АТА  ЖУРТУБУЗ КЫРГЫЗСТАНДЫН  УЛУУЛУГУ ЖАНА КЫМБАТТЫГЫ

  • 03.12.2025
  • 0
АТА  ЖУРТУБУЗ КЫРГЫЗСТАНДЫН  УЛУУЛУГУ ЖАНА КЫМБАТТЫГЫ

САБАКТЫН ТЕМАСЫ: 

«АТА  ЖУРТУБУЗ КЫРГЫЗСТАНДЫН  УЛУУЛУГУ ЖАНА КЫМБАТТЫГЫ»

           Аңгемелешүүнүн багыты: Нарктуулук тууралуу (материалдык жана руханий маданият) аңгемелер.

            Максаты: Руханий маданият жана анын белгилери тууралуу аңгемелешүү.

2-тема: Туулган жер, анын мааниси тууралуу аңгемелер. Ата Журтубуз Кыргызстандын улуулугу, туулган айылдын кымбаттыгы, туулуп-өскөн үй («Ата Журтун унуткан-ата тегин унуткан») , чоңойгон короосу, бирге өскөн балалык достору («сүт достор»), кошуналары, туулган жердин тоолору, суулары, гүлдөрү, аларды сүйүү, эч бир башка жер алардай болбостугу тууралуу сезимдер, ал аркылуу баланын атуулдук сезимдеринин калыптануусу жөнүндө аңгемелешүүлөр.

           Практикалык иш: Туулган жер, шаар, айыл, анын кооздугу ж.б. тууралуу талкуулар, аңгемелешүүлөр, ойлор, пикирлер, «Менин айылым» , «Менин кичи мекеним» аттуу темалардагы презентациялар.

 

Сабактын максаты:

  • Ата Мекенибиз, Ата  Журтубуз, туулган жерибиз биз үчүн ыйык, кымбат экенин билишет. Ата Мекенге болгон сүйүүсүн ,урматын арттырышат.
  • Өз элинин мекенчил, чынчыл уул-кыздарынан болууга үйрөнүшөт. Мекен алдындагы  кызматы жөнүндө, анда жашаган элдерге урмат-сый менен мамиле кылууга тарбияланышат.
  • Мекенибиздин улуттук баалуулуктарын, маданиятын даңазалалаган оозеки жана көркөм өнөр аркылуу берилген ташырмаларда  өздөрүнүн оюн эркин билдирүүгө, чыгармачылык менен иштөөгө жана пикир алышууга үйрөнүшөт.

Сабактын жабдылышы:

Ата Журтубуздун кооздугун, сулуулугун даңазалаган сүрөттөр, видео материалдар, ырлар, макалдар.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу (5 мүнөт)

— Жагымдуу маанай түзүп алуу;

— Окуучуларды топко бөлүү (Класстагы балдардын санына жараша бөлүштүрүлөт). Топко ат коюлат (Ат коюуда топ башчылары каалаган кутучаны тандап, ичиндеги атты коюшат).

Биринчи топ: Мекен
Экинчи топ: Мурас

Үчүнчү топ: Урпак

Сабакта аткарылуучу иш-аракеттер:

1.Ата Журт, Ата Мекен түшүнүгүн баяндоо (5 мүнөт)

2.Ар бир топ өз аттарын чечмелөө (3 мүнөт)

3.Акындар мекенди даңктайт (көркөм окуу 9 мүнөт)

4.Көңүлдүү маанай (обондуу ыр угуу, кошулуп ырдоо 4 мүнөт)

5.Мекенди даңазалаган макалдар (5 мүнөт)

6.Кызыктуу тапшырмалар (5 мүнөт)

7.Жыйынтыктоо (5 мүнөт)

8.Баалоо (2 мүнөт)

9.Үйгө тапшырма берүү (2 мүнөт)

Киришүү (5 мүнөт)

Мугалим: Балдар бүгүнкү тарбиялык саатыбызда Ата Журттун улуулугун, кымбаттыгын даңазалайбыз, эли-жерге, мекенибизге болгон урматыбызды бекемдейбиз.

Мекен түшүнүгү түбөлүктүү, өлбөс-өчпөс түшүнүк. Мекен дегенде кылым карыткан тарыхыбызга көз чаптыруу менен ата-бабабыз туулуп-өскөн, жашаган жери — ар кимдин кичи мекени болуп эсептелет.

Ата Журтубуз эң назик сөздөр менен даңазалоого татыктуу. Ар бир элдин жугумдуу насаат сөзү, каада салты, эмгеги, сулуулугу, эрдиги, тарыхы болот

эмеспи. Кыргызстандын эң баалуу мурасы — бабалардан калган касиеттүү Ала-Тоо жергеси. 

Биздин ата-абаларыбыз урпактарына аскасы булут жамынган кооз тоолорду, дүйнөдө теңдеши жок табияттын бермети — Ысык-Көлдү, түшүм берекеси мол төгүлгөн кулпурган өрөөндөрдү, мөлтүр тоо булактары менен дарыяларды асырап жана нукура кооздукта мурас калтырышты. 

— Сенин жериң — сенин Мекениң. Эс тартып чоңойгон сайын өз мекениңе карыз экениңди  түшүнөсүң, анткени ал сени өз койнунда асырап өстүргөн. Сен ошол жерден дүйнөнү тааный баштагансың. Мекенди баарыбызга ата-бабаларыбыз мураска калтырган.

— Сен да өз убагы келгенде уул-кыздарыңа, небере-чөбөрөңө татыктуу өткөрүп берүүң керек. Ал үчүн өз жериңдин кылына да зыян келтирбей, чырпыгын чынар кылуу үчүн өз салымыңды кошууң керек.

— Мына балдар биз өз жерибизде  күндө абасынан жутуп, суусунан ичип, куунак эркин ойноп-күлүп  жүрүү менен дагы да урматын  көтөрө берели.

-Анда эмесе келгиле, сабагыбыздагы Мекенге болгон ой-толгоолорубузду топтук иштерде уланталы

Аттарды чечмелөө

(Кааласа графикалык чиймелер, сүрөттөр, оозеки ж.б)

1-топ Мекен

“Мекен” деген сөз кыргызда ата-бабанын конушу, балалыктын балдай таттуу

учурларын башынан өткөргөн жерди билдирет.

Мекен — адамзат төрөлгөн өлкө, белгилүү бир элге таандык аймак, жаратылышы, калкы, тили, маданиятынын өзгөчөлүктөрү менен чогуу түшүнөбүз.

2-топ Мурас

Мурас — бардык адамзаттын энчисине айланган маданий жана табигый баалуулуктар.

Ата-бабадан калган жерибиз, тоо-ташыбыз, тилибиз, көөнөрбөс каада-салттарыбыз, үрп-адаттарыбыз, маданиятыбыз — бизге калган мурас.

 (Тар маанисин мугалим түшүндүрмө катары айтып кетсе болот).

3-топ Урпак

“Урпак” деген сөз-кыргыз тилинде “тукум”, “муун”, же “жети атадан кийинки тукум” деген маанилерде колдонулат.

Урпак – адамдын, элдин өзүнөн кийинки мууну, балдары, неберелери…

Ар бир ата-эне өз урпагы үчүн кам көрөт. 

Биз ата-бабабыздын жолун улап, урпактарга мурас калтыруубуз керек.

Кыскача айтканда, “урпак” – бул келечек муун, ата-бабадан кийинки жаштар дегенди билдирет.

— Азаматсыңар, өз аттарыбыз жөнүндө жакшы түшүнүккө жана маалыматтуулукка ээ боло алдык деп ишенели.

— Акындардын ыр саптарын көркөм окууга өтөлү.

(Экрандан слайд аркылуу  же таркатма берүү аркылуу аткарсак болот)

Көркөм окууга улуу акыныбыз Алыкул Осмоновдун, жаш акындарыбыз Акбар  Кубанычбековдун, Бердибек Жамгырчиевдин ырларынан окуйлу.

 

АТА ЖУРТ

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүрсүң,

 Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп… 

Суугуңду өз мойнума алайын, 

Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,

Наалат келип ат тизгинин шарт буруп…

Азабыңды өз мойнума алайын,

Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жаз да башка… Жел тийбесин абайла,

 Көпкө турбас, мобул турган сур булут. 

Бүт дартыңды өз мойнума алайын, 

Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

Алыкул Осмонов.

Сен

Кыргыз жери – тирүүлүк бактысындай

Тузагынан турмуштун чарчаганда,

Карааныңа бой таштайм ээ, Мекеним!

Өз уулдарың өйдө-ылдый калчаганда,

Өзөгүңө дарт түшөр кээде сенин.

 

Эргүү берип жүрөккө эчен жолу,

Өмүрүмө тирүүлүк отун жаккан.

Кандай гана аруу жол — Мекен жолу,

Дайым жарык, дайым шар тосулбастан.

 

Кыргыз жери тирүүлүк бактысындай,

Чөйчөгүнө калкынын толуп турган.

Кыргыз жери бейиштин ачкычындай,

Түбөлүктүү жыргалга жолуктурган.

 

 Ала-Тоодо төрт мезгил кулпурат жер,

Кудай бизге бербептир бекер жерден.

Үй-бүлөгө, элиме ынтымак бер,

Мекенимдин ташындай бекемделген.

 

Ата журттун ачылган гүлдөрүндөй,

Биздин кыздар көрк берет эл ичине.

Жигиттери толкундун түрмөгүндөй,

Бирге барат келечек жеңишине!

Бердибек Жамгырчиев.

 

Мекеним, сага келдим…

Мекеним, сага келдим!

Алоолонгон от болуп күйүш үчүн!

Азабыңды түбүнөн билиш үчүн,

Жетпесем да баркыңа чанып кетпей,

Кандай болсоң ошондой сүйүш үчүн.

 

Мекеним, сага келдим!

Жамгырыңа чыланып суу болууга, 

Душмандардын жолуна чуу коюга.

Келиш керек өзүңө ар бир кыргыз,

Кыйын күндө кармаган туу колуна.

 

Эхх, Кыргызстан, сага келдим!

Кычыраган суугуңа тоңуш үчүн,

Кыргыз деген жүрөктө добуш үчүн.

Сен деп келген сапардан артка кайтпайм,

Желегиңдин бир нуру болуш үчүн!

 

Бул жолумда чаалыгып, чарчабаймын,

Аманатың талаага таштабаймын,

 Сөз беремин күн-түнү кызмат кылып,

 Ар ишиңди “аттиң” деп баштабаймын.

 

Ар бир кыргыз

Туулуш керек акыйкат кураганы,

Куу-шумпайдын өчсүн деп кур амалы.

Эбегейсиз өзүңдү сүйгөн үчүн,

Келдим сага баарына чыдаганы!

 

Канчалаган душманды баскандырсың,

Кайгы ээрчитип санаага баткандырсың…

Сенде билем миллион мендей жан бар,

Эхх, Кыргызстан, а сен менде жапжалгызсың!

 

Сенде билем миллион мендей жан бар,

Эхх, Кыргызстан, а сен менде жапжалгызсың!

Акбар Кубанычбеков

 

— Мыктысыңар, эң сонун окудуңар!

— Көңүлдүү маанай

 (Патриоттук маанидеги обондуу ырды чогуу ырдайбыз)

 

Мекенге.

Бийиктерге талпына,

Кызмат кылам калкыма.

Мен жетпесем ким жетет,

Мекенимдин баркына.

 

Улууларды тыңдаймын, 

Ак батасын жыйнаймын.

Ак ийилет деген бар,

Ийилсемда сынбаймын.

 

Ак эмгегим эл үчүн,

Элим конгон жер үчүн.

Мекенимдин бактысы,

Кымбат дайым мен үчүн.

 

Айланбаймын беселге,

Кетким келбейт чет элге.

Бар күчүм, бар эмгегим,

Арналса экен мекениме.

 

— Топтук тапшырмалар уланат

— Макалдарга келдик, келгиле макалдарыбыздын мааниси эли-жерди, мекенди камтысын

Топ мүчөлөрү өздөрү билген макалдарды айтышат

Андан соң бирден макалдын маанисин чечмелешет

1-топ

Мекенге күйгөнүң — элиңди сүйгөнүң.

2-топ

Туулган жер — алтын бешик.

3-топ

Атанын уулу болуш — урмат,

Элдин уулу болуш — кымбат

— Азаматсыңар!

— Топтук ишибизди улантабыз

Кызыктуу тапшырмалар

1-топ

  1. Адам жаман эмес, анын кыялы (жаман)
  2. Укпайт деп ушак (айтпа)
  3. Чыңгыз Айтматовдун туулган жылы, айы (1928-жыл,12-декабрь)
  4. Жети атанын аталышы (ата,чоң ата, баба, буба, кубаар, жото, жете)
  5. Кыргызстанда канча дубан бар (жети)
  6. Мамлекеттик символикалар (Герб,Туу, Гимн)

7.Суугуңду өз мойнума алайын (Алыкул Осмонов)

  1. Дайым чоңоюп, бирок кичирейбеген нерсе (адамдын жашы)

 2-топ

  1. Апаңдын атасы сага ким болот? (таята)
  2. Эрте турсаң (эмне?) көп (иш)

    Эрте жатсаң(эмне?) көп (түш)

  1. Созулма үндүүлөр кайсылар?
  2. Ырдын обонун жазгандарды ким дейбиз? (обончу, композитор)
  3. Ош шаары Кыргызстандын кайсы бөлүгүндө ? (түштүк)
  4. Ала-Тоо деген сөздө канча тыбыш бар? (5 тыбыш)
  5. Эне сыйлаган элге (жагат)
  6. Сен деген сенек (сөз)

    Сиз деген сылык (сөз)

3-топ

  1. Эл ичи — өнөр (кенчи)
  1. Суу атасы — булак, сөз атасы (кулак)
  2. Күлүк таптаган адамды ким дейбиз (саяпкер)
  3. Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу (Ч. Айтматов)
  4. Эже-сиңдинин балдары (бөлө)
  5. Айгүл гүлү кайсы жерде (Баткен)
  6. Адамдар менен унаалар басып өтүүчү жол — жаныбардын атында (зебра)
  7. Аалам аппак кийинет(кыш)

Жыйынтыктоо

Ата Журт-ыйык кенчибиз, түбөлүктүү байлыгыбыз. Ар бирибиз келечекке ишенимдүү кароо менен өз элибиздин татыктуу уул-кыздарынын катарын толуктайлы. Азыр силердин өз мекениңерге кошкон үлүшүңөр — ал силердин акыл-эсиңердин бүтүндүгү, сапаттуу билимиңер, ички маданиятыңар, туура тарбияңар, элдик тарбиянын мыкты үлгүлөрүнүн нарктуулугун 

баалап үйрөнүүңөр.

Бүгүнкү сабак силер үчүн азыноолак болсо да Ата Журтка, эли-жерге, мекенге болгон урматыңарга, сүйүүңөргө дил азык болуп, билим менен тарбия көрөңгөңөргө салым кошсун.

Баалоо

Ар бир тапшырмалар, жооптор үчүн берилген мактоо сөздөрү жазылган жүрөкчөлөр (смайлик) аркылуу жекече жана топтук баалоо жүргүзүлөт.

Үйгө тапшырма

Сабактагы пайдаланган учкул сөздөрдөн, макалдардан каалаганыңарды тандап, эссе жазып келүү.

 

  Б. Бейшенбаева,

 Кыргыз билим берүү академиясы, 

                                                        Тарбия, социалдаштыруу жана мектептен                                                                       сырткары кошумча билим берүү

                                               лабораториясынын ага илимий кызматкери.

Бөлүшүү

Комментарийлер