ЖАКШЫНЫН ШАРАПАТЫ ЖЕ УСТАТТЫКТЫН УЛУУ ЖОЛУ

  • 17.03.2026
  • 0

Кыргыздын «Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети» деген накыл сөзү калетсиз айтылгандай… 2003-жылы Нарын мамлекеттик университетинде студенттик күндөрүбүз соңуна чыгып, мамлекеттик бүтүрүү сынактары башталар маалда комиссияга төрагалык кылуу үчүн борбордон адабият таануу боюнча көрүнүктүү адис келет, сынактарга жакшы даярдангыла деп бизди коркутуп калышты. Борбордон Абдылдажан Акматалиев агай келди.

Сынактар да башталды. Башында мурда тааныш эмес, борбордон келген комиссиянын төрагасынан коркуп, катуу сүрдөдүк. Бирок ал коркунуч алгачкы эле сынактардан кийин жел айдаган булуттай таркап кетти. Себеби агай биз күткөндөй катаал эмес, тескерисинче, жылуу жүздүү, жарык маанай киши экен. Ал ар бир студентке жылуу мамиле жасады. Өзүнүн акыл-насааты, жанга жагым сөздөрү аркылуу келечекте кандай мугалим, кандай кесипкөй адис болушубуз керектигин түшүндүрүп, жаштарга туура жол көрсөтөр кеңештерин берди. Агайдын адистик тереңдиги менен адамдык улуулугу айкалышкан мамилеси жүрөгүбүздү жибитип, бардык коркунучубузду, уялуу менен сүрдөөнү жок кылды. Дал ошол касиеттер бизди андан билим алып, тарбия үйрөнүүгө, аны устат катары көрүүгө жетеледи.

Кудай жалгап, тѳрага ошол бүтүп жаткан 75 баланын арасынан идиректүүлѳрүн тандап, үч бүтүрүүчүнү Илимдер академиясына, аспирантурага тапшырып, окуусун улантуусун сунуштады. Ошол бактылуулардын бири мен элем. Мына ошол күндѳн бери адабият таануу илиминде бир ийгилик жаратсам деген аруу тилегиме жетүү үчүн агай менен бирге иштеп, шакирти катары 22 жылдан бери бир жолдомун.

ЖАКШЫНЫН ШАРАПАТЫ ЖЕ УСТАТТЫКТЫН УЛУУ ЖОЛУ

УСТАТТЫКТАГЫ БИЙИКТИК

Биз таанышкан ошол жылдары агай кырк жаштын кырын жаңы гана ашкан кези эле. Бирок ошол убакта эле анын илимий дүйнөсү кең, ой жүгүртүүсү терең болчу. Фольклор, манастануу, орто кылымдар адабияты, акындар поэзиясы, айтматов таануу, кыргыз адабиятынын башка элдердин маданий мурастары менен байланышы сыяктуу көп тармактуу маселелер тууралуу ой калчап, келечектеги илимий пландарын түзүп жүргөн. Ошол мезгилде эле убактысынын бир да мүнөтүн текке кетирбеген, тынымсыз эмгектенип, илим үчүн жан үрөгөн демилгелүү жаш окумуштуу катары эсте калган. Жылдар зымырап өтүп, элүүнү да, алтымышты да артта калтырды. Бүгүн болсо ал желип жеткен жетимиш жаштын кырына келип, дагы эле ошол эле изденүүсүн, ошол эле эмгекчил мүнөзүн сактап келет.

1978-жылы «Ленинчил жаш» газетасына «Тажрыйба топтоо иштин башталышы», «Мугалимдер газетасына» «Ак жол» жолго чакырат (М.Тойбаевдин «Ак жол» драмасы»)» аттуу макалалары менен адабияттын астанасын аттаган адабиятчы бүгүн кыргыз адабият таануу, фольклор таануу илиминин ар бир салаасында албан иштерди жасап, «академик» деген улуу илимий наамга жетип, бул багытта ийгилик жаратам деген адабиятчылардын жүздѳгѳнүн артынан ээрчитип, ар бир шакиртинин жүрѳк түпкүрүндѳ жашап, аялуу, назик кѳѳдѳнүндѳ катылган, сезимде, сыйда, урматта гана эскериле турган улуу «УСТАТ» деген улуу наамга ээ болуп отурат. 

ЖАКШЫНЫН ШАРАПАТЫ ЖЕ УСТАТТЫКТЫН УЛУУ ЖОЛУ

ИЛИМДЕГИ ИЗДЕНҮҮ

Андан бери ааламдык атакка ээ болгон Ч.Айтматовдун чыгармаларын, кыргыз-казак адабиятынын байланышын, боордош элдердин адабияттык карам-катышын талбай изилдеп келет. Докторлук илимий даражага да Ч.Айтматовдун чыгармаларын талдоо аркылуу жетти. Жазуучунун чыгармачылыгына болгон кызыгуусу улам артып,  анын мурда кийин адабиятта сѳз боло бербеген космостук түшүнүктѳрдѳн, ааламдык таанымдан биз жашап жаткан болмушка чейинки маселелери, адам табиятынын ар кыры кѳркѳм сүрѳттѳлгѳн чыгармаларда катылган ойлордун учугун ондогон эмгектеринде чечмелеп берди.

Агай бир эле учурда профессионалдуу адабият менен фольклордун маселелерин, тил менен адабияттын катышын жогорку адабий синтезде, кош бирдикте карап келет. Буга анын “Адамзаттын улуу идеясы «Манаста» жана Айтматовдо”, “Учур: Тил жана адабият маселелери”, “Рух дүйнөсү – “Манас” жана Айтматов”, “Кыргыз тили, “Манас” жана Айтматов”, “Манас менен Айтматов – менин руханий канатым” сыяктуу эмгектери далил.

“Манас” саясаттын кѳлѳкѳсүндѳ калбашы керек”, “Манасты” чет элдиктер гана изилдеп калабы деп корком”, “Саясат күнүмдүк, а “Манас” түбѳлүк” деген ѳңдүү макала-маектери аркылуу эпостун бүгүнкү заманда айтылышы, жандуу эпос катары жашап турушу, жарыяланышы, изилдениши тууралуу маселелерди кѳтѳрүп, караңгы үйдѳ жанып турган шам чыракты далбастай айланган кѳпѳлѳкчѳ бирде ак үй, кѳк үйгѳ, бирде чет элдик ишкерлерге, бирде жергиликтүү колунда бар акчалууларга чапкылап жүрүп, эпостун  КР УИАнын “Кол жазмалар” фондундагы колго илинер дээрлик варианттарынын баарын окурмандардын колуна жетишин камсыздады.

Ал эле эмес Сагымбай, Саякбай манасчылардын С.Мусаев, Р.Кыдырбаева, А.Жайнаковалар баштап, бирок аягы али күнгѳ чейин жарык кѳрѳ элек академиялык басылмаларынын кийинки томдуктарынын иштелишин, жарыкка чыгышын колго алып, З.Бектенов, К.Нанаев ж.б. иштеп чыккан кара сѳз варианттарын кайрадан жарыялады.

“Манастаануу илиминин калыптанышы жана ѳнүгүшү” (К.Абакиров), “Традиционные основы сказительского искусства (на премере творчства сказителей эпоса “Манас” – манасчы) (Т.Бакчиев), “Манас” үчилтиги менен кыргыз адабиятынын карам-катышы” (Б.Темирова) деген темадагы докторлук жана “Манас” эпосуна арналаган дагы беш кандидаттык иштердин аткарылышында жетекчилик милдетти аркалап, илимий негизде эпостун ар кыл маселелеринин чечмеленишин колго алды.

ЖАКШЫНЫН ШАРАПАТЫ ЖЕ УСТАТТЫКТЫН УЛУУ ЖОЛУ

Эпосту элге, келечек муунга жеткирүүнүн ар бир жолун жаздым кетирбей, ар бир терминдик атоону чечмелеп, майдалап сиңирүүнүн бир жолу катары “Сагымбай”, “Саякбай энциклопедияларын”, “Манас” сѳздүгүн түзүүнүн башында туруп, УИАнын архивинде, КР Мамлекеттик борбордук архивинде, КР коомдук-саясий документтердин борбордук мамлекеттик архивинде жана Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондунда сакталган кол жеткен үчилтикке байланыштуу бардык архивдик, документалдык материалдардын топтомун жарыялап, тагдыр чечкен илимий жыйындардын стенограммаларын, эпоско тиешелүү талаштуу, таймаштуу окуяларга ѳз баасын берип,  “Манас” эпосуна байланыштуу жүздѳгѳн илимий конференция, эл аралык сипозиум, форум ж.б. жыйындарды ѳткѳрүп, эпостун ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар фондунун тизмесине каттатуу ишине да опол тоодой саламын кошту. Ал арада Сагымбай, Саякбай, Кааба ж.б. манасчылар менен манас таануучулардын ар бири жѳнүндѳ портреттик мүнѳздѳгү макалаларын жарыялап, түрк, казак, англис, орус ж.б. тилдерге эпосту которуу иштерин аркалап келет.

Агайыбыз “Манас” менен Айтматовду куштун эки канатындай бирге күүлѳп, улам бийиктеп, ал арада элдик оозеки чыгармачылыктын, орток түрк адабиятын, профессионалдуу поэзия, проза, драматургиянын айрым маселелерин ийине жеткире иштей калып жатты.

ЖАКШЫНЫН ШАРАПАТЫ ЖЕ УСТАТТЫКТЫН УЛУУ ЖОЛУ

Бул кичинекей макалада агайыбыздын ар бир изилдѳѳсү тууралуу тереңден талдап анализ берүүгѳ мүмкүнчүлүк болбоду. Жогортон белгилегендей, агайыбыз кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгынан бүгүнкү күнгѳ чейинки адабий процесстеги ар бир багыт, ар бир тематика, ар бир мезгилдик доорго байланыштуу илимий ой айтып, кыргыз адабиятын алаканга салгандай ар бир проблемасын ичкериден түшүнгѳн адабиятчы экендигин ачыктоону максат кылдым. Мына ошондой кыргыз адабиятынын ар бир доорун, ар бир проблемасын тереңден түшүнүп, ар бир акын-жазуучунун чыгармачылыгы тууралуу адабиятчылык пикирин билдирген ѳз ишинин мыкты АДИСине шакирт болуу бактысына ээ экенимди дагы бир ирет ырастагым келди. Бүгүн адабияттын арабасын алыбызга жараша тартып, колдон келсе бир чоң иш жасап кетүүнү максат кылган жаштардын, шакирттериңиздин ээрчип турушу жакшынын шарапаты экенин дагы бирет ырастап отурат. Бар болуңуз!

Көлбаева Мээрим,

Ч.Айтматов атындагы Адабият институтунун «Манас»,

фольклор, акындар поэзиясы бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д.

Бөлүшүү

Комментарийлер