ЖАТАК МЕКТЕПТЕРДИ ЖАБУУНУН ЖЕТИ КӨРСӨТКҮЧҮ

  • 03.09.2024
  • 0

Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүндө дээрлик 60 миңге жакын бала интернаттык мекемелерде үй-бүлөсүнөн бөлөк жашайт.

ЮНИСЕФ жарыялаган жаңы аналитикалык катта 2030-жылга чейин бардык ири интернаттык мекемелерди жабууга көмөктөшүүчү саясаттын чаралары боюнча жети сунуштама берилди. Анда үй-бүлө мүчөлөрүн бири-биринен ажыратуунун жана балдарды институционалдаштыруунун кыйратуучу кесепеттерине карабастан, Борбордук Азиянын беш өлкөсүндө 0 жаштан 17 жашка чейинки курактагы дээрлик 60 миң бала интернат тибиндеги мекемелерде жашап жаткандыгы белгиленет.

“Биз институционалдаштыруунун балдарга тийгизген таасири канчалык олуттуу болгонун баамдап турабыз, мунун таасири өмүр бою билиниши мүмкүн. Ушундан улам үй-бүлөнү колдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө инвестицияларды көбөйтүү зарылдыгы келип чыгууда”, — деп билдирди ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Регионалдык директору Реджина Де Доминичис.

“Акыркы жылдары биз жаш балдарды альтернативалык чоңойтуу системасында тарбияланган балдардын санын азайтууда, анын ичинде интернаттык мекемелерди жабуу аракеттеринде жылыштарды көрүп жатабыз. Жакырчылыктан, майыптыктан же көйгөйлүү жүрүм-турумдан улам же баласын үй шартында багуу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгү болбогондуктан, бир да бала мындан ары альтернативалык мекемесине өткөрүлүп берилбеши үчүн бул багытта ишибизди уланта беришибиз керек”.

“Борбордук Азиядагы үй-бүлөлөрдүн бүтүндүгүн колдоо” аналитикалык катынын маалыматтарына ылайык, Борбордук Азия боюнча ар бир 100 миң баланын 203ү интернат тибиндеги мекемелерде жашайт, бул дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн дээрлик эки эсе көп дегенди билдирет, башка өлкөлөрдө 100 миң балага 105 бала туура келет.

Борбордук Азия боюнча мекемелерде жашаган балдардын жалпы санын кыскартууда жетишилген жылыштарга карабастан, интернат тибиндеги мекемелерде майып балдар ашыкча көбүрөөк. Казакстанды кошпогондо, Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүндө интернаттык мекемелерде жашаган майыптыгы бар балдардын үлүшү 2015-2021-жылдар аралыгында көбөйдү, бул жергиликтүү жамааттардын деңгээлинде социалдык нормалар терең тамыр жайып, майыптыгы бар балдар үчүн кызмат көрсөтүү чөйрөсү чектелгенин тастыктап турат.

Аналитикалык катта интернаттык мекемелерде жашаган балдардын үлүшү өлкөдөгү балдарды коргоо системасынын натыйжалуулугун чагылдырышы мүмкүн экендиги белгиленген, ошол эле учурда жогору көрсөткүч система үй-бүлөнүн бүтүндүгүн колдоого жөндөмсүз болуп жатканын ырастоодо.

Интернаттык мекемелерге жайгаштырылган балдар социалдык, эмоционалдык жана интеллектуалдык стимуляциялоодон куру калууда, мунун баары баланын мээсинин жакшы өнүгүүсү үчүн зарыл. Коомдун негизги бөлүгүнөн обочодо калып, интернаттык мекемелерде жашаган балдар зомбулуктан, талаптарга жооп бербеген жана ырайымсыз мамиледен корголбой калууда.

ЮНИСЕФ Борбордук Азиядагы ири интернаттык мекемелерди жабууга жана институционалдык кам көрүүнүн үй-бүлөлүк альтернативаларына өтүүгө көмөктөшкөн саясаттын чаралары боюнча төмөндөгүдөй жети сунуштаманы даярдады:

Мүмкүн болгон учурларда балдарды өз үй-бүлөлөрүндө жашатуу максатында балдарды багуу чөйрөсүндө натыйжалуу реформаларды жүргүзүү, анын ичинде ири адистештирилген мекемелерди жабууну пландаштыруу, балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо жана коргоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн ар тараптуу системасын түзүү.

Балдарды жана үй-бүлөлөрдү колдоо боюнча бир катар кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде бала үй-бүлөсүнөн ажырап калышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди эрте мөөнөттө аныктап, тиешелүү чараларды көрүү максатында үй-бүлөнү колдоо боюнча милдеттүү кызматтарды өнүктүрүүгө жана социалдык кызматтардын квалификациялуу персоналын түзүүгө инвестиция салуу.

Үй-бүлөнүн базасында альтернативалык камкордукту уюштурууну камсыз кылуу, анын ичинде балдарга кам көргөн чоң үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрүнө колдоо көрсөтүүнү күчөтүү жана бир туугандарды мүмкүн болушунча бири-биринен ажыратпоо стратегияларын ишке ашыруу.

Ишенимдүү стратегиялардын жана практикалык коргонуу ыкмаларынын жардамы менен альтернативалык кам көрүү мекемелеринде жашаган балдарды зомбулуктан, кароосуз калуудан жана катаал мамиледен коргоону камсыз кылуу.

Үй-бүлөсүнөн ажырап калышы ыктымал болгон, альтернативалык мекемелерде кармалган же камкордуктан чыккан балдар жөнүндө дайындардын көлөмүн жана сапатын жогорулатууга инвестиция салуу.

Үй-бүлөнүн бүтүндүгүн колдоонун артыкчылыктары жана бала өз үй-бүлөсүндө эле жашатууну камсыз кылууга биринчи кезекте көңүл бурулуш керектиги жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу.

Балдарга тиешелүү чечимдерди кабыл алып жатканда аларга да өз пикирин айтуу укугун камсыз кылуу жана балдардын муктаждыктары менен укуктарын канааттандырууга багытталган жаңы стратегияларды жана практикалык чараларды иштеп чыгууда балдардын оюн эске алуу.

Үй-бүлөнүн бүтүндүгүн сактоого көмөктөшүп, үй-бүлөнүн жана жергиликтүү жамааттын базасында баланы кароого колдоо көрсөтүү максатында ЮНИСЕФ Борбордук Азиянын бардык өлкөлөрүндөгү өкмөттөр жана өнөктөштөр менен биргеликте иш алып барууда. Буга деинституционалдаштыруу стратегияларын жана программаларын даярдап, ишке ашыруу, балдардын өз үй-бүлөсүнөн ажырап калуусуна жол бербөө максатында үй-бүлөнү коргоо жана колдоо кызматтарын кеңейтүү, үй-бүлөнүн жана жергиликтүү жамааттын деңгээлинде балага кам көрүүгө көмөктөшүү, үй-бүлө мүчөлөрүн бириктирүү, реинтеграциялоо жана балдардын өз алдынча жашоого коопсуз өтүүсү кирет.

 

Даярдаган Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер