КӨНҮГҮҮ МЕНЕН ЫРДОО ЭРЕЖЕСИ. ДО-МАЖОР, МИНОР ГАММАСЫН ЛИГА, СТОКАТО АРКЫЛУУ ЫРДАТУУ
- 24.11.2025
- 0

Монолдоров Эльмир, Ысык- Көл облусунун, Жети-Өгүз айылынын Данаке Иманов
атындагы орто мектебинин музыка мугалими, Эл агартуунун отличниги.
Музыка сабагы, 2-класс
Сабактын темасы: Көнүгүү менен ырдоо эрежеси. До- мажор, минор гаммасын лига, стокато аркылуу ырдатуу.
Сабактын максаты:
Билим берүүчүлүк: Мажор, минор жана лига, стокато жөнүндө маалымат алышат. Үндү анализдеп, угууга жетише алат.
Музыкалык компетенттүүлүктөр: Лига, стокато аркылуу ырдоо менен бирге көнүгүү аркылуу дене тарбия сабагын айкалыштырып шайыр жана дени сак болууга тарбияланышат. Кыймылдар менен гамманы аткарышат.
Сабакта төмөндөгүдөй компетенттүүлүктү калыптандырышат:
Негизги компетенттүүлүктөр:
- Таанып, билүүчүлүк-ишмердүүлүк: Мажор, минор жөнүндө маалымат алышат жана лига, стокато аркылуу ырдашат;
- Социалдык-коммуникативдик: Музыканын мүнөзү жөнүндө билишет;
- Эмоционалдык-инсандык: Музыканын мүнөзү менен таанышышат;
- Маалыматтык-санариптик: Музыкалык аспаптар менен интерактивдүү такталарды колдонуп ырдоо.
Предметтик компетенттүүлүк:
Музыкалык-аткаруучулук: Мажор, минор жана лига, стокатону сезип, ырдоого жетише алат;
Музыкалык-аналитикалык: Музыканы дене тарбия менен айкалыштырып сабак өтүү;
Музыкалык-чыгармачыл: Лига аркылуу андан соң стокато аркылуу көнүгүү жасоо менен ырдоо;
Музыкалык-маданий: Музыка сабагы менен дене тарбия сабагын айкалыштырып ырдоо.
Сабактын жабдылышы: Музыкалык аспаптар, ноталар жазылган сүрөттөр, интерактивдүү такта, проектор, слайддар, видео сабактар.

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ
Сабактын темасы: Көнүгүү менен ырдоо эрежеси.
Музыка сабагынын үндү калыптандыруу бөлүгү (15 мин).
Сабактын максаты: До-мажор, минор гаммасын лига, стокато аркылуу ырдатуу.
Контекст: Жеке, жергиликтүү, глобалдык.
Сабактын этаптары: 1 Е –Кызыктыруу этабы
Мугалимдин ишмердүүлүгү. Мугалим окуучуларды отурган абалда до-мажор, минор гаммасын лига, стокато аркылуу ырдатуу.
Окуучунун иш-аракети. Окуучулар отурган абалда угушат, ырдашат.
Сабактын этаптары: 2 Е – Изилдөө этабы. 15 мин
Мугалим мажор, минор жөнүндө маалымат берип, лига, стокато аркылуу ырдап берет.
Окуучулар лига стокато айырмасын билүүгө аракет жасашат. Легато бир добуштан экинчи бир добушка куюлуштуруп ырдоо, андан соң стокато аркылуу үзүп-үзүп ырдоо.
- Лига
- Стокато
3 Е – Түшүндүрүү этабы. 10 мин.
Мугалим мажор, минор жөнүндө маалымат берип лига, стакато аркылуу көнүгүүлөрдү тактага графика аркылуу көргөзүп берет.
Окуучулар берилген тапшырманы аткарышат. Көнүгүү жасоо менен бирге ырдашат.
4 Е – Колдонуу. Мугалим окуучуларга мажор менен минордун айырмасын табуу үчүн музыкалык дидактикалык оюн ойнотот.
Мажор – көңүлдүү. Минор – ойлуу.
Окуучулар минор менен мажор айырмасын табышат, көнүгүү жасашат жана аткарышат, ырдашат.
5 Е – Баалоо. Сабакка активдүү катышкан ар бир окуучунун иш-аракетин мугалим баалайт. Музыкалык графиканын негизинде окуучулар бири- бирин баалашат.
Үй тапшырма. Мажор менен минордун айырмасын билүү менен бирге көнүгүү жасоо. Окуучулар үйдөн кайталап, көнүгүү жасашат. Үйдөн баарлашуу учурда стокато лига кандай учурда кездешиши мүмкүн экендигин изилдеп келүү.
Комментарийлер