ЖАТАК-МЕКТЕПТЕРДИ КАНДАЙ ТАГДЫР КҮТҮП ЖАТАТ?

  • 29.02.2024
  • 0

Аравандагы жатак-мектептин  жатаканасындагы жакшы эмес шарттар  союз учурунда малчы-койчулардын балдары үчүн ачылган бул билим берүү мекемелеринин учурдагы абалына, келечегине коомчулуктун кызыгуусун арттырып, соцтармактарда кызуу талкууну жаратты.

ЖАТАК-МЕКТЕПТЕРДИ КАНДАЙ ТАГДЫР КҮТҮП ЖАТАТ?

Союздун табылгасы

Жатак-мектептерди союздун табылгасы деп койсо болот. Анткени жүзүнө 180-200дөн козу алган чабандардын, чакалап сүт берген малчылардын балдарына билим берүү алыскы жайыттарда көчүп-конуп иштеген бийик тоолуу шарттарда мүмкүн эмес болчу. Ошондуктан ал кездеги коммунисттик партиянын катуу көзөмөлүндө республикабыздын ар кайсы аймактарында жатак-мектептер ачылып, союз таркаганга чейин иштеп келди. Эгемендүүлүк алгандан кийин деле бизде жатак-мектептер билим берүү системасынын ажырагыс бөлүгү катары, союз убагындагыдай зор масштабда болбосо да, өз чамасына жараша билим-тарбия берүүдө. Мисалы, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кычан Жакыпов атындагы жатак-мектепте союз убагында 400дөн ашуун тарбиялануучу билим алса, учурда мунун тең жарымы жатаканада жатып билим алууда. Сандык жактан мындай өзгөрүүлөр облустук Уркуя Салиева жана В.Терешкова атындагы жатак-мектептерде жок эмес. Эл арасында бул мекемелерге баланы орноштуруу оңой эмес экени айтылып жүрөт. Ал эми жатак-мектептердин жетекчилери алардын ишмердүүлүгү жалгыз эле билим берүү органдары тарабынан эмес, бир катар социалдык саясат, энени жана баланы коргоо уюмдары, мамлекеттик мекемелер тарабынан тыкыр көзөмөлдөнөт деп белгилешүүдө. Доор өзгөргөнү адамдардын да билим-тарбия ишине карата ой-пикири да өзгөрөт экен. Миграцияда жүргөн ата-энелердин көпчүлүгү тууган-туушкандарга караганда жайлуу жатаканасы, дасыккан тарбиячылары бар жатак-мектептерге балдарын калтырып кетүүнү артык көрүшөт. Бирок жатак-мектептердин азыркы жобосу эки ата-энеси тең күүлүү-күчтүү турган мындай үй-бүлөлөрдүн балдарын кабыл алууга тоскоол болууда. Жатак-мектепте жатып окуш үчүн сөзсүз эле үй-бүлөсү бүтүн, карды ток болбошу керек экен. Мигранттар азыр эмне үчүн акы төлөнүүчү пансиондорду ачууга болбойт деген маселени коюуда. Балким мунун да жөнү бардыр…

Башкысы — коопсуздук

Жатак-мектептердин кадимки мектептерден айырмасы мында окуучулардын басымдуу бөлүгү жатаканада жатып, билим алышат. Арасында жакын жайгашкан айылдардан келген мында иштеген тарбиячылардын, мугалимдердин балдары да жок эмес. Бирок келип-кетип окугандар өтө аз санда. Балдар-кыздар жатып окугандан кийин аларга үйдөгүдөй эле тыкыр көзөмөл зарыл. Бул жерде эң эле маанилүүсү — тарбиялануучулардын коопсуздугу. Союз учурунда көп маалыматтар жабык бойдон калып келген. Жакында эле Таластын Айтматов районунун Кызыл-Адыр айылындагы паркта 1969-жылдын 4-февралынын түнүндө Киров сегиз жылдык мектеп-интернатында болгон кырсыктан каза тапкан 39 окуучуну эскерүү иш-чарасы өттү.
Бизге жеткен маалыматтарга караганда, 1969-жылы кышында Таластын Кызыл-Адыр (мурдагы Киров) айылындагы окуя көптөгөн балдардын өмүрүн алган. Өрттөн улам чабандардын балдары окуган интернат күйүп кеткен. Тарбиячылар балдарды имаратка таштап, өздөрү шейшептерди байлап, терезеден чыгып кетишкен деп айтылат. Ал эми куткаруу иштери 40 градус сууктан улам суу тоңгондугуна байланыштуу оор болгон. Каза тапкандардын кимдиги күйгөн кийимдерди калдыктарын араң чогултуп жатып аныкталган. Эгер денеде калган көйнөк майка болсо эркек бала болгон, эгер түстүү көйнөк болсо кыз деп табышкан» дейт ошол каргаша тууралуу Талас облустук усулдук борбордун жетекчиси С. Бейшенова «Кутбилимге» берген маегинде.
Каргашанын кесепети боюнча ошол кездеги Компартиянын Борбордук Комитетинде бюронун отуруму да өткөн. Партиялык орган диверсия болушу мүмкүн деп да шек санаган. Анткени Киров районунда кыска убакыттын ичинде ар кайсы мектептерде үч жолу өрт чыккан. Бирок бул каргашада атайын жасалган кылмыштын белгилери табылган эмес.
Бул окуя эмнеден кабар берет? Жатак-мектептерде бала 24 саат бою болгон үчүн тарбиячылар анын билимине, тарбиясына кошуп, өмүрүнө да түздөн-түз жооп берет. Ошон үчүн баланын коопсуздугун жатак-мектептин алдында турган эң биринчи милдет катары караса болчудай.

Тарбиялануучулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүнү унутпасак

Тарбиялануучулар жылы бою жатаканада жашап билим алгандыктан, жатак-мектептердеги балдар-кыздар үчүн түзүлгөн шарттар мыкты болууга тийиш. Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө учурда 31 жатак-мектепте 13 миң окуучулар тарбияланууда. Булардын көпчүлүгү союз убагында салынган имараттарда окуу-тарбия ишин жүргүзгөндүктөн, бизде заманбап жатак-мектептер жокко эсе. Араван райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу Чек-Абад айыл өкмөтүнүн аймагындагы №23 А.Тургунов атындагы жатак-мектеп да ушул катарда турат. Коомчулуктун бүйүрүн кызыткан сүрөттөр интернетке чыгып кеткенден кийин, 2024-жылдын 22-февралында Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — аким С.Д.Кулубаев, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары Б.А.Осмонов менен биргеликте жогорудагы жатак-мектепке барган. Аталган жатак-мектеп 1958-жылы курулуп пайдаланууга берилген. Бирок билим берүү мекемеси авариялык абалда деп табылып, 2021-жылы Кувейт Республикасынын Өнүктүрүү фонду тарабынан окуу имараты жаңыдан курулуп пайдаланууга берилген. Ал эми мындагы  жатакана 1958-жылы курулуп пайдаланууга берилген бойдон ушул мезгилге чейин капиталдык оңдоодон чыгарылган эмес. №23 А.Тургунов атындагы жатак-мектеп  2023-жылдын 1-августуна чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланып келсе,  2023-жылдын 1-августунан баштап Араван райондук билим берүү бөлүмүнө өткөрүп берилген. Жатак-мектептин жетекчилиги 2023-жылдын сентябрь айынан тартып жатакананын терезелери начар абалга кептелип калгандыктан, толугу менен демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланып, пластик терезелерге алмаштырылганын айтат. Мындан сырткары, райондук билим берүү бөлүмү балдарга жана ал жерде эмгектенип жаткан кызматкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү максатында, 2023-жылдын ноябрь айында, атайын тендер жарыялап, 12 даана жумшак диван, 160 балага ылайык таза шейшептер, окуучуларга жеткиликтүү деңгээлде колдонулуучу идиш-аяктар, балдардын ден-соолугу үчүн жетишээрлик медициналык дары-дармектер менен камсыздаган. Азык-түлүк сактоочу кампаны оңдоп түзөөгө керектелүүчү курулуш материалдары алып берилген.
2024-жылдын 14-февралында Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору Аравандагы жатак-мектептеги окуучулар үчүн түзүлгөн шарттарды  текшерүүгө алып, тиешелүү мамлекеттик стандарттардын жана мамлекеттик ченемдердин талаптары одоно түрдө бузулгандыгын, колдонулбай жаткан идиштердин, эскирип колдонуудан чыгып калган керебеттердин бардыгын аныктаган, бирок мектеп жетекчилигине эч кандай көрсөтмө берилген эмес, райондук билим берүү бөлүмү да кабарсыз болгон.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына таянсак, бул жатак-мектепте  бүгүнкү күндө окуучулардын саны көп болгондуктан, кошумча ажааткана куруу пландаштырылып, курулуш иштери жакынкы күндөрдө башталганы жатыптыр. Жатаканадагы азык-түлүк сактоочу кампа 2024-жылдын 1-мартына чейин толугу менен калыбына келтирилет деп билдиришти.
Тарбиялануучулар үчүн түзүлгөн шарт балдардын билим алууга болгон аракетин кантип жакшы жагына өзгөртөрүн Токмоктогу жатак-мектептин мисалында көрүүгө болот. Назгүл Мусаева жетекчи болуп келгени бул билим берүү мекемеси таанылгыстай болуп өзгөрдү. Окуу корпустары, жатаканасы оңдолуп, короого таман таш төшөлдү. SOS кыштакча үлгүсүндөгү балдар мээримдүү апасы менен чогуу жашоочу үйлөр курулуп бүткөнү калды. Футбол аянтчасы жаңыртылды. Тарбиялануучулар ашканада өздөрү бышырган ысык нан менен тамактанышууда. Спорттук, маданий ийгиликтери да бир топ экенин айта кетели. Заманбап жатак-мектеп кандай үлгүдө болорун Токмоктогу жатак-мектептен көрүүгө болот.

Жатак-мектептердин директорлору эмне дейт?

— Бүгүнкү күндө ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган балдардын социалдык чөйрөгө ыңгайлашуусу коомдун актуалдуу маселеси болуп келүүдө. Анткени жатак-мектептердин бүтүрүүчүлөрү калкты социалдык коргоонун объектиси катары гана эмес, коомдогу көйгөйлүү топ катары да каралат, – дейт Панфилов районундагы К.Тилебалиев атындагы жатак-мектебинин директору  Бакыт Алымбеков.

Директордун пикиринде ата-энелердин  көзөмөлүсүз калган балдардын коомдо социалдашуусу, өспүрүм үчүн өтө жоопкерчиликтүү жана татаал мезгил болуп эсептелет.
—Ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган жетим балдар үчүн билим берүү ресурстарына жана программаларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу зор мааниге ээ, анткени билим берүү алардын коомго интеграцияланышында жана алардын жашоо сапатын жогорулатууда негизги ролду ойнойт, – деп сөзүн улантты Бакыт Кенжебекович.

Жетекчинин оюу боюнча жатак-мектептерде балдарды  расмий билимге гана эмес, чыгармачыл, спорттук жана башка жөндөмдөрдү өркүндөтүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушуна кам көрүү керек.

—Ата-энелеринин көзөмөлүсүз калган, жетим балдар менен натыйжалуу иштөө үчүн аларга педагог адистердин, психологдордун, социалдык кызматкерлердин  колдоосу зарыл. Программаларды натыйжалуу оңдоп, ийгиликке жетүүгө жардам берүү үчүн билим берүү процессинин натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баалоо да маанилүү. Бул багыттагы иштер билим берүү мекемелеринин, мамлекеттик, өкмөттүк эмес уюмдардын жана башка түзүмдөрдүн биргелешкен аракеттерин талап кылат, – деди ал өз сөзүн жыйынтыктап.

P.S. «Билим берүү жөнүндө жаңы мыйзамда интернат деген түшүнүк жок. Бүгүн ушул интернаттарды оптималдаштыруу боюнча атайын комиссия иштеп жатат», — деп айтты өткөн жумада Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева. Аталган комиссиянын иши менен гезиттин келерки сандарында тааныштырабыз.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер