«Акыл Ордо» таймашы

  • 22.11.2024
  • 0
«Акыл Ордо» таймашы

Сымбат Байболотова, Ысык-Көл районундагы Бает жалпы орто билим берүү мектебинин башталгыч класстарынын мугалими

3-класстар арасында өтүлүүчү «Акыл Ордо» таймашы

Акыл ордо таймашынын максаты:

Окуучулардын алган билимдерин бышыктоо менен алардын ойлоо сезимдерин, тапкычтыгы, кабыл алуусу, сүйлөө чеберчилиги текшерилет.

Жабдылышы: Слайд, доска, жана керектүү ресурстар

Таймаштын жүрүшү: Тест алуу менен катышуучуларды аныктап алуу

1-турда 8 окуучу катышат. Ар бир окуучуга экиден  суроо берилет

2-турда категорияларды тандоо. 1-турдан өткөн 6 окуучу катышат.

3-тур — категорияларды тандоо. 2-турдан өткөн 4 окуучу катышат.

4-тур — финалдык суроолор. Жеңүүчүнү аныктоо, сыйлыктарды тапшыруу

1-тур:

  1. Манас минген ат кандай аталат? Аккула
  2. Арстанбап токоюнда эмнелер өсөт? Жаңгак
  3. Носорог кыргызча кандай аталат? Керик
  4. 50 дөн кийинки тегерек ондук канча? 60
  5. Асыл — таштан болсо, акыл эмнеден? Баштан
  6. Апасы 47де, уулу андан 40 жашка кичүү, баласы канчада? 7
  7. Бир жылда канча күн бар? 365 күн
  8. Төрт бурчтук столдун бир бурчун араалап салса канча бурчу калат? 5 бурч
  9. Орун алмашуудан эмне өзгорбөйт? Сумма
  10. Бүттан жанылган турат, эмнеден жанылган турбайт? Тилден
  11. Дос сөзунө маанилеш сөз кайсы? Жолдош
  12. Эгер болсо 30 дан тиш,

Колундагы таракта.

5 тарактын канча тиши,

Болоорун айт заматта. 150

  1. Билим алууда эмне менен кудук казабыз? Ийне
  2. Элге-журтка  белгилүү  ыр ырдаган  адамдарды ким деп атайбыз? Ырчы
  3. Жомоктогу манжанын бир болугу болгон бала? Чыпалак
  4. Карыялар бата берээрде эмне кылат? Алакан жаят

2-тур. Категорияларды тандоо 

«Жаныбарлар»

  1. Коёндун баласы бул? бөжөк
  2. Чөлгө чыдамдуу, өркөчтүү жаныбар кайсы? төө
  3. Энеси чычкан, атасы куш бул? жарганат
  4. Итти орусча эмне дейт? собака
  5. Чамгырды чыгарган жаныбар? чычкан
  6. Кымыз эмненин сутунон жасалат? бээнин
  7. Акыра деп кайсы жаныбарды атайт? жираф
  8. Носорог кыргызча кандай аталат? керик
  9. Бул жаныбар адамдын досу? ит
  10. Абайла ага тийбе, үстүндө толгон ийне бул? кирпи

«Өсүмдүктөр»

  1. Ак алтын деген кайсы өсүмдүк? пахта
  2. Күндү карап өсөт бул эмне? кункарама
  3. Гербден кайсы өсүмдүктөрдү кезиктиребиз? пахта, буудай
  4. Бул өсүмдүктү аарчыганда ыйлайбыз? пияз
  5. Жалгыз эле Баткенде өскөн гүл? Айгүл гүлү
  6. Жай кышы бир өңдө? балаты
  7. Өсүмдүктөрдүн эң улугу? буудай
  8. Ичинде суусу өтө көп өсүмдүк? дарбыз
  9. Коён абдан жакшы көрөт? сабиз
  10. Башы жердин астында, чачы жердин өстүндө? сабиз

«Математика»

  1. Аалынын 13 кою бар, он экисинен башкасынын баары олуп калды. Аалынын канча кою калды? 12 коюу калды
  2. Ящиктен 20 коёндун кулагы чыгып турат, ящикте канча коён бар? 10 коён
  3. 19дун алдында кайсы сан турат? 18
  4. Эң чоң эки орундуу санды ата? 99
  5. 72: 9 тийиндиси канча болот? 8
  6. Азыртадан жакшы билип ал, ар жуманын канча күнү бар? 7 күн
  7. 10 см канча дм барабар? 1 дм
  8. Эки үй-бүлө, төрт улар, 6ны 5 ке көбөйтсөң ошончо булар? 6
  9. Мараттын 5 коёну экиден бөжөк тууду эле, канча болду Маратта айта салчы заматта? 10
  10. Математикада канча амал бар? 4

«Тил»

  1. 36 тамга 39 тыбышы бар кайсы тил? Кыргыз тили
  2. Созулма үндүүлөр канча тамга менен белгиленет? 2
  3. Узун сөзүнүн карама-каршысын тап? Кыска
  4. Орус тили кимдердин тили болуп саналат? Орус
  5. Англисче мен деп айтчы? I am
  6. Эмненин жардамы менен сүйлөшөбүз? Тилдин
  7. Эмнеде сөөк жок? Тилде
  8. Тилибиз кайда жайгашкан? Ооздо
  9. Атаңдын эне тили кайсы? Кыргыз тили
  10. Буттан жаңылган турут, эмнеден жаңылган турбайт? Тилде

«Сак бол!»

  1. Светофордун кайсы түсү күйгөндө өтөсүн? Жашыл
  2. Столдун астына эмне болгондо жашынабыз? Жер титирөө
  3. Күтүүсүздөн өрт чыкса кайсы номерге чаласың? 101
  4. Тынбай жааган жаандан эмне пайда болот? Сел
  5. Жолдогу зебра кимдер үчүн тартылган? Жөө жүргүнчүлөр үчүн
  6. Көп кардын кулап түшүшүн эмне дейт? Кар көчкү
  7. Кичине балдарга кимдер менен суйлошүүгө болбойт? Чоочун адамдар
  8. Баштан күн өтпөш үчүн эмне кылыш керек? Баш кийим кийүү
  9. Кырсыктардан алыс болуу үчүн эмне кылабыз? Эрежени сактайбыз
  10. Чүпүрөктү суулап кайсы учурда мурунга басабыз? Өрттүн түтүнүнөн коргонуу үчүн

«Күн желеси»

  1. Кыргызстандын желегинин түсү кандай? Кызыл
  2. Суунун түсүн айт? Түсү жок
  3. Күн желесинде канчң бар? 7
  4. Картада тоолор кандай оң менен белгиленет? Курөң
  5. Кункарама кандай болуп гүлдөйт? Сары
  6. Зебрадан кайсы түстөрдү кезиктиребиз ак кара
  7. Панданын өңү кандай болот? Ак, кара
  8. Ар кандай тустөргө өзгөрө алган жаныбар? Хамелеон
  9. Асманды дагы кандай деп атасак болот? Көк
  10. Сыя көк орусча кандай деп аталат? Фиолетовый

3-тур

«Табышмактар»

  1. Топтоголок бою бар, кабат-кабат тону бар? Капуста
  2. Тийбе десен тиет, тий десен тийбейт? Эриндер
  3. Оозунан ичип мурдунан куят? Чайнек
  4. Апасынын кулагын баласы чукуйт? Кулпу, ачкыч
  5. Балам арык, башы жарык? Ийне
  6. Буту бар, башы бар, үстүндө ташы бар? Ташбака
  7. Тегерете таш койдум кызыл өгүздү бош койдум? Тил, тиш
  8. Кызыл алма кыйын болсоң карма? Чок
  9. Табышмакты орусча эмне дейт? Загадка
  10. Ар бир үйдө таз бала? Самын

«Майрамдар»

  1. Нооруз майрамы кайсы мезгилде болот? Жаз
  2. Апаларды, эже- карындаштарды качан куттуктайбыз? 8-март
  3. Орозо айы аяктаганда кайсы майрам болот? Орозо айт
  4. Балаты качан кооздолот? Жаңы жылда
  5. Сүмөлөктү качан бышырат? Ноорузда
  6. Окуу жылынын биринчи куну качан болот? 1- сентябрь
  7. 9-майда кайсы майрамды майрамдайбыз? Улуу жениш куну
  8. Ар бир адамдын бир жылда бир жолу болчу майрамы кайсы? Туулган күнү

Ребус тапмай.

4-тур: Финалдык суроолор

  1. Азайып бара жаткан жаныбарлар катталган китеп? Кызыл китеп
  2. Асманда учуп барат каркыралар, катарында 22 каркыра бар. 22 каркыранын канча канаты бар? 44
  3. 4 бир туугандын бирден карындашы болгон, бардыгы канча бир тууган? 5 бир тууган
  4. Ооруканада баланын жанында 1 адам отурат, врач бул ким? деп сурайт. — Мен бул баланын атасы эмесмин, бирок бул менин балам деп жооп берет. Ал ким эле? Апасы
  5. Кайсы амалды аткарганда тийинди келип чыгат? Бөлүү

Жыйынтыктоо. Сыйлыктарды тапшыруу.

Бөлүшүү

Комментарийлер