8-КЛАСС ҮЧҮН «5Е» ИЛИМИЙ ОКУТУУ МОДЕЛИ
- 12.08.2025
- 0

Классы: 8-б
Класста окуучунун саны:18
Сабактын узактыгы: 30 мүнөт
Сабактын темасы:Туздардын классификациясы, алынышы, касиеттери жана колдонулуштары
Сабактын максаты:
- Туздарды классификациялайт жана колдонуу чөйрөсүн түшүнүшөт
- Түздарды алуу реакцияларынын теңдемелерин түзүп жана анализдешет.
- Туздардын алынышы жана касиеттери боюнча реакциялардын маанисин практикалык тажрыйба аркылуу далилдешет.
Күтүлүүчү натыйжа: «Окуучу сабактын аягында жок дегенде 3 туздун формуласын, алынуу жолун жана
колдонулушун жазуу түрүндө түшүндүрүп бере алат».
Негизги идея: Туздар — бул күнүмдүк жашоодо кеңири колдонулган химиялык бирикмелер. Алардын классификациясы,
алынышы жана касиеттери алардын колдонулушуна түздөн-түз таасир этет.
Узак мөөнөттүү түшүнүк: аш тузу (кайнатма туз), аш содасы (тамак аш содасы, кычкыл туздар),
көк таш (жез купоросу), малахит (негиздүү туздар), магний тузу (ачуу туз)
Сабакта колдонуучу ресурстар: Окуу китеби, окуу куралдары, интерактивдүү панель доска, видео,слайддар,
мезгилдик система, дарыканадан алынган туздар(натрийдин хлориди, кальцийдин хлориди, марганцовка,
магнийдин сульфаты, барийдин сульфаты, натрийдин гидрокарбонаты), ашканада колдонулган туздар
(кайнатма туз, тамак аш сода, каустикалык сода,)
Контекст: Жеке, жергиликтүү, глобалдык.
Көндүмдөр: Байкоо, салыштыруу, классификациялоо, приборлорду жана жабдууларды колдонуу, талдооо, баалоо
1-этап. Кызыктыруу. (5-мүнөт)
Мугалимдин иш аракети: «Саламатсыңарбы балдар! Саламатсыздарбы урматтуу эжейлер! Биздин сабагыбызга Кош келдиңиздер.
Окуучуларым менен изилдөө сабагын өтүп берейин. Окуучуларымдын кандай билимге жана көндүмдөргө ээ болуп жатканын көрө аласыздар.
Балдар бүгүн биз туздардын сырдуу дүйнөсүнө саякат кылабыз. Силер сабакта химиянын сырларын толук ачып берет деп ишенем!
Мугалим: Бүгүн изилдөө сабагын өтөбүз. Биз жашообуздагы колдонуп жүргөн туздарды изилдейбиз.
- Анда мен силерге видео-тасма даярдагам. Кайсы туздар жөнүндө сөз кылабыз видеодон көрөлү:
- Максат: Окуучулардын көңүлүн буруу жана кызыгуусун ойготуу.
Видео-фрагмент: «Ашканада жана дарыканада колдонулган туздар»
1.Суроо. Азыркы видеодон кайсы туздарды көрдүнөр? …
Окуучулар атап беришет. Мугалим Көрсөтөт.
2.Суроо: Балдар күнүмдүк жашоодо дагы кандай туздарды билесиңер? «Силер кайсы туз эң көп колдонулат деп ойлойсуңар? Эмне үчүн?»
Аптекадагы ? Марганцовка ….. перекись водород ?
3.суроо. Балдар кандай тузду колдондуңар эле? Кантип? каякта? Эмне максатта? 2-3 окуучу.
- Ашканада колдонулган кандай туздарды билесиңер?
- Дарыканада колдонулган кандай туздарды билесиңер?
Столдун үстүндө ар кандай туздардын мисалдары (аш тузу, тамак аш содасы, магний сульфаты, натрийдин хлориди, кальцийдин хлориди, кальцирленген сода, ж.б.)
Мугалим: Столдун үстүндөгү туздар менен иштөө: Ар түрдүү туздарды карап, жыттоо, туюу аркылуу сезүү менен таанышышат. Андан кийин
1.Туздун курамын же формуласын карап чыгабыз.
2.Төмөнкү белгилер боюнча тузду классификациялайбыз:
3.Классы: орто тузбу, кычкыл тузбу, негиздүү тузбу?
Окуучунун иш аракети: Окуучулар: (окуучулар ар кандай жоопторду беришет).
Окуучулар туздардын атын атап чыгат ( аш тузу, тамак аш содасы, магний сульфаты, натрийдин хлориди, кальцийдин хлориди, кальцирленген сода, ж.б.)
| Аты | Формула | Колдонулушу |
| Аш тузу | NaCl | Тамак бышыруу, консервалоо |
| Тамак аш содасы | NaHCO₃ | Камыр көтөрүү, тазалоо |
| Кальцирленген сода | Na₂CO₃ | Кир жуугуч каражаттар |
| Каустикалык сода | NaOH | Өндүрүш, тазалоо |
| Магний сульфаты | MgSO₄ | Ич өткөндө дары катары |
| Кальций хлориди | CaCl₂ | Инъекциялык дары |
| Марганцовка | KMnO₄ | жара айыктыруу |
Орто туздар: NaCl, Na₂CO₃, CaCl₂, BaSO₄, KMnO₄,
Кычкыл туздар: NaHCO₃
Негиздик туздар: (CuOH)₂CO₃
Күтүлүүчү натыйжалар: Балдар видеону көрүп, ашканада жана дарыканада колдонулган туздардын айырмасын билишет.
Туздарды курамына карап классификациялашат.
Көндүмдөр: Байкоо, түшүнүү, чечим, салыштыруу
2-этап. Изилдөө. 10 мүн.
Мугалимдин иш аракети:
Туздардын алынышы: «Лабораториядагы эң маанилүү формула — Коопсуздук!»). HCl BaCl2 менен иштөө кол кап кийип иштөө.
1-изилдөө.
Максаты: Окуучулар өнөктөшү менен заттарды байкоо жүргүзүп, NaCI ду алышат
Натрий хлордун дарыканадагы жана ашканадагы колдонорун көрсөтөм. Дарыканада -физиологиялык суюктук, ашканада аш тузу деп аталат.



Окуучулар стол үстүндө мугалимдин көзөмөлүндө төмөнкү заттарды колдонуп реакцияны жүргүзүшөт:
Формуласы кандай ?……. суроолор. Азыр алынышын изилдөө жүргүзүү.
Ар бир окуучу колбага (лабораториядагы натрийдин гидроксидин, каустикалык сода эритмесин дагы же чистотелла көрсөтуп) Эритмени даярдашат 5 сек .
Суроо: Кантип далилдейбиз? + Индикатор (фенолфталеин)
1.Индикаторлор кандай түскө өзгөрдү?
2.Бул эмнени билдирет?
3. Пробиркада HCl кислотасын пипетка менен алып тамызышат. Эки эритмени аралаштырып реакциянын жүрүшүн байкашат.
Эмнени байкадыңар? Пайда болгон эритмеден бир тамчы алып ысытабыз. Балдар туздар аралашма түрүндө кездешет.
Окуучунун иш аракети: Колбага NaOH эритмесин даярдайт (каустикалык сода / «Чистотел»).
- Фенолфталеин кошуп, түсүнүн өзгөрүшүн байкайт.
- Индикатор боюнча жыйынтык чыгарат.
- Пробиркага HCl кислотасын тамызат жана экөөнү аралаштырат.
- Реакциянын жүрүшүн байкайт.
- Жаңы зат пайда болгонун талкуулайт.
- Эритмеден бир тамчы алып, ысытып, жыт же калдыктарга көңүл бурат.
Күтүлүүчү натыйжалар: Окуучулар нейтралдашуу реакциясынын маңызын түшүнүшөт. Химиялык теңдемени туура жаза алышат.
Индикатордун түсүнө карап чөйрөнүн (кислоталуу, нейтралдуу же негиздүү) кандай экенин аныкташат.
Күнүмдүк жашоодо туздардын кандайча пайда болорун түшүнүшөт.
Көндүмдөр: Байкоо,салыштыруу, талдоо, классификациялоо
3-этап. Түшүндүрүү. (7-мүнөт)
Мугалимдин иш аракети:
Суроолор:
1.Суроо: «Пайда болгон заттар кандай касиетке ээ?»
Чыгаруучу суроо: «Аш тузу кандайча пайда болду?»
Кырдаалдык суроо: «Аптекадагы тузду ушундай эле жол менен алса болобу?»
Суроо: Эмне пайда болду?
Далилдөө. Кайнатуу.
- Реакция жүргөндө кандай заттар пайда болот?
8 окуу реакц. Аташат. Концепция. Чыгаруучу суроо
- Реакцияда пайда болгон заттар кандай касиетке ээ?
Далилдөө. Кийин.
Кырдааалдаык. Суроо.
- Реакцияны жаз жана аны түшүндүр.
- Реакция кандай типке кирет?
Эмне үчүн Алмашуу реакциясына кирет?
2-изилдөө. Баштайбыз. Хлоридди изилдедик. Азыр сульфатты карайлы.
Максаты: Барит тузун турмуштагы жана медициналык маанисин баалап үйрөнүшөт. Барий сульфаты (Барит) боюнча түшүндүрмө жана эксперимен
Барит (BaSO₄) – бул ак түстөгү, сууда эрибеген туз. Ал медицинада, тактап айтканда, рентгенографияда ичеги-карындын абалын
текшерүү үчүн карындын абалын текшерүү үчүн колдонулат. Барий элементтеринин көпчүлүгү уулуу, бирок барий сульфаты – эрибеген кошулма
болгондуктан, адамдын организмине сиңбейт. Ошондуктан ал ичеги-карын рентген текшерүүлөрүндө (рентгеноскопия, флюороскопия)
«барий боткосу» түрүндө колдонулат. Бул ботко ичке же жоон ичегиден өтүп жатканда, рентген нурларын жакшы бөгөттөп, ичеги-карындын
формасын, абалын ачык көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Организм аны сиңирбейт, ошондуктан ал тышкаркы уулуулук
жаратпайт жана андан кийин табигый жол менен сыртка чыгат.
Суроо: Барий сульфаты кайда колдонулат?
Суроо: Реакцияда кандай заттар пайда болот?
Суроо: Барий сульфаты эмне үчүн адам организми үчүн коопсуз?
Суроо: Реакциянын теңдемеси кандай?
Суроо: Бул реакция турмушта эмне үчүн маанилүү?
5 мүнөт
- Эксперимент
- Мүнөт суроо слайд
- Мүнөт кырдаалдык суроо
- Мүнөт
Концепция суроо эрибейт
Окуучунун иш аракети: BaCl₂ + Na₂SO₄ → BaSO₄↓ + 2NaCl
· Окуучулар эки пробиркага BaCl₂ жана Na₂SO₄ эритмелерин тамызат
· Экөөнү аралаштырат жана байкоо жүргүзөт
Чөкмө пайда болгонун байкайт (BaSO₄ – ак түстөгү чөкмө)
Реакция жүргөнүн көз менен көрөт
Жооп (окуучу): Бул туз ооруканада рентгенге тартканда ичегини көрүү үчүн колдонулат.
Аны ичет, бирок ал зыян эмес экен, организмге сиңбейт экен.
Жооп: Барий сульфаты пайда болот — ак чөкмө болуп, чөгүп калат. Жанында дагы туз (NaCl) чыгат.
Жооп: Анткени ал сууда эрибейт жана организмге сиңбейт. Андыктан уулануу болбойт.
Жооп: BaCl₂ + Na₂SO₄ → BaSO₄↓ + 2NaCl
BaSO₄ + HCl = эрибей турганын көрүшөт
Ашказанда туз кислотасы эрите албайт, барит табигый жол менен сыртка чыгып кетет
Жооп: Мындай реакция менен дары жасоону үйрөнөбүз. Баритти туура колдонсо, оору аныкталат
Күтүлүүчү натыйжалар: Окуучулар барий сульфаты дарыканада кандай колдонуларын түшүнүшөт.
Туура реакция теңдемесин жазып үйрөнүшөт. Тунуктук реакциянын маанисин түшүнүшөт.
Медицинада колдонулуучу туздарды айырмалай алышат.
Көндүмдөр: Байкоо,салыштыруу, талдоо, классификациялоо
4-этап. Кеңейтүү. 10 мүнөт
Мугалимдин иш аракети:
Түздардын химиялык касиеттери:
5 мүнөт
Максаты:Окуучулар туздардын кислоталар менен болгон реакциясын байкап, көмүр кычкыл газынын бөлүнүшүн таанып үйрөнүшөт.
Газдын бөлүнүшү натыйжасында шариктин чоңоюшу аркылуу химиялык реакциянын натыйжасын түшүнүшөт. Окуучулар
турмушта колдонулуучу туздардын (тамак-аш содасы, кальцирленген сода, бор) касиеттерин билип, алардын турмуштагы маанисин түшүнүшөт.
Суроо: Силер күнүмдүк турмушта сода менен уксусту кошуп көрдүңөр беле? Эмне болгон?
А) Бор (CaCO₃)
Б) Кальцирленген сода (Na₂CO₃)
В) Тамак аш содасы (NaHCO₃) салып коёбуз.
2. Ар бирине уксус же күкүрт кислотасын кошобуз.
3. Шишени тез шарик менен жаап коёбуз.
4. Шарик кандай өзгөрөт?
Суроо:
— Эмне үчүн шарик көбөйдү?
— Кайсы газ бөлүнүп чыкты?
Масса, моль жана көлөм боюнча эсептөөлөрдү аткаруу.
Мугалим:
Маселе : 10 г кальцийдин карбонаты (CaCO₃), күкүрт кислотасы (H2SO4) менен аракеттенишкенде, (н.ш.) көмүртектин
(IV) оксиди (СО2) нин канча көлөмү пайда болот жана ал заттын канча санын түзөт?
2- мүнөт. Маселе. Суроо газ.
Шарикти үйлөгүлө
Эки шарикти Биз бактылуу балдарбыз деп учургула. Кайсынысы жакшы учту?
Кырдаалдык суроо: Эмне үчүн айрма болду.
Наздар бийик көтөрүлүү үчүн кайсы газ толтурулат
( «STEM» ыкмасы менен логикага байланыш суроо)
Окуучунун иш аракети: Балдардын жооптору:
Жооп: Реакцияда көмүр кычкыл газы (CO₂) бөлүнүп чыкты.
Ал газ шарикке толуп, шарик чоңоюп кетти.
Na₂CO₃ + H2SO4 = Na₂SO4 + CO₂↑ + H₂O
Маселе : 10 г кальцийдин карбонаты (CaCO₃), күкүрт кислотасы (H2SO4) менен аракеттенишкенде,
(н.ш.) көмүртектин (IV) оксиди (СО2) нин
канча көлөмү пайда болот жана ал заттын канча санын түзөт?
Чыгаруу:
Реакция теңдемеси:
CaCO₃ + H₂SO₄ → CaSO₄ + CO₂↑ + H₂O
Формула жана эсептөөлөр:
Молекулалык масса:
Ca = 40, C = 12, O₃ = 3×16 = 48
M(CaCO₃) = 40 + 12 + 48 = 100
Берилген масса: m = 10 г
Моль эсеби: n = m / M = 10 г / 100 г/моль = 0.1 моль
Моль катышы: Реакция боюнча 1 моль CaCO₃ → 1 моль CO₂, демек:
n(CO₂) = 0.1 моль
Газдын көлөмүн эсептөө (нормалдуу шартта 1 моль газ = 22.4 л):
V = n × Vm = 0.1 × 22.4 = 2.24 литр
Жооп: 2.24 литр CO₂ газы бөлүнүп чыгат.
- Реакция теңдемеси:
CaCO₃ + H₂SO₄ → CaSO₄ + CO₂ + H₂O
- CaCO₃ затын моль менен эсептейбиз:
М(CaCO₃) = 40 + 12 + 16×3 = 100
n(CaCO₃) = масса / молярдык масса = 10 г / 100 г/моль = 0,1 моль
- Стехиометриялык катышы:
CaCO₃ : CO₂ = 1 : 1 → демек, n(CO₂) = 0,1 моль
Күтүлүүчү натыйжалар: Окуучулар туздардын күкүрт кислотасы, уксус кислотасы менен болгон реакциясында
химиялык касиетин түшүнүшөт. Газ бөлүнүү аркылуу реакция жүргөнүн далилдешет. Калыптанган көндүмдөрүнө таянып,
жыйынтык чыгарышат. Балдар байкоо жүргүзөт, реакциясын жазышат, теңдемесин теңдешет, пайда болгон затты аташат.
Химялык касиетин аныктай алышат. Эсептөөлөрдү жүргүзүү көндүмдөрү калыптанат.
Көндүмдөр: Байкоо,салыштыруу, талдоо, классификациялоо
5-этап. Баалоо (3-мүнөт)
Мугалимдин иш аракети:
Рефлексия: Сабактын соңунда окуучулардан «Бүгүн мен эмнени үйрөндүм?
Эмне мен үчүн кызыктуу болду?
Окуучунун иш аракети: Эмне суроо калды?» деген 3 суроого жооп жаздыруу.
Негиз менен кислота аракеттенишип, эритмени ысытуудан ак крисстал туздун пайда болорун билдим
–Эки тунук эритмени аралаштырганда чөкмө пайда болушу мүмкүн экенин билдим.
– Химиялык реакциянын теңдемесин жазууну жана түшүндүрүүнү үйрөндүм.
– BaCl₂ менен Na₂SO₄ реакциясында BaSO₄ чөкмө пайда болорун билдим.
-_Реакцияны өз колум менен жасап көргөнүм кызыктуу болду.
– Индикатор менен жүргүзгөн байкообуз мага жакты.
– Чыныгы химик болгондой сездим!
Күтүлүүчү натыйжалар:· Химиялык реакцияны жүргүзүү жана байкоо жүргүзүү көндүмдөрүн өздөштүрөт.
· Реакциянын химиялык теңдемесин жазат, анын реакция тибин аныктайт. Химияга болгон кызыгуусу артып,
өзүн “чын химиктей” сезип, тажрыйбадан ырахат алат.Өз алдынча иштөө көндүмдөрү калыптанат.
Теориялык билимдерин практикада колдоно алышат.
Көндүмдөр: Байкоо,салыштыруу, талдоо, классификациялоо
Socrative: онлайн тест
- Натрийдин сульфатынын химиялык туюнтулуусу:
а) Na2SO4 б) Na2S в) Na2SO3 г) Na2SiO3
- Кычкыл туз деп кайсы бирин айтабыз
а) барийдин гидроксиди
б) калийдин гидроксокарбонаты
в) жездин гидрокарбонаты г) кальцийдин гидриди
- Нейтралдашуу реакциясында кандай заттар пайда болот?
А) Туз жана газ
Б) Туз жана суу ✅
В) Газ жана суу
Г) Туз жана кычкыл - Төмөнкү реакция реакциянын кайсы тибине кирет?
HCl + NaOH → NaCl + H₂O
А) Кычкылдануу-калыбына келүү реакциясы
Б) Алмашуу реакциясы ✅
В) Айлануу реакциясы
Г) Көмүртек реакциясы - Кальций карбонаты менен туз кислотасынын реакциясында шарик кайсы газга толот?
А) Азот газы
Б) Суу буусу
В) Көмүр кычкыл газы ✅
Г) Гелий
Үй тапшырма: Айыл чарбасындагы туздардын (CuSO4, FeSO4,MgSO4 ж.б.) манисин билип келүү
Аида БАЯЛИЕВА,
Бишкек шаарындагы №80 Ш.Назаркулов атындагы жалпы
орто билим берүү мектебинин химия мугалими
Комментарийлер