ЭНЕ ТИЛИ ЖАНА АНЫН МААНИСИ
- 26.11.2025
- 0

САБАКТЫН ТЕМАСЫ:
ЭНЕ ТИЛИ ЖАНА АНЫН МААНИСИ
Класстык саат, 6-класс
Аңгемелешүүнүн багыты: Нарктуулук тууралуу (материалдык жана руханий маданият) аңгемелер.
Максаты: Руханий маданият жана анын белгилери тууралуу аңгемелешүү.
1-тема: Эне тили жана анын мааниси тууралуу аңгемелер. Улуттун руханий маданиятынын башатында эне тили, ата салттары тууралуу, эне тилинин мааниси, анын эмне үчүн эне тили деп аталары («Эне тилин унут- кан- энесин унуткан»), эне тили гана адамдын жан дүйнөсүн туура калыптандырары, анткени бала кезинен тарта эненин жылуу сөзү, эркелетүүсү, акыл кеби, айткан адеп үлгүлөрү менен чоңоёру, энеден уккан жомоктор, накыл кептер, үйрөнгөн ырлар ж. б. анын кандай адам болоруна таасир этери, ошон үчүн эне тили адам өмүрүндө эң баалуу экендиги тууралуу аңгемелер.
Практикалык иш: Эне тили, анын мааниси жана ролу тууралуу («Кыргыз эли жер үстүндө жашап турганда, кыргыз тили жашай берет» Ч. Айтматов), «Тил — улуттун жаны», «Улут тилин жоготсо, тил баарын жоготот» ж.б. темаларда талкуулар, ойлор, пикирлер, презентациялар, долбоорлор, диспуддар.
Сабактын максаты:
Улуттун руханий маданиятынын башатында эне тили тура тургандыгын жана эне тилинин маанисин билишет.
Эне тили улуттун мамлекеттүүлүгүнүн сакталышына өбөлгө түзөөрүн билишет.
Эне тили аркылуу адамдын жан дүйнөсүнүн туура калыптанышына жана эне тилинин баалуулугун билүүгө тарбияланышат.
Эне тилди даңктаган накыл кептерди, ыр саптарды, аңгемелерди адабий тилдин нормасында туура,так сүйлөөгө жана айтууга үйрөнүшөт.
Сабактын жабдылышы:Эне тили тууралуу учкул сөздөр, макал-лакаптар, тематикалык сүрөттөр, видео роликтер ж. б.
Сабактагы негизги иш-аракеттер:
Эне тилди даңктаган ырлар, макал-лакаптар, көркөм окуулар, суроо-жооптор, таршырмалар.
Сабакты уюштуруу (5 мүнөт)
— саламдашуу
— жагымдуу маанай түзүү
Кыргыз тилинин мамлекеттик гимни менен баштоо
Негизги бөлүк (25 мүнөт)
Мугалим:
— Балдар кыргыз тилибиз — биздин эне тилибиз, биз үчүн улуу тил, ыйык тил.
Манас атабыз улуу тилде ураан чакырып, эл-жерин коргоп келген.
Бакай атабыз өзүнүн накыл кептери менен ыйык тилибиздин кудуретин
баян эткен, Каныкей апабыз бешик ырын ырдаган.
Биз да баарыбыз энебиздин ак сүтү менен бирге алдей ырын, бешик ырын угуп чоңойгонбуз.
Кыргыз Республикасынын эне тили-кыргыз тили, кыргыз тили-уюткулуу тил. Өткөн тарыхтан бери көз чаптырсак, тоскоолдуктарга туруштук берип, өз нугун таап,1989 -жылдын 24-сентябрында мамлекеттик статуска ээ болгон-улуу тил.
Заманыбыздын залкары болгон дүйнөлүк маанидеги улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов да сөз кудуретинин баалуулугун өзүнүн накыл кептеринде белгилеп кеткен.
(Экрандан же доскадагы илинген көрсөтмөлөрдөн пайдаланууга болот)
— Балдар силер байкагандай улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов өзүнүн жетишкен бийиктигин эне тилдин духу менен байланыштырган.
— Анда эмесе балдар сабагыбызды андан ары улай эне тилибиздин маанисин, баалуулугун терең билип, сиңирип алуу менен акындарыбыздын ыр саптарын көркөм окуу менен уланталы:
(Акындардын ыр саптарын таркатма кылып таркатсак болот же экрандан пайдаланабыз. Класстагы бардык окуучулар көркөм окууга тартылат).
— Балдар акындарыбыздын ыр саптарын жөн гана окуу менен
чектелбестен, маанисин түшүнүү менен эне тилибизди өркүндөтүүгө салым кошкондордон бололу.
— Анда накыл кептер, учкул сөздөргө, макалдарга назар салалы:
«Адамдын даңкын чыгарган да — тил, тарпын чыгарган да — тил».
«Баш кесмек бар,тил кесмек жок.
«Тил-ойдун сандыгы».
«Тил-акыл таразасы».
«Эне тилден ажыраган-элден ажыраган».
«Эне тилден ажыраган-элден ажыраган».
«Тилди билүү-дүйнөнү билүү».
«Ачуу тил-жылаандын заары,
Таттуу тил-жүрөккө дары».
«Эне тили -эл жараткан адабият, эне тили эң негизги маданият».
«Эне тилин чангандар-элинин келечегин тангандар».
«Энеден тарбия башталат, эне тилден улут сакталат».
Суроо -жооп иретинде макалдардын маанисине көңүл буруп, чечмелеп өтөбүз.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил гимни
Сөзү: Сейит Алтымышовдуку
Музыкасы: Бакыт Алишеровдуку
(2006-жылы 25-мартта кабыл алынган)
Тил жаралып Көкө Теңир таңынан,
Адамзаттын дөөлөтүнө буйруган.
Адам деген түп сөзүнөн элимдин,
Кыргыз тили ай-ааламга жаңырган.
Кайырма: Кыргыз тили – жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили – Мекеним,
Менин өлкөм –Кыргызстан.
Мекен тили — Ата журттун кареги,
Биримдиги, күч-кубаты тиреги.
Мекен тили-куттуу кыргыз элимдин,
Көкүрөктө согуп турган жүрөгү.
Кайырма: Кыргыз тили – жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили – Мекеним,
Менин өлкөм –Кыргызстан.
Мекен тилин ыйык тутуп сактайлы,
Мекен тили бак-таалайдын кутманы.
Мекен тили-кан жаныбыз, туубуз,
Ата-журттун келечеги ак-таңы.
Кайырма: Кыргыз тили – жүрөгүм,
Манас ата туу туткан.
Кыргыз тили – Мекеним,
Менин өлкөм –Кыргызстан.

Тоо инженер Молдобек,
Дайым сүйлөйт орусча.
«Привет» деп кол берет,
Тааныштары жолукса.
Агроном Дүйшө да,
Же орусча так билбейт.
Кыштакта туулуп-өссө да,
Кыргызчалап аз сүйлөйт.
Бассаң, турсаң эрте кеч,
Байка алардын балдарын.
Аталары келсе кез
«Папалашат» ар дайым.
Орус тили жылдызда,
Биздин улуу заманда…
Бирок кыргыз кыргызча,
Сүйлөбөсө жаман да!
Эне тилин билбеген,
Ээси жогун аныктайт.
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт.
Байдылда Сарногоев

«Эне тилин унуткандар»
Чырмалышкан иштин да чатышы бар,
Чындыктын да чыгышы, батышы бар.
Чытырмандын Кудайы пил эле эмес,
Чымындын да жашоого акысы бар.
Сайдын дагы башталган башаты бар,
Саяпкердин сактаган такасы бар.
Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да,
Өз тилинде чардаган бакасы бар.
«Кыргызмын» дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп.
«Кыргызмын» дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.
Кыргыз эмес, кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезеп тарыхын унуткандар.
Кыргыз эмес, кыйшайтып калпак кийип,
Кадыр-баркын калкынын куруткандар!
Тил жоголбойт, жоголсо, жоголот дил,
Уулуң дагы, кызың да жоголот бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!
Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Шайлообек Дүйшеев
Мен-кыргызмын!
Тарыхты сен тарс атып салган менен
Тандайына сайылат эски жебе.
Какшап келем суу кечип балдарына,
Каргыш сөзгө кабылып калбагыла!
Бурмаладык тилди деп кантип айтам,
Бабалардан байыркы арбагына.
Уу чалканды мойнума аркамдагы,
Улутумдун азабын тартам дагы.
Унуттук деп тилимди кантип айтам,
Урпактарга уялбай аркамдагы.
Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон.
Ташты сыгып тарыхты тапкым келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!
Сөздүн ыгын билбесе,
Сөөдүрөп топто сүйлөсө
Тактыктын белгиси
Көңүл сүйгөн жер болсо
Айткан сөзүң эм болсо,
Акындын келет келгиси,
Бермет сөздү тергиси.
Орду менен сүйлөсө,
Кызыл тилин бүлөсө,
Таасындыктын белгиси
Кадырлуу болсо журтуна,
Сүйлөгөн сөзү тек кетпей,
Кары жаш укса, умсунса,
Акылдуунун белгиси.
(Арстанбек Буйлаш уулу)
Сөз маанисин билгендер
Сөздүн пири булбудай
Сөз маанисин билбесе,
Согум чалыш дүмбүлдөй
(Молдо Нияз)
Жакшы чыккан азамат
Элин билет.
Элин билген ал адам
Билим билет.
Окуп-карап ойлонуп,
Илим билет.
Эчен түрдүү адамдын
Тилин билет.
(Калыгул)
Алтынбек Исмаилов
Бышыктоо (10 мүнөт)
Сабагыбызды жыйынтыктап атып,Чыңгыз Айтматовдун тил жөнүндө айткан даанышман сөзүндө кандай терең маани бар экендигин байкайлычы!
Сөздүн күчтүүлүгү, жан-дүйнөгө берген азыгы, кубаты кандай терең!
Тил ушунусу менен бийик жана ыйык, ошондуктан кадырлайлы, баалайлы, барктайлы!
Улуттун тили — ал ошол элдин жаны, тамыры.
Кыргыз бололу, наркты сактайлы, тилди барктайлы, кымбаттуу окуучулар!
Үйгө тапшырма (3 мүнөт).
Бүгүнкү пайдаланган учкул сөз, макал-лакаптардан бирди тандап, дил баян жазып келүү.
Б. Бейшенбаева Кыргыз билим берүү академиясы, Тарбия, социалдаштыруу жана мектептен сырткары кошумча билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкери.
Комментарийлер