МЕН МЕКЕНИМДИ КОРГОЙМ
- 19.09.2022
- 0
![МЕН МЕКЕНИМДИ КОРГОЙМ](https://kutbilim.kg/wp-content/uploads/2022/09/5283218290350604647_121-1-e1663681232865.jpg)
Чынаркуль Белегенова жетектеген Бишкек шаарынын №64 мектебинин 1-11-класстарынын окуучулары Республикалык «Аза күнүндө» сабактарды бир минуталык эскерүү менен башташты.
Сабактар тарбиялык сааттар менен коштолуп, балдарды мекенчилдикке тарбиялоо, ынтымак, биримдүүлүк, намыстуулук темасы терең ачылды.
Мектептин окуу-тарбиялоо иштери боюнча директордун орун басарлары Эльмира Омурова, Зейнегүл Абдыманаповалар класс жетекчилердин тарбиялык сааттарына катышып, эң жакшы өтүлгөн сабактарды белгилөө менен, төмөндөгү класс жетекчилердин ишин жогору баалады, алар: Гулнара Садырова, Асыл Толобекова, Жаркын Дуйшеналиева, Асыл Мукарапова, Жаңыл Нарынбаева жана Сапаркул кызы Назира болду.
А Асаналиева «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер