ЖАШ МУГАЛИМДЕР КОЛДООГО АЛЫНДЫ

  • 24.04.2024
  • 0

2024-жылдын 20-апрелинде “Кыргызстан Маариф” коомдук фонду жана Бишкек мэриясынын Билим берүү департаменти менен бирге “Жаш мугалимдер форуму” өткөрүлдү. Форумга Бишкек шаарынын мектептеринде беш жылга чейинки эмгек стажы бар 200 жаш адис катышты.

ЖАШ МУГАЛИМДЕР КОЛДООГО АЛЫНДЫ

 Форумдун максаты — тажрыйба алмашуу: жаш мугалимдердин ортосунда өз методикалары, кыйынчылыктары жана ийгиликтери менен бөлүшө турган тажрыйба алмашуу аянтчасын түзүү; колдоо жана шыктандыруу: жаш мугалимдер бири-бирин колдоп, кыйынчылыктарды талкуулап, мотивация ала турган мейкиндикти камсыз кылуу; коомчулукту куруу «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашыруу: жаш мугалимдердин коомчулугун түзүү, анда алар билим берүүнүн учурдагы тенденцияларын, жаңы ыкмаларды жана изилдөө иштерин талкуулай алышат. Окутуу жана тарбиялоо процессинде Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыруу; көйгөйлөрдү чечүү: жаш мугалимдер туш болгон конкреттүү көйгөйлөрдү талкуулоо жана биргелешкен чечимдерди табуу; билим берүү тенденцияларын талкуулоо жана кесиптик өнүгүү: билим берүүдөгү заманбап тенденцияларды, инновацияларды жана окутуунун жаңы ыкмаларын талкуулоо үчүн орун берүү. Окутуу методикасы, билим берүүнүн заманбап ыкмалары жана кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө ресурстарды жана маалыматтарды берүү; байланыштар тармагын түзүү: идеялар, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жана кесиптик байланыштарды өнүктүрүү үчүн жаш мугалимдердин ортосунда кесиптик байланыштар жана байланыштар тармагын куруу; психологиялык колдоо: окуу чөйрөсүндө стресске, ашыкча жүктөмгө же татаал кырдаалдарга туш болгон жаш мугалимдерге психологиялык колдоо жана кеңеш берүү. Окутуу жана тарбиялоо процессинде окуучулар менен иштешүүдөгү психологиялык усулдарды сунуштоо; көндүмдөрдү өнүктүрүү: билим берүүдөгү ийгиликтүү карьера үчүн зарыл болгон педагогикалык жана жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берүү; изилдөө жана инновация: изилдөө иш-аракеттерин жана билим берүү практикасындагы окутуу жана тарбиялоо процессиндеги инновацияларды жайылтуу, жаш мугалимдерди изилдөө долбоорлоруна катышууга үндөөнү көздөдү.

ЖАШ МУГАЛИМДЕР КОЛДООГО АЛЫНДЫ

“Кыргызстан Маариф” коомдук фондунун орун басары, п.и.д., доцент Кыялбек Акматовдун берген маалыматына таянсак, ар бир предмет боюнча он бештен мугалимге форумга катышууга мүмкүнчүлүк жаралды: кыргыз тили жана адабият (15 мугалим), орус тили жана адабият (15 мугалим), башталгыч класс мугалими (15 мугалим), математика (15 мугалим), физика (15 мугалим), информатика (15 мугалим), биология (15 мугалим), химия (15 мугалим), тарых (15 мугалим), англис тили (15 мугалим), география (15 мугалим).

Форум Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Мектептеги жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Алтынбек Жапаров жана Бишкек шаардык Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева ачып, жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигинде ийгиликтерди каалашты.

ЖАШ МУГАЛИМДЕР КОЛДООГО АЛЫНДЫ

Форумдун пленардык бөлүгүндө тажрыйбалуу устаттар, тренерлер жаш мугалимдерге пайдалуу кеңештери менен бөлүшүп, мазмундуу баяндамаларды жасашты. “Түркия Маариф” фондунун директорлор кеңешинин мүчөсү, Түркиядан келген конок Ахмет Түркбен “Билим берүү эмне үчүн керек жана билим берүүнүн максаты эмне?”, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору А.Токтомаметов “Кыргызстанда STEM билим берүү тажрыйбасы”, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору М.Эсенгулова “Компетенттүүлүк парадигмасы. Эмнени, эмне үчүн жана кантип окутуу керек?”, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими О.Сайдилканов “Гумандуу педагогика — заманбап педагогика”, “Маариф” билим бер комплексинин Кембридж программасы боюнча координатору М.Абдылдаева “Мугалимдин инсандыгы – окуучунун инсандыгын өнүктүрүүнүн жана кесиптик өзүн-өзү аныктоонун күчтүү фактору”, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун профессору У.Мамбетакунов “Мугалимдин маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча компетенттүүлүгү бүгүнкү күндүн талабы” деген темадагы баяндамаларын жасап, жаш мугалимдердин суроолоруна жооп берилип, кызуу талкуу өткөрүлдү.

ЖАШ МУГАЛИМДЕР КОЛДООГО АЛЫНДЫЖАШ МУГАЛИМДЕР КОЛДООГО АЛЫНДЫЖАШ МУГАЛИМДЕР КОЛДООГО АЛЫНДЫ

Форумдун экинчи жарымында ар бир предмет боюнча сессиялык иштер өткөрүлдү. “Маариф” Билим берүү комплексинин тажрыйбалуу мугалимдери, Кыргыз билим берүү академиясынын, университеттердин тажрыйбалуу адистери тарабынан мастер-класстар өтүлүп, жаш мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу багытында сунуштар айтылды.

Форумдун жыйынтыгында ар бир катышуучуга сертификаттар берилип, сессиялык иштерде активдүү катышкан мугалимдер модераторлор тарабынан белгиленди. Форумдун катышуучулары тарабынан мындай иш-чараны жыл сайын өткөрүүнү демилгелешти.

ЖАШ МУГАЛИМДЕР КОЛДООГО АЛЫНДЫ

Баса, Түркиянын “Маариф” фонду (TMV) Түркия Улуу Улуттук Парламенти тарабынан 2016-жылдын 17-июнунда кабыл алынган «Түрк Маариф Фонду Мыйзамы» менен чет өлкөдө расмий жана формалдуу эмес жеке билим берүү кызматтарын көрсөтүү максатында түзүлгөн коомдук фонд. “Түркия Маариф” фонду негизделген күндөн тартып 52 өлкөдө 467 билим берүү мекемелери менен 50 миңден ашык окуучуларга атайын билим берүү кызматтарын көрсөтүп келет.

Жогоруда аталган максаттар менен ишеним, кызматташтык, ачык-айкындык, компетенттүүлүк жана татыктуулук баалуулуктарына артыкчылык берет. Фонддун Кыргыз Республикасындагы билим берүү ишмердүүлүгү 2021-жылдын 15-сентябрында Түркиянын «Маариф» фонду менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасында билим берүү мекемелерин ачуу жана ишке ашыруу жаатындагы кызматташтык келишиминин алкагында башталды. Кыргыз Республикасына “Маариф” билим берүү комплекси 2020-окуу жылынан баштап ишмердүүлүгүн жүргүзүп, учурда 1250 окуучу билим алып, 100дөн ашуун педагогикалык кызматкерлер эмгектенип жатат. Окуучулар республикалык, эл аралык ар кандай сынактарда, олимпиадаларда өлкөнүн атын таанытып катышып келүүдө.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Green Modern Company Bi-fold Brochure (5)

WhatsApp

Окуу материалдарын даярдоо — кыргызча (1)

Окуу материалдарын даярдоо — кыргызча (1)О.Сайдилканов форумга (1)

Презентация (Форум, 20-апрель, 2024-жыл) (2)

STEM билим беруу жана анын келечеги 3 16 04 2024 посл

Бөлүшүү

Комментарийлер