Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин бышыктоо сабагы

  • 24.05.2024
  • 0
Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин бышыктоо сабагы

Сабактын тиби: интеграцияланган сабак.

Сабакта колдонулуучу усул: жекече, топто иштөө, адабият айлампасы жана билим кабы менен иштөө.

Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: билим  кабы, адабият айлампасы, сокбилек, баткак, баалоо тактасы, ватман, маркер.

Сабактын жүрүшү: Саламатсыңарбы, урматтуу окуучулар! Маанайыңар жакшыбы? ”Мугалим – мөмөлүү дарак” деген философиялык мааниси терең, жакшы сөз бар. Баарыбыздын инсан катары калыптанышыбызга эң алгачкылардан болуп салым кошкондор – мугалимдер.  Бүгүн биз өзгөчө сабак өтөбүз, себеби бизде бүгүн конокто мени башталгыч класста окутуп, “А” деген арипти тааныткан Эл агартуунун мыктысы, ардагер мугалим Бектурганова Бариса эжейим жана силерди 1-класстан 4-класска чейин окутуп, билим-тарбия берген эжекеңер Эл агартуунун мыктысы – Шералиева Жылдыз эжекелер болмокчу.

Алгач эки эжейлерибиздин урматына 1-а класстын окуучулары менен музыка мугалими Сыдыкова Асел эжейибиз “Биринчи мугалим” ырын ырдап беришсин.

Сабактын максаты:

Билим берүүчүлүк: Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повести боюнча алган билимдерин жашоодо колдонуу;

Өнүктүрүүчүлүк: Сокбилек менен арпа күйшөгөндү, баткак менен кирпичти байлап коюну үйрөнүү аркылуу майда моторикасын өнүктүрүү;

Тарбия берүүчүлүк: Биринчи “А” арибин тааныткан класс жетекчисинин жана жалпы мугалим деген ардактуу кесиптин ээлеринин түмөн түйшүгүн сезе билүү аркылуу аларга аяр мамиле жасоого тарбиялануу.

Алгач сабакты бышыктаардан мурун алтын эреже жана баалоо критерийи менен таанышып алалы:

Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин бышыктоо сабагы Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин бышыктоо сабагы

Эгерде ким үй тапшырмасына жакшы даярданып келсе, башкалардын оюн сыйлап, өз оюн эркин айтып, устазды урматтап, активдүү катышса ар бир иш-аракет үчүн быйтыкчаларга ээ болот. Сабактын аягында ар бир топ чогулткан быйтыкчасын саноо менен баалоо тактасынан орун алышат.

Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин бышыктоо сабагы Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин бышыктоо сабагы

Эмесе эки топко бөлүп алайын:  1-топтун аты  “Дүйшөн агай”, 2-топтун аты “Алтынай”. Балдар, алгач чыгарманын тексти боюнча эки топко суроолорду берем, ал үчүн «Адабият» айлампасын айлантып, кимге туш келген карточканы алып жооп беребиз:

Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин бышыктоо сабагы

Чыгармада Алтынайды жеңеси байга токолдукка берип салат. Алар менен Дүйшөн агайы салгылашып жүрүп акыры байды милицияга берип, Алтынайды бошотуп алат. Алтынайдын мындан кийинки тагдыры эмне болот?

  1. “Биринчи мугалим” тасмасы кайсы жылы тартылган?
  2. Алтынай шаарга барып кайсы илимди аркалайт?
  3. Чыгармада Алтынай кийин академик наамын алган соң, айылындагы мектептин салтанаттуу ачылышына келет. Ал учурда Дүйшөн агай айылда ким болуп иштеп калат?
  4. Чыныгы жашоодо Дүйшөн агай Чыңгыз Айтматовго ким болгон?
  5. Тасмада мектеп өрттөнүп кеткенде өчүрөм деп жатып өрттөнүп кеткен баланын аты ким?
  6. Башкы каарман Алтынайдын фамилиясы кандай аталат?
  7. Бүгүнкү күндөгү билим алуунун ошол мезгил менен кандай айырмачылыгы бар?
  8. Сен Алтынайдын ордунда болсоң отунуңду мектепке берет белең?

Эми, балдар, биз чыгарманы окуп, тасманы көргөндө ал жактан сокбилек менен Алтынай арпа күйшөп жатканын көрдүк. Азыр бизге сокбилек менен иштөө техникасын жана анын жашообузда колдонулуш себебин тарых мугалими Насыкеев Канатбек агай айтып бермекчи:

Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин бышыктоо сабагыСокбилек мыкты болуш үчүн экөө тең жыгачтан жакшы жылмаланып жасалышы керек, эгер темирден болсо арпа талкаланып калат, экинчиден, жакшы куурулган болуш керек. Эгер чала куурулуп калса андай арпадан жарма жасаганда ал ичти оорутуп, көптүрөт, үчүнчүдөн, арпанын үчтөн бир бөлүгү буудай болуу керек, себеби жалаң арпадан жасалган жарма тунма болуп калат. Илгери үркүн учурунда ата-бабаларыбыз бойго жеткен кыздарын бир чыны талканга саткан делген маалымат бар, талкан иммунитетти көтөрүүчү улуттук суусундук жасоочу азык. Талкан күл азыкка да колдонулган.

Эми, балдар, биз чыгармада Дүйшөн агай байдын жаман ат сарайын мектеп кылып жасаганын көрдүк, ал үчүн  баткак менен жыртык-тешигин бүтөдү, азыр силерге баткак менен иштөө техникасын эмгекке үйрөтүү мугалим Дүйшекеев Алтынбек агай айтып бермекчи:

Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин бышыктоо сабагыКирпичти куюу үчүн алгач анын баткагын даярдоо керек, ал үчүн топурак ээленген жана майда кум кошулган болсо абдан жакшы, бул экөөнө саманды кошуп, баткакты даярдап, үстүн жаап бир күнгө калтыруу керек, ошондо гана кирпич сапаттуу, жарылып кетпей турган бышык болот. Кийин калыпка куюлган кирпичтерди жакшылап кургатып, жыйып, курулушка колдонуу керек, дубал тургузууда үстү-  үстүнө коё бербей байлап коюу негизги иштердин бири.

Азыр болсо, балдар, силерге билим кап даярдагам, ошол капка мурунку жана бүгүнкү алган маалыматыңар боюнча эң маанилүүсүн жазып толтургула.

Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин бышыктоо сабагы

Азыр болсо сабакты жыйынтыктоо үчүн Дүйшөн менен Алтынайга  кластер түзөбүз.

Ушуну менен сабагыбызды жыйынтыктап жатып, сабактын жүрүшүндө топтогон быйтыкчаларыбызды санайбыз. Кайсы топ көп быйтыкча чогултса, ошол топ жеңүүчү болот.

Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин бышыктоо сабагы

Үйгө тапшырма: “Менин биринчи мугалимим” деген темада дил баян жазуу.

Жыйынтыктоо: Анда эмесе, эжейлерибизге каалоо-тилектерибизди айтып, даярдаган белектерибизди беребиз.

Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестин бышыктоо сабагыКОНОКБЕК кызы ГҮЛМИРА, Жумгал айылындагы Мыскал Өмүрканова атындагы орто мектеби, кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер