ИЙГИЛИКТИН ДАГЫ БИР ДУШМАНЫ ЖАМАН ӨРНӨКТӨР

  • 20.11.2023
  • 0
ИЙГИЛИКТИН ДАГЫ БИР ДУШМАНЫ ЖАМАН ӨРНӨКТӨР

Апиза ШАРАБИДИНОВА,

 Ноокат районунун Ынтымак айылындагы

Беш-Буркан орто мектебинин

география сабагынын мугалими,

директордун орун басары

 

 Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Окуучулар теманы өздөштүрүү менен жашоодогу жакшы менен жамандын айырмачылыгын айырмалай алышат.

Өнүктүрүүчүлүк: алган билимин жашоодо пайдаланып,  ийгиликке жетүүгө аракеттенишет.

Тарбия берүүчүлүк: балдар жаман адаттарын таштап, адептүү, ыймандуу болууга тарбияланышат.

Мугалимдин сөзү:

Ийгиликке ишенүү, ийгиликтин өзөгүн түзөт. Мен да силердин келечекте ийгиликтүү болушуңарга ишенем. Бирок ийгиликке жетишебиз деп, ага көлөкө түшүрүүчү нерселерди кылбашыңар керек.

Күтүлүүчү натыйжалар: 

Эгер окуучу теманы өздөштүрсө, ийгиликтин сырларын талдай алса.

Сабактын тиби: Аралаш

Уюштуруу: Саламдашуу, жагымдуу маанай смайликтер менен

бири-бирине жылмаюу. Топторго бөлүнүү — шарфтар менен бөлүнүү

  • Ийгилик — Жашыл
  • Ишеним — Көк
  • Максат — Сары

Алтын эреже түзүү: Белгилүү биз кадырлаган инсандардын

накыл кептеринен айтуу менен түзүп алуу.

Мугалим: Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу.

 Ч.Айтматов

Окуучулар:  1. Артыңдан сөз кылса, демек сен алдыда баратасың. Конфуций

  1. Сен таза болсон, мен таза болсом, коом да таза болот. И.Разаков
  1. Билим берди адамзат улуу болду, окуу менен көп ачты сырдуу жолду. Жусуп Баласагын
  1. Адамдын эң кымбат сапаты — бул анын адеби, адамгерчилиги. Гапыр Мадаминов
  1. Чала сабат адам эч нерсени бүтүрө албайт. Гапыр Мадаминов

Караңгыда көз, капилеттен сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн “кеп казынадан” тартуулап турган белгилүү инсандардын сөздөрүнөн накыл кептеринен алтын эреже түзүп алдык.

— Азаматсыңар балдар!

Ийгилик, ишеним, максат жана өрнөктүү болуу үчүн да ар бир тепкичти басып өтүү зарыл. Сабакта жооп берүүңөрдү өзүңөр тобуңар менен жогорудагыдай белгилөө менен баалап кетесиңер.

— Балдар ар бир инсандын өзүнө жакпаган бир мүнөзү болот. Келгиле, ошол мүнөзүбүздү ар бирибиз жазып, кутучага салып, бекитип коебуз да сабакты баштайбыз. Теманы баштаардан мурун мен силерге суроо менен кайрылгым келип турат. Практикалык суроо.

Суроо:  Төрт стаканда суу бар, суунун ичинде

1. Кайчы

2. скрипка

3. өчүргүч

4. кашык

Кимисинде суу көп?

Азаматсыңар балдар, мен бул суроо менен жашоодо ар бир кадамдын, ар бир суроонун жообу бар экенин жана ушул стакандагы суу бирдей куюлган, бирок анын ичине түшкөн оордуктун маанилүүлүгүн  турмуштун сабактары менен салыштырмакчы болдум.

Убакыт, ишеним, бактылуулук, максаттуу, ийгилик — балдар биздин бүгүнкү темабыз:

Ийгиликтин дагы бир душманы жаман өрнөктөр

Келгиле, биринчи эле силерге ар бириңерге суроо менен кайрылсам.     Ийгилик дегенде эмнени түшүнөсүңөр?  Ишеним дегенде эмнени түшүнөсүңөр?  Максат дегенде эмнени түшүнөсүңөр? Өрнөктөр дегенде эмнени түшүнөсүңөр?

Азаматсыңар, эмесе балдар,

Ийгилик бул — максатка жетүү,

Ишеним бул — инсандык касиет адам өзүнүн

жөндөмүнө баа берүү менен ишенүү.

Максат бул — план түзүү.

Өрнөктөр — бул ар бир инсанга табигый жана жашоодогу көптөгөн таасирлерден улам энчиленген адаттар деп билдик туурабы?  Келгиле эмесе, теманы талкуулап, берилген тапшырмаларга жооп берүү менен өздөштүрүп алсак.

  1. Окуп түшүнүү:  Талашты басуунун эбин үч топко берүү, өз ойлорун жазып, каармандардын мүнөзүн аныктоо.
  1. Келгиле балдар кийинки тапшырмабыз предмет аралык тесттик суроолор:  Зип грейд менен текшерүү.
  2. Макалдарды улап кетүү.
  3. Бекерчиден — бул көч.
  4. Кызга кырк жерден тыюу.
  5. Азды жок дебе, көптү бар дебе.
  6. Таза болсоң. суудай бол, баарын жууп кетирген.
  7. Жакшы адам ачык сүйлөйт, Сөз тамырын казып сүйлөйт.
  8. Жаман адам сасык сүйлөйт, башкаларды басып сүйлөйт.
  9. Абийр тапса баласы, атасына бак конот.
  10. Адам болмок аста-аста, айбан болмок бир паста.
  11. Адам өзүнөн эмес, сөзүнөн байкалат.

Биздин өсүүбүзгө таасирин тийгизген тоскоолдуктар эмнелер деп ойлойсуңар?

— Ватманга топ биргеликте синквейн түзүү менен чагылдырабыз.

  1. Эртен кылам, эртен баштайм дешет.
  2. Бир ишти аягына чыгарбайт.
  3. Телевизор көп көрөт.
  4. Идеясын ишке ашыруудан коркуу.
  5. Убадасын аткарбайт.
  6. Эч нерсеге кызыкпайт.
  7. Планы жок ой келди иш кылуу.
  8. Уктаганды жакшы көрөт.

Окуп берүү, мүнөзүн талкуулоо.

Бир нерсе алгыңыз келсе, сиз да бергенди үйрөнүңүз. Кээ бир адамдар баардык нерсеге ээ болгусу келет, бирок өздөрү мерездик кылып, эч кимге эч нерсе бергиси келбейт, берешен болуңуз. Роберт Кийосаки

Ватман берип, бизди кыймылга келтирүүчү системаларды белгилеп өтөлү.

  1. Спорт менен машыгат
  2. Таң эрте турат
  3. Убакытты туура пайдаланат
  4. Максатын так белгилейт
  5. Ар дайым өзгөрүүгө даяр
  6. Ар күнү план менен иштейт
  7. Жан дили менен аткарат
  8. Жумушун кызыгуу менен аткарат
  9. Чыдамкай
  10. Сөзүнө турат
  11. Китеп окуйт
  12. Көп изденет
  13. Сабак алат
  14. Кетирген катасынан сабак алат.

Бышыктоо.

Ар бир инсан бул дүйнөгө жакшы үмүтү менен келет эмеспи?  “Өсөйүн, өнүгөйүн, бактылуу болсом” деп.

Турмуш — бул бүтпөгөн күрөш экени бардыгына маалым. Ак менен караны, жакшы менен жамандын, акыйкат менен жалгандын турмуштун кереметин, ысык-суугун көрүп кыйынын да, жакшыны да, жаманы да, жеңип да, жеңилип да кимдер гана өтпөгөн бул дүйнөдөн.

Америкалык филасоф Дэвид Старр Джордан айткандай: Жолду билгенге жол берүү үчүн бүткүл дүйнө артка чегинет, биз ийгиликке жетүү жолун үйрөнүү биздин ыйык милдетибиз. Ал үчүн өзүбүздү тарбиялашыбыз керек. Эң жакшы таасир —  бул улуулардын таасири бизге жакын турган педагогика тармагындагы мыкты мугалимдерибиздин айткан насааттары бизге сабак болсун.

Сабактын натыйжасы:

Ийгиликке жетүү ийгиликтин өзөгүн түзөт. Мен да силердин келечекте ийгиликтүү болушуңарга ишенем, бирок ийгиликке жетишебиз деп, ага көлөккө түшүрүүчү нерселерди кылбашыңар керек.

Балдардын оюн угуу:

  1. Ийгилик өзүбүздүн колубузда экенин билдим
  2. Белгилүү инсандардын ойлорун эстедим
  3. Жаман адаттарды жок кылуу өзүбүздөн экенин билдим
  4. Максатты ишке ашыруу үчүн туура максат коюу керек эмес ж.б.

      Баалоо: Окуучулардын теманы өздөштүрүп, жооп берүүсүнө карай белгилеп өтүү.

Үйгө тапшырма: Ийгилик сырлары деген темада эссе жазып келүү жана  Кыргызстандагы белгилүү инсандардын өмүр чыгармачылык  жолун белгилеп, жазып келүү.

Колдонулган материалдар: АЭМ, дасторкон четтиндеги университет. Г.Мадаминов

Колдонулган усулдар: Кыялбек Акматовдун усулдары.

 Белгилүү инсандардын накыл кептери.

Бөлүшүү

Комментарийлер