу» мектеп-лицейинин

 кыргыз тили жана адабияты мугалими

10-11-класстар үчүн класстык саат

Сабактын максаттары:

билим берүүчүлүк: Кесип жөнүндө, анын түрлөрү жөнүндө бир нече маалыматтарга ээ болушат;

өнүктүрүүчүлүк: «Кесипти табыңыз», «Кесиптердин ишараты» деп аталган тапшырмаларды аткаруу менен ой жүгүртүүлөрү, кыймыл көнүгүүлөрү өркүндөйт;

тарбия берүүчүлүк: Ар бир кесиптин ардактуулугун сезип, кесип ээлерине жылуу мамиле жасоого тарбияланышат.

Зарыл болгон каражаттар: түстүү стикерлер

Алдын ала даярдалуучу каражаттар:

  • «Кесиптердин ишараты» көнүгүүсү үчүн түстүү стикерлерди жана үч окуучудан топ болуп отурууга орундарды ыңгайлаштырып, каанадантоскоол болуучу эмеректерди алып салуу керек;
  • А4 өлчөмүндөгү актай барактардын ортосуна компьютерден ар бир окуучунун аты-жөнү, анын табиятына карап келечектеги даражасы жазылып, үч бүктөлгөн табличкалар.

Мотивдештирүү:

Окуучуларды сабакка мотивдештирүү максатында мугалим алдын ала даярдалган табличкаларды бирден алып, жагымдуу маанай түзүп алат.

Мугалим: — Саламатсыңарбы, балдар! Бүгүнкү сабагыбыз башка сабактардан кыйла айырмаланып турат. Ал анткени бүгүнкү сабагыбыз силердин келечегиңер менен тыгыз байланыштуу. Андай болсо мен ар бириңерди бирден тааныштырып чыгайын, калгандар болсо кол чаап, кубаттап отурабыз.

Мугалим табличкалардын бирин алып, анда жазылган окуучунун аты-жөнүн жана анын келечектеги кесибин окуйт: Бегимай Мадалиева – Жүрөккө операция жасоо боюнча дүйнөдөгү белгилүү хирург. Окуучулардын кол чабуусунун коштоосунда мугалим колундагы табличканы аты аталган окуучунун алдына коюп, кийинки табличкаларды ушундай тартипте окуп жайгаштырып чыгат.

Билимдерин актуалдаштыруу:

 Мугалим: — Балдар, бүгүнкү сабагыбыз кесипти туура тандоого багытталгандыктан, төмөнкү суроолорго силерден жооп күтөмүн.

Аалымдар жашоодо адам баласына үч нерсени туура тандоону сунуш кылышат. Алар эмнелер?

Жообу: өмүрлүк жар тандоо; кесипти тандоо, жумушту тандоо.

Футурология илими эмнени окутуп-үйрөтөт?

Жообу: Футурология – ар тараптуу келечекти болжолдоо. Анын ичинде келечекте кайсы кесиптердин жоголуп, кайсы кесиптердин кирешелүү болору жөнүндө да пикирлер айтылат.

Канча кылым өтсө да эч качан эскирбеген кесиптер болушу мүмкүнбү?

Жообу: Албетте. Мугалим, дарыгер, инженер, архитектор ж.б.

«Кесипти табыңыз» көнүгүүсү

 Мугалим класстагы окуучулардын үчтөн бешке чейин чакан топторго бөлүшү керек. Андан кийин топтор тегерек абалында отурушат. Андан кийин гана мугалим төмөнкү нускаманы жарыялайт:

«Кымбаттуу окуучулар, азыр «Кесипти табыңыз» деп аталган көнүгүүнү аткарабыз. Бул үчүн мен ар бириңерге стикерлерди таркатам. Төгөрөктө ар бир окуучу өзүнүн сол жагында отурган коңшусуна кунт коюп карап, аны терең изилдеп, кайсы кесип ага ылайыктуу экендигин болжолдоп, андан соң стикерге кошунасы үчүн тандап алган кесипти жазып, бирок өзүнө көрсөтпөстөн, бул стикерди кошунасынын чекесине чаптайт. Силерден шылдыңдоочу же кемсинтүүчү кесиптерди жазбоону өтүнөм. Эгерде ушундай стикерлерди көрсөм, ошол замат аны алып таштоого укугум бар. Нускама силерге түшүнүктүүбү?

Классташтарыңарга кесип тандап жатканда анын мүнөзүнө, жөндөмүнө жана кызыкчыгына көңүл буруш керек. Эсиңерде болсун, жаман кесиптер жок жана биз кесиптерди эркектики жана аялдыкы деп бөлбөйбүз».

Бардык окуучулардын чекесине кесиптин аты жазылган стикерлери бар экендигине ынангандан кийин, мугалим төмөндөгүдөй нускаманы берет: «Эми классташыңар силер үчүн тандаган кесипти аныктоо үчүн саат жебеси боюнча кезектешип суроолорду беришиңер керек. Суроолорду «ооба» же «жок» деп түзө тургандай кылып түзгүлө. Мисалы:

  • Бул медициналык кесиппи?
  • Бул кесипти аркалагандар окшош форма киеби?
  • Бул кесип технологияга байланыштуубу?
  • Бул кесип ээлери коомчулук менен иштешеби?
  • Бул кесип ээсине туура жазуу маанилүүбү? ж.б.

Эгерде «Ооба» деп жооп берилсе, анда окуучу суроону улантууга укуктуу. Кесипти божомолдоп таап жаткан окуучу «Жок» деген жоопту укмайынча суроо берүүсүн уланта берет. Биринчи катышуучу терс жооп алгандан кийин, оюнду экинчи окуучу улантат. Оюндун биринчи айлампасы окуучулардын бири өз кесибин тапканда аяктап, калган окуучулар кийинки айлампаны уланта беришет».

Мугалим жараянга байкоо салып турат. Көнүгүүнү аткарып жатканда эгер кимдир бирөө түшүнбөсө, ага өзүнчө түшүндүрүүгө аракет кылат.

Бул көнүгүү соңуна чыккан соң мугалим окуучуларга төмөндөгүдөй суроолорду узатат:

  • Классташыңар тандап берген кесип силерге жактыбы?
  • Бул кесип тууралуу мурда ойлондуңар беле?
  • Бул көнүгүү силер үчүн канчалык пайдалуу болду?
  • Эмне үчүн классташыңарга ушул кесипти тандадыңар?
  • Кесипти тандап жатканда эмнелерди элестеттиңер?

Окуучулар бул суроолорго жооп берген соң мугалим кийинки көнүгүүгө өтөт.

«Кесиптердин ишараты» көнүгүүсү

Ишарат (пантомима) – бул сахна искусствосынун бир түрү, мында сөз колдонулбайт, адам денесинин пластикасы көркөм образды түзүүнүн негизги каражаты болуп саналат.

Мугалим классты эки топко бөлүп, көнүгүүнүн аталышын жарыялайт жана окуучуларга бул көнүгүүнү аткаруу боюнча так көрсөтмөлөрдү берет.

«Урматтуу балдар, эми биз «Кесиптердин ишараты» деп аталган көнүгүүнү аткарып көрөбүз. Бул көнүгүү ар кандац кесиптердин өкүлдөрүнүн ролунда өзүбүздү сынап көрүүгө жардам берет. Командадан улам бир адам чыгып, кезектешип, башкаларга эки кесипти ишарат аркылуу көрсөтүп беришет: а) ата-энеңер тандаган кесип б) өзүңөр тандаган кесип же в) силердин оюңар боюнча эң кызыктуу кесип. Силер ишараттардын жардамы менен кесиптерди көрсөтүп беришиңер керек. Башка команда силер көрсөтүп жаткан кесиптерди табууга тийиш. Классташтарыңар кесипти тапкан соң аны көрсөтүп берген окуучу өзүнүн кесиби, эмне үчүн аны көрсөткөндүгү, ушул кесипке эмне үчүн кызыгып жүргөнү жөнүндө айтып бериши керек. Бул көнүгүүнү командалар кезектешип аткарышат».

Бул көнүгүүнү аткарууда негизги эреже бар: баяндамачы ишаратты аягына чейин көрсөтүп бүткөнчө күтүп, ошондон кийин гана табышыңыз керек.

Мугалим жараянга байкоо салып, көнүгүү аткарылып жаткан маалда фасилитатордун ролун аткарат.

Бул көнүгүү соңуна чыккан соң мугалим төмөнкү суроолор менен окуучуларга кайрылат:

  • Эмне үчүн ушул кесипти көрсөткүңөр келди?
  • Эки кесиптин ичинен кайсы бири силер үчүн өзгөчө ыңгайлуу болду?
  • Кайсы кесип силер үчүн кызык болду?
  • Кайсы кесипти улуу адамдар силерге таңуулашат?
  • Бул көнүгүү силер үчүн канчалык пайдалуу болду?
  • Сабакты жыйынтыктоо үчүн берилүүчү суроолор:
  • Бүгүн өзүңөр үчүн кандай жаңы кесиптерди ачтыңар?
  • Эки көнүгүүнүн кайсынысы силер үчүн пайдалуу болду? Эмне үчүн?
  • Силер үчүн эмнелер жаңы болду?
  • Кесипти тандоодо ушул көнүгүүлөр силерге жардам бере алабы?

Сабак жыйынтыгына келген соң окуучулар кесип тандоо боюнча өздөрүнө эки эреже кабыл алып, аны дептерге жазышат жана ошол эрежелерди окуу менен сабак аяктайт: Мисалы: мен кесип тандоодо талантыма карап тандайм; мен кесип тандоодо ата-энемдин да кызыкчыгыны эске аламын ж.б.

Колдонулган адабият: «Өспүрүмдөрдүн өзүн-өзү таанып билүү жана жеке өнүгүү» курсу.

Бөлүшүү

Комментарийлер