Атанын сөзү – акылдын көзү

  • 24.05.2024
  • 0
Атанын сөзү – акылдын көзү

Билим берүүчүлүк: Боз үйдүн ыпча жагындагы аталардын, агалардын пайдаланган буюмдары тууралуу түшүндүрүү.

Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулардын ой-жүгүртүүсүн активдүүлүгүн чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүүгө багыт берүү. Алган билимдерин турмушта колдонууга, өз оюн тартынбай айтып анализдеп балоого катышууга үйрөнөт.

Тарбия берүүчүлүк: Кыргыз элинин тарыхын, үрп-адатын, каада-салтын көкүрөгүнө түйүп билип жүрүүгө адептүү, ыймандуу, боорукер болууга, эмгекчилдикке тарбиялоо.

Сабактын жабдылышы: Тулуп (чүкө баштык) кездемеден жасап келүү.

Cабактын жүрүшү:

1) Уюштуруу

2) Суроо-жооп иретинде сабак өтүү

Мугалим: Биздин ата-бабалар быйтыйган эле боз үйгө баарын батырышып ырыс, кут куюлган нерселери мелт-калт болуп толуп тургандыктан, кебелбей жашап келишкен. Үйдүн ээси аксакал атанын суусар тебетей кийип карышкыр ичик жамынып, боз үйдүн ыпча (эр жагы) тарабынын жогору жагында олтурушу өзүнчө эле дөөлөт эмеспи. Кыргыздын нукура каада-салттарын, үрп-адаттарын, жөрөлгөлөрүн кийинки муундарга кеп салып олтуруш эле кутмандуу карылыктын нускасы деп билебиз. Элибиздин биримдиги бекем болуп улуттук дөөлөттөрүбүз күндөн-күнгө өркүндөп өссүн. Өзүбүздүн каада-салтыбызды кармап ата-бабаларыбыздын “Улууну урматта, кичүүнү ызатта” деген акыл сөздөрүн унутпоого тийишпиз. Улуу кыргыз доорундагы аталардын кара кылды как жарган калыстыгын,  адилет айткан нарк-насилдүүлүгүн, баскан турган сүйлөгөн сөзү, үй-бүлөдө, коомдо, үлгү болгондугун билишибиз зарыл. Аксакалдын ою таза болуп, оозунан ак тилек чыгып жаштарга бата беришкен.

1-окуучу Комуз. Кыргыз элинин илгертен бери чертме кылдуу үндүү аспабы. Комуздун жаны- жыгач жана кыл. Комуздун эң жакшысы өрүктөн болот. Өрүктөн чалган комуз сапатын эч жоготпойт. Жыл өткөн сайын тескерисинче добушу мукамдуу болуп чыга берет. Бирок, ошол өрүктөрдүн да айырмасы болот. Ысык жерде өскөн өрүктөн жасалган комуздун добушу бийик чыгат. Дарактын эң жакшы жерден даярдалганы добушу мыкты болот. Муздак сууга салынган ичеги сыдыргы менен тазаланган соң, ийик менен оңго ийришип анан аябай кере тартып коюшкан. Азыр кылдын ордуна тарамыш жипти колдонуп калышты дешет.

2-окуучу Камчы. Кыргыздын түндүк, баш кийим сыяктуу өзгөчө сыйлуу буюму. Камчыны таза алып жүрүшкөн. Өзүнүн камчысын белекке берүүгө болбойт. Камчысын кармап ат жалынын тартып турган адам сырдуу көрүнгөн.

  • Күндөлүк турмушта колдонгон карапайым камчы: сабынын узундугу 40-45 см болуп бышык табылгадан жасашат. Өрүмү жылан боор төрт кырдуу болгон.
  • Мырза камчы: шагылдуу жерде өскөн абдан бышык, сабын узун кылып, өңү кып-кызыл табылгадан жасашкан. Бүлдүргүсү (кармаган боосу) кыскараак болот.
  • Карыя камчы: сабы көбүнчө аса-муса жыгачынан же табылгысынын жоонураак бышык бутагынан жасашкан. Карыя камчы экенин билишип, келиндер, балдар тийбей жогору коюшкан.
  • Байбиче камчы: элик сап камчы болгон. Аял киши кармаганда колуна өтпөсүн деп кармагычын кызыл, жашыл кыжым менен капташкан. Бүлдүргүсү(кармаган боосу) түрдүү жиптен чалынып токулуп, узунураак болгон. Байбиче камчыга да сый мамиле кылышкан.
  • Бала камчы: сабы ичке табылгыдан жасалып кыска жеңил болот.

Сабы менен өрүмү менен ашташкан жери алакан деп аталган.

  • Жылкычы камчы: өрүмү узун одуракай болуп жылкы айдоого ылайыкталган. Мындан сырткары мал айдаган камчы шапалак камчы деп аталган.
  • Балбан же булдурсун камчынын өрүмүнүн аягына коргошун коштуруп өрдүрүп, өзөгү жоон келип кылыч найза сымал куралдын ордуна колдонулган.

Эркектердин камчысын өрүмүн жоон жасашкан. Ал эми аялдарга колдонулган камчыда төрт талдан узун-узун тилкелер менен суйдала түшүп өрүлгөн суйсалма  өрүмдү колдонушкан.

3-окуучу. Кур. Бел байлоочу курчоолордун жалпы аты. Кур булгаары, кайыш, кездеме жана сызмадан жасашат. Анын бир нече түрү бар. Дөөлөттүү мансаптуу адамдар кемер курду пайдаланышкан. Ал булгаарыдан жасалып жазы тилинген бетине түрдүү темир чабылган. Тогоосу жазы келип, ичинен темир илгич менен курчалган. Жамбы күмүш менен жалатылып, оймо чийме менен кооздолгон. Кездеме кур жибек, шайы, чыт, сатин сыяктуу кездемеден 1,5-2м узундукта жасалган. Сокмо курду төөнүн же койдун уяң жүнүнөн, эчкинин тыбытынан балдар аппагын көгүн, карыялар карасын бозун курчанышкан.

4-окуучу Тулуп. Музоо, улактын терисинен жасалган баштык. Теринин жүнүн кырып алып, ашатып ийлеп аңтарып тигилген. Балдар үчүн чүкө салуучу баштык. Көчмөн турмушта жүктөп жүрүүгө ыңгайлуу болгон. Керегенин башына илип коюп, керек болгондо балдар чүкө ойношкон. Койгут-койдун чүкөсү, элик бапый-эликтин чүкөсү, сака- кулжаныкы, чыймый эчкиники, томпой –уйдуку, кыт- чүкөгө куюлган коргошун.

5-окуучу. Чырак-шам чырак. Боз үйдү жарык кылуучу буюм. Биздин ата-бабаларыбыз илгерки заманда кебезден эшип, койдун майы менен майлап, чынынын түбүнө коюп ширенке жагып койсо, боз үйгө жарык берген. Бара-бара ичи көңдөй ийдиш сымал нерсеге сызгырылган май куюп, тешигинен билик өткөрүп жарыктантып пайдаланышкан. Короого чыгып мал караганда ыңгайлуу кармагычы бар чырак болгон. Кийинчерээк үйдү жарык кылган керосин куюп пайдаланган чырактар пайда болгон. Бара-бара электр жарыгы келип элибизде кубанычтар ойногон.

6-окуучу. Кырма. Жыгачтан аяк, табак, кашык, чөйчөк сыяктуу буюмдарды кырып жасоо жана кооздоо үчүн колдонулучу аспап. Кырма бут менен айландырылып ийдиш же буюм жасалуучу жыгачтарды кысып алуучу, тетиги жана учтары түрдүүчө (түз, кыйгач, ачакей, айчык) абалда курчутулган кыргыч темири бекитилчү жери. Аны ары бери, оңго-солго жылдырып туруучу бөлүгү болгон. Кырма менен узанган адамды кырмачы  дешкен.

7-окуучу. Казык. Мал байлоо үчүн жерге кагылуучу кыска темир же жыгач. Желенин эки башына, чатыр тигүүдө, таяктарын керип тарттырууда, боз үйдүн бастырык боосун байлоодо бекем кармап шамал болгондо боз үйдүн сырткы жабуусун сактайт.

8-окуучу. Ыштык. Саба, чанач, көнөк, көнөчөк ыштоочу жай. Тереңдиги 2-3м болгон эки аңгек казылат. Экөөнүн ортосу 4-5м болуп ийри-буйру болгон ийинче-жол салышат. Бир аңгектин оозуна ала бакан орнотуп, ага саба, көөкөр көнөчөктү илет. Бир чуңкурдун четине шыргайлар сайылып, баштары алачык сымал байланып, үстүнөн куурай, саман-топон ж. б. жыш жабылат да, от жагылат. Ыштыкта от алоолонуп күйүп кетпей быкшып, түтөп, коюу түтүн чыгып туруш үчүн чөп, саманды сууга нымдап турушат. 15-20 күнгө чейин ушундай абалда кармашат. Буюмдардар ыштыктан алынып 1-2 күн нымдалып, калыбы боюнча катырылгандан кийин күрөң-сары түскө кирет. Алардын койдун майы менен сыйпап күнгө жайып анан колдоно башташкан.

Жыйынтыктоо:

Мугалим: Биз аталар салган жолду, аталардын чыйырын улашыбыз керек. Аталардан калган мурасты, осуятты сактап коргошубуз керек. Бабаларыбыз сабырдуу намыстуу болушкан. Ушул мүнөзү менен башкалардан айырмаланып, ооздон чыккан сөзү менен иши айкалышып турган. Үй бүлөнү камсыздоо атанын эң негизги жоопкерчилиги. Ата үй бүлөсүн жан дүйнө жана адеп-ахлак баалуулуктарын сактоо үчүн үйүндөгүлөргө алгач өзү үлгү болууга тийиш.  Мына ошондо гана намыстуу дили таза, акылы тунук, мекендин чыныгы атуулун тарбиялаган болосуздар. Кыргыз жерин ар бир тоголок ташын, ар бир тал чөбүн, ар бир ууч топурагын, ар бир кадам жерин, ар бир булагын өз менчигим деп сезип, көздүн карегиндей асырап сактаган, эр көкүрөк намыскөй, мекенчил атуулдар барктап бааланат.

Тапшырма: Боз үйдүн ыпча тарабындагы буюмдарды толугу менен билүү.

Күлипа Мамбетова, Билим берүүнүн мыктысы

Бөлүшүү

Комментарийлер