Асман сырлары: Жылдыздар дүйнөсүнө саякат

  • 13.03.2026
  • 0
Асман сырлары:  Жылдыздар дүйнөсүнө саякат

Астрономия — бул жөн гана илим эмес, бул биздин ааламдагы ордубузду түшүнүүгө болгон умтулуу. Бүгүн биз түнкү асмандын түзүлүшү, топ жылдыздар жана аларды кантип таануу керектиги тууралуу сөз кылабыз. 

Байыркы убактардан бери адамдар асманды байкап, жылдыздардын жайгашуусун изилдеп келишкен.

Чынында жылдыздар — бул бизге Ааламдын тарыхын, убакытты жана табияттын мыйзамдарын айтып берген космостук булактар. Ал эми жылдыздарды изилдеген илим астрономия деп аталат. Түнкүсүн асманды караганда куралсыз көз менен 6000 тегерегиндеги жаркыраган жылдызды көрүүгө болот. Бирок жылдыздардын так саны эсепсиз.

Алар жөн гана кооз жарыктар эмес. Чынында жылдыздар — бул бизге Ааламдын тарыхын, убакытты жана табияттын мыйзамдарын айтып берген космостук булактар.

Жылдыз — бул өтө чоң жана өтө ысык газ шарынан турган космостук тело. Анын ичинде ядролук реакциялар жүрүп, абдан чоң энергия бөлүнүп чыгат.

Бизге эң жакын жылдыз — күн. Ал жерге жарык жана жылуулук берип, жашоонун болушуна шарт түзөт. Күн жерден 1300000 эсе чоң. Бирок, күндөн дагы чоң, күндөн дагы жарык бир топ жылдыздар бар. Кээ бир жылдыздар күндөн жүздөгөн эсе чоң жана абдан алыста жайгашкан.

Асман сырлары:  Жылдыздар дүйнөсүнө саякат

Жылдыздар космостун тарыхын баяндайт.

Астрономдор жылдыздардын түсүнө жана жарыктыгына карап алардын температурасын жана жашын аныкташат. Көгүш жылдыздар абдан ысык жана жарык, ал эми кызыл жылдыздар салыштырмалуу муздак болуп эсептелет.

Жылдыздардын жарыгы бизге жеткенче кээде миңдеген жылдар өтөт. Демек, биз асманды караганда ааламдын өткөн тарыхын көрүп жатабыз.

Топ жылдыздар.

Байыркы заманда адамдар жылдыздарды топторго бөлүп, аларга жаныбарлардын же мифтик баатырлардын аттарын беришкен. Бүгүнкү күндө асман 88 расмий топ жылдызга бөлүнгөн.

  • Чоң Жетиген: Түндүк жарым шаардагы эң таанымал топ жылдыз. Анын жардамы менен биз түндүк тарапты аныктай алабыз.
  • Темир Казык: Бул жылдыз дайыма түндүк чекитин көрсөтүп турат. Аны табуу үчүн Чоң Жетигендин четки эки жылдызын түз сызык менен бириктирип, беш эсе узартсаңыз, Темир Казыкка туш келесиз.

Планеталар менен жылдыздардын айырмасы

Көпчүлүк адамдар асмандагы жарык нерселердин баарын жылдыз деп ойлошот. Бирок алардын арасында планеталар да бар. Негизги айырмасы:

  1. Жаркыроо: Жылдыздар өздөрүнөн жарык чыгаргандыктан «титиреп», жаркылдап турат. Планеталар болсо Күндүн жарыгын чагылдырат жана туруктуу, тынч жарык берет.
  2. Кыймыл: Планеталар жылдыздарга салыштырмалуу асман бетинде байкаларлык жылып турушат.

Эмне үчүн астрономияны окуу керек?

Астрономия сабагы биздин дүйнө таанымыбызды кеңейтип, логикалык ой жүгүртүүнү өстүрөт. Мамлекеттик стандартка ылайык, бул илим табият таануунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана физиканын мыйзамдарын космостук масштабда түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Кызыктуу факт: Сиз көргөн кээ бир жылдыздар ушунчалык алыс жайгашкандыктан, алардын жарыгы бизге жеткенче миллиондогон жылдар өтөт. Демек, түнкү асманды карап, биз өткөн чакты көрүп жаткан болобуз!

Асман сырлары:  Жылдыздар дүйнөсүнө саякат

 

Акмырза кызы Айтурган

Абдыразак Батыркулов атындагы №43 жалпы орто билим берүү мектеби

Бөлүшүү

Комментарийлер