ЖУМУШЧУ КЕСИП ЭЭЛЕРИ – ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРҮҮЧҮ КҮЧ

  • 11.05.2022
  • 0

Ош облусунун Ноокат районундагы Э.Абдыраимов атындагы №54 кесиптик лицейинде учурда үч жылдык жана 10 айлык мөөнөттө 242 окуучу окуп жатат. “Кичи ветеринар”, “Электр монтеру”, “Жашылча өстүрүүчү”, “Жеке компьютердин оператору” сыяктуу адистиктер жаңыдан ачылган. Ал эми кыска мөөнөттүү курстардан 204 окуучу өзү каалаган кесиптин ээси болуп чыгат.

Окуу жайдын тарыхы

Аталган лицей 1982-жылы ачылган. 1986-1991-жылдары 70 орундуу жатакана, 30 орундуу окуу залы жана китепканасы жалпы жамааттын күчү менен ашар жолунда курулган. Тельман атындагы колхоздун башкармасы Эшболот Абдыраимовдун демөөрчүлүгү менен 1990-жылы 150 орундуу бардык зарыл шарттары бар жаңы ашкана, беш окуу устакананын имараты ишке берилген. 1991-1993-жж. Ташболот Абдыраимов жетектеп, кесипкөй жаштарды даярдоодо, инженердик-педагогикалык кадрлардын билим, тажрыйба деңгээлин жогорулатууда алгылыктуу иштерди аткарган.

Окуу жайды 1993-2017-жылдары Абийбилла Меңдибаев жетектеп, материалдык базасын андан ары чыңдоодо жана өнүктүрүүдө кошумча курулмаларды куруудан тышкары, окуу жайга жаңы техникаларды алууда зор эмгек жасаган.

Лицейди 2017-жылдан бери Мансурали Султанов жетектеп келет.ЖУМУШЧУ КЕСИП ЭЭЛЕРИ – ӨЛКӨНҮ ӨНҮКТҮРҮҮЧҮ КҮЧ

ИНВЕСТИЦИЯ – ИЛГЕРИЛӨӨНҮН ӨБӨЛГӨСҮ

№54 лицей жетекчилиги буга чейин Евросоюз, МерсиКо, ЮСАИД сыяктуу эл аралык донорлор менен иштеп келген. АӨБ тарабынан 1703694 сомго ветеринардык, 2055524 сомго электр жана газ менен ширетүү, 1725659 сомго тиричилик жабдуулары алынган. Азыркы учурда “Ага Хан” фонду тарабынан алты компьютер комплекти окуучуларга колдонууга берилип жана 3000 $ чакан трактор алуу үчүн сметасы түзүлүп, ал ишке ашуу алдында турат.

ИЙГИЛИК ЫНТЫМАКТУУ ЖАМААТТАН БАШТАЛАТ

Кай жерде ынтымак болсо, ошол жерде иш илгерилеп, жакшы иштер жаралат. Окуу жайда жамааттын күчү менен ичи жылууланган кошумча бокс кеңейтилип, септик курулуп, жылытуучу жайдагы от казан кайрадан жасалган. Жамааттын бул аракети жергиликтүү бийлик, ыктыярдуу демөөрчүлөр тарабынан колдоого алынып, жатакананын бөлмөлөрү толугу менен ремонттон өткөрүлүп, эски эшик-терезелер, катуу жана жумшак эмеректер жаңыларына алмаштырылган. Усулдук талапка жооп бере турган керектүү техникалык каражаттар менен жабдылган окуу кааналары, ширетүүчүлүк, тигүүчүлүк, автомобилдерди тейлөө, ветеринария устаканалары бар. Мурда тигүүчүлөрдү даярдоого алты гана тигүү машинасы бар болсо, азыр алардын саны онго жетип, окуучуларга өндүрүштүк сабактарын кеңири өтүүгө ыңгайлуу шарт түздү.

Автомобилди тейлөөгө жаңы заманбап жабдуулар орнотулуп, автомобиль айдоо жана жол эрежелерин үйрөтүүчү сабактарды натыйжалуу өтүү үчүн автотренажерлор жана автомашиналар кызмат кылууда. Окуу жайы ашкана, жатакана, окуу класстары, өндүрүштүк устаканалар, окуу адистиктери боюнча колдонмолор менен камсыз болгон.

ЖАКШЫ ИШТЕРДИН ЖАНДООЧУЛАРЫ

Окуу жайдын директору Мансурали Султанов 2020-2021-окуу жылынын жыйынтыгында республикалык «Кыргыз Туусу» гезитинин тандоосу боюнча «Мыкты жетекчи» номинациясына татыктуу болгон. Кесиптик лицейде жалпысынан алганда 56 адис, 17 өндүрүштүк окутуу боюнча устат, 13 предметтик мугалим эмгектенет. Инженердик-педагогикалык жамааттын ичинен «Кесиптик-техникалык билим берүүнүн мыктысы» наамын алып жүргөн жогорку категориялуу мугалимдер жана өндүрүштүк окутуу боюнча устаттар бар. Алардын арасында жаштарга таалим-тарбия берүүдө өзүнүн кесиптик чеберчилигин көрсөтө алган Д.Арапова, И.Арналиев, Ж.Турсуналиев,
Б.Тажибаева, А.Ташполотов, Ш.Маматалиева, Ж.Оморова сыяктуу алдыңкы мугалим устаттардын ысымдарын баса белгилеп өтүү зарыл. Алар өз билимин, тажрыйбасын жаш мугалим устаттарга көрсөтүү менен өрнөк болууда.

Аны менен катар эле кыска мөөнөт аралыгында чечүүгө муктаж болгон бир катар маселелер бар. Алсак, 1958-жылы курулган мектептин имараты тез арада жаңы имарат куруу зарылдыгын айкын эске салып турат. Андыктан лицей жетекчилиги 650 орундук окуу класстары, устаканалар, жыйын залы, спорт залдары, китепкана, жатакана бата турган үч кабаттуу имараттын типтүү долбоорун мамлекеттик экспертизадан өткөрүп, учурда демөөрчүлөрдү издеп жаткан кези. Алдын ала эсептөөлөр боюнча анын жалпы сметалык баасы 131 млн сомду түзөт. Автопаркты, заманбап тигүүчү машиналарды жаңылоо, окуу класстарын интерактивдүү доскалар менен камсыздоо маселеси да алдыдагы кыска мөөнөт аралыгында чече турган максаттардын бири.

Эгемберди УСУПОВ,
«Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер