АРИФМЕТИКАЛЫК ОРТО САН

  • 24.11.2023
  • 0
АРИФМЕТИКАЛЫК ОРТО САН

АРИФМЕТИКАЛЫК ОРТО САНГүлзат Кыдыралиева,

Балыкчы шаарындагы З.Исаева атындагы

 №4 мектеп-гимназиясынын

математика мугалими

Сабактын темасы: Арифметикалык орто сан. Функционалдык сабаттуулук боюнча маселелерди чыгаруу.

Сабактын максаттары:

Билим берүүчүлүк: Арифметикалык орто сан жөнүндө түшүнүк алышат.

Өнүктүрүүчүлүк : Арифметикалык орто санды табууга карата мисал,маселелерди  иштей алышат жана турмуштук маанисин түшүнүшөт.

Тарбия берүүчүлүк максаты: Кол көтөрүп жооп беришет,бири-биринин пикирин уга билишет,өз алдынча иштешет.

Сабактын тиби: Жаңы билимге ээ болуу.

Сабакта колдонулуучу усулдар: контент редизайн, эркин микрофон.

Сабакта колдонулуучу каражаттар жана материалдар: интерактивдүү доска, метр, сызгыч, сүрөттөр, стикерлер, карточкалар.

Сабактын жүрүшү:

1.Уюштуруу (2-3′) (шыктандыруу, мотивация)

Сабакты уюштуруу жана жагымдуу маанай түзүү үчүн “Эртең пикникке барабыз” деген оюн ойнойбуз. Бүгүнкү сабагыбызга активдүү катышсаңар эртең пикникке барабыз. Ким эмне алып барат жазылабыз. Мисалы, менин атым Гүлзат, мен гречка бышырып барам, Аяна алма алып барат, Бакыт банан алып барат. Туура эмес айткан окуучу , барбайт. Мисалы: Адилет сок алып барат десе.

2.Баалоо критерийлери менен тааныштыруу (1′):

Үйдүн макети коюлат. Балдар бүгүнкү сабакта үй тапшырманы аткарып келген, өтүлгөн темаларды кайталоо үчүн берилген суроолорго жооп берген, доскага чыгып эсепти туура чыгарган окуучуларга бирден кирпиччелер берилет, ошол кирпиччелер менен бул үйүбүздү кооздоп сырткы жасалгасын жасайбыз. Кайсы окуучу үйдүн сырткы жасалгасына көбүрөөк салым кошсо, сабактын жыйынтыгында жакшы баага ээ болот.

5-6- кирпич  -“5”

3-4 кирпич-  “4”

1-2 кирпич- “3”

3.Үй тапшырма текшерүү (2-3′)

“Эркин микрофон” ыкмасын колдонобуз. Ондук бөлчөктөрдү кошуу, кемитүү, көбөйтүү, натуралдык санга бөлүү эрежелерин кимдер айтып берет? Андан сырткары № 106, 107 көнүгүүлөрдүн жоопторун окуйбуз деп мугалим бир окуучунун атын атап микрофонду узатат. Ал окуучу жооп берет да өзү тандаган окуучуга узатат. Ошентип үй тапшырмасы текшерилет жана окуучуларды билими бааланат.

4.Жаңы темага өбөлгө (15-17′)

Доскага орточо айлык, орточо бой, орточо түшүм, орточо жаш, орточо ылдамдык деген сөздөр жазылган баракчалар сүрөттөрү менен илинип турат. Балдар силер жашоодо ушул түшүнүктөр менен кездештиңер беле жана эмне үчүн мындай аталышат?

1-маселе. Орточо салмак.

Анда эмесе ушул түшүнүк менен жакындан таанышалы. Биздин алдыбызда 6-класста окуган окуучулардын салмагы канча болуш керек? — деген суроо турат дейли. Класстагы салмагы ар түрдүү алты баланы чыгарабыз дагы аларды таразага тартабыз жана алардын орточо салмагын балдардын көз алдында эсептеп берип түшүндүрөбүз.

Жанарбек -31,4кг,

Абдулазиз-35,6кг,

Нуржигит-49,6кг,

Ислам-58 кг,

Нурел-36,4 кг,

Амир-37,2 кг

Арифметикалык орточону табабыз

(31,4+35,6+49,6+58+36,4+37,2):6=248,2:6=41,3  Жообу: 41,3 кг

2-маселе. Орточо бой.

Класстагы бойлорунун узундугу ар кандай болгон беш кызды чыгарып бойлорун метр менен ченеп орточосун эсептейбиз.

Хадижа-166,4 см     (166,4+155,6+145+147,8):4=614,8:4=153,7

Амина-155,6 см

Аяна-145см

Саида-147,8 см                    Жообу: 153,7 см

3-маселе. Орточо пенсия.

АРИФМЕТИКАЛЫК ОРТО САН

Слайддан алдын ала даярдалган видео көрсөтүлөт. Анда Кыргызстандын ар кайсы аймагында жашаган пенсионер ата-энелердин өздөрүн тааныштырып жана пенсиясынын өлчөмү жөнүндө маалымат беришет.

Лейлек районунда жашаган Санавар апа-5817 сом

Лейлек районунда жашаган Байыс агай-15000 сом

Токмок шаарында жашаган Айтбүбү эже- 7060 сом

Жайыл районунда жашаган Сулайка апа-3000 сом

Балыкчы шаарынын тургуну Базаркул эже-4950 сом

(5817+15000+7060+3000+4950):5=35827:5=7165 сом

Жообу: 7165 сом орточо пенсия

5.Жаңы тема(5′).  “Контент редизайн” ыкмасын колдонуп бүгүнкү тема өтүлдү.(Контент редизайн — бул мазмунду кайрадан, жаңыдан дизайн кылуу дегенди билдирет. Башкача айтканда, мугалим сабакка кирип дароо эле өтүлө турчу тема тууралуу айтпастан, жашоодо кайсы жерде кездешет, биз күнүмдүк турмушта кайсы учурда, кандай шартта бет келишебиз? — деген маселе менен баштап, ошого бир канчалаган мисалдарды берсек, сабактын таасирдүүлүгү 100% көбөйөт).

Декмек, балдар биздин бүгүнкү темабыз “Арифметикалык орто сан” экен. Сандардын суммасын кошулуучулардын санына бөлгөндөн чыккан тийинди ал сандардын арифметикалык орто саны деп аталат.

6.Бышыктоо. (2-3′)”Ким көрөгөч” оюнун ойнойбуз. Ал үчүн балдарга бир нече сандар жазылган карточкаларды көрсөтүп кайра тез жашырып турабыз. Карточкадагы жазылган сандарды балдар таанып, көрүп алардын арифметикалык орточосун табууга аракет кылышат. Бул учурда балдардын визуалдык эс тутуму текшерилет жана жакшырат.

7.Өз алдынча иш(9-10′)

Окуу китебиндеги №110, 111, 112, 113, 114, 115 көнүгүүлөрдү иштеп көрсөтүшөт

8.Жыйынтыктоо. (1-2′)

1.Арифметикалык орто сан деген эмне экен?

2.Ал биздин жашообузда кайда кодонулат ?

3.Бүгүнкү сабак силерге түшүнүктүү болдубу?

4.Бүгүнкү сабак силерге жактыбы?

9.Баалоо (2-3′). Кана балдар кимиңер бүгүнкү сабактын жыйынтыгы менен канча кирпичче топтодуңар, ошол топтогон кирпиччеңерди алып биздин үйүбүздүн сырткы жасалгасын жасалгалагыла. Балдар сабактын жүрүшүндө алган кирпиччелерин санап өздөрүн баалашат дагы, үйдү кооздошот.

10.Үй тапшырмасы(1′) №120 Үй-бүлөңөрдөгү адамдардын орточо жашын эсептегиле.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер