Жаңы толкун: ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН КЫРГЫЗ ЖАШТАРЫ

  • 11.03.2026
  • 0

Билим, эмгек жана максат – ийгиликтин негизги үч таянычы. Дал ушул сапаттардын аркасында кыргыз жаштары дүйнөлүк деңгээлде өз ордун таба баштады. Эл аралык чемпионатта алтын медаль алган Абдурахим Алтынбеков менен IT тармагында ийгилик жаратып жаткан Бектур Кенжебаев – жаңы муундун жаркын өкүлдөрү.

Жаңы толкун: ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН КЫРГЫЗ ЖАШТАРЫ

№5 кесиптик лицейдин 2-курсунун студенти Абдурахим Алтынбеков 2025-жылдын 4–8-октябрда Актау шаарында өткөн Turkish Skills эл аралык чемпионатына «сантехника жана жылытуу» компетенциясы боюнча алтын медалга ээ болуп, Кыргызстандын атын чыгарган жаштардын бири.

Жеңүүчү слесарь-сантехник кесибинде билим алууда. Устаты Таштан Эсенбековдун тажрыйбасы жана талапчылдыгынын аркасында ишти так, жоопкерчилик менен аткарууну үйрөнгөнүн айтат. “Чынын айтсам медаль жөнүндө ойлогон эмесмин. Негизги максатым тажрыйба топтоо жана өнүгүү үчүн жаңы билим алуу эле” деген студент жеңиш биргелешкен эмгек, сааттап жасалган машыгуулардын далили болгонун баса белгиледи.

  • Биринчи жолу сынактын тапшырмаларын көргөндө чынында корктум. Анткени деңгээли өтө жогору болчу. Бир учурда катышпай эле койсомбу деп да ойлодум. Бирок кийин түшүндүм – бул чоң мүмкүнчүлүк экенин. Ал жактагы айрым тапшырмаларды Кыргызстанда саналуу гана адистер аткара алат.

Мен, Кыргызстан да эл аралык деңгээлге чыгышын каалайм. Жаңы технологияларды үйрөтүп, көрсөтүп, жайылткым келет. Албетте, бул чоң каражатты талап кылат. Эгер демөөрчүлөр болсо, мен кызмат кылууга даярмын, — дейт ал.

Жаңы толкун: ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН КЫРГЫЗ ЖАШТАРЫ

Студенттин айтымында, бул кесипти тандоосуна атасынын кеңеши чоң таасир эткен, актуалдуу кесип болоруна өзүнүн да көзү жеткен. Себеби ар бир үйдөгү жайлуулук жана коопсуздук кесипкөй сантехниктен көз каранды. Азыр лицейде практикалык көндүмдөрдү активдүү өздөштүрүп, өз ишинин чыныгы устаты болууну максат кылат.

 

  • Адамдар көп нерсесиз жашай алышы мүмкүн, бирок үйдөгү суу жана жылытуу күн сайын керек. Ошондой эле кол менен иштеп, эмгегимдин реалдуу натыйжасын көрүү мага чоң шык берет. Мен өз кесибимден коркпойм. Кээ бир досторум жана тайпалаштарым сантехник кесибин олуттуу кабыл алышпайт. Бирок алар эң маанилүүсүн түшүнүшпөйт: бул кесипти жасалма интеллект эч качан толук алмаштыра албайт, — дейт Абдурахим.

Жаңы толкун: ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН КЫРГЫЗ ЖАШТАРЫ

Абдурахим Алтынбеков ийгиликтин ачкычы биринчи кезекте адамдын өз аракетинен көз каранды деп эсептейт. Дайыма алдыга умтулуу, окуу, изилдөө жана ишти сүйүү, эң башкысы — өз кесибиңе чындап берилүү ийгилик алып келерин айтат. Себеби өзү жайкы каникул учурунда да практика жасап, теорияны кол менен текшерип турууну адатка айланткан.

Анын ата-энесинин колдоосу да маанилүү роль ойнойт. Алар туура багыт берип, дайыма колдоп, жакшы сөздөрү менен шыктандырып турат.

  • Кыргызстандын башка өлкөлөр менен айырмасын көрүп, өзгөрүү тез эле болбой турганын түшүнөм. Ошондуктан адегенде чет өлкөдө билим алып, дүйнөлүк тажрыйба топтоп келүүнү чечтим. Ошондо гана келечекте өлкөмдү ишенимдүү өнүктүрө алам. Келечекте өзүмдү жаңы муундагы инженер катары көрөм. Кыргызстанга дүйнөдөгү эң мыкты технологияларды алып келген адис болгум келет, — дейт студент.

Жаңы толкун: ИЙГИЛИК ЖАРАТКАН КЫРГЫЗ ЖАШТАРЫ

Кыргыздын атагын алыска таанытып жүргөн жаштардын бири — Салымбеков университетинин алдындагы American Institute of Technology программасынын компьютердик илимдер багытынын 3-курсунун студенти Бектур Кенжебаев. Ал бир жарым жылдан бери мекенинде туруп эле дүйнөлүк компанияларда тажрыйба арттырып келет. Студенттин айтымында,  BidMyAuto компаниясында стажер болуп иштөөдөн баштап, кийин 2025-жылдын март айында Bermuda Technology компаниясында серверлерди жана техникалык инфраструктураны башкарып, кийин жасалма интеллект боюнча программист кызматына которулган. Ноябрдан бери жаны стартап компаниясында AI инженери болуп ишин улантууда.

 

 

  • Bermuda Technology компаниясында менин негизги милдетим камсыздандыруу тармагы үчүн акылдуу программаларды куруу болчу. Жөнөкөй тил менен айтканда, мен жасалма интеллект системаларын жасадым, алар камсыздандыруу процессин автоматташтырат. Ошондой эле кардарлар менен SMS жана WhatsApp аркылуу байланышуу системасын орнотуп, документтерди автоматтык түрдө иштетүү системасын киргизип, туруктуу жана ишенимдүү иштешин камсыз кылдым. Азыркы жумушумда телефон сүйлөшүүлөрүн реалдуу убакытта иштетүү жана мыйзамдык талаптарга шайкеш келтирүү боюнча AI системаларын курам.

Окуу жайдын AIT программасынын өзгөчөлүгү практикага багытталгандыгында. Себеби окутуучулар курамы Google, Meta, Intel, Apple, Microsoft, LinkedIn жана Snapchat сыяктуу ири американдык технологиялык компанияларда иштеген адистерден турат. Алар теориялык билим менен гана чектелбестен, чыныгы иш шарттарында кантип иштөөнү үйрөтөт. Студенттерди керектүү мүмкүнчүлүктөр менен байланыштырып, жумуш менен камсыз болуусуна шарт түзөт.

  • Кичинекейимден компьютер жана технологияга кызыгам. 2023-жылы окуу жайдагы ачылган AIT программасы мен үчүн чоң мүмкүнчүлүк түздү. Америкалык ири технологиялык компаниялардын мурдагы инженерлери негиздеген бул программа, заманбап технологиялык билимди Кыргызстанга алып келүү максатын көздөйт. Көп курдаштарым белгилүү, бирок эски университеттерди тандашса, мен бул жаңы программаны тандагам. Себеби мен дүйнөнүн ири компанияларында иштеген адистеринен сабак алуу мүмкүнчүлүгү сейрек кездешерин түшүндүм. Албетте, тарыхы жок программанын студенти болуу чоң тобокелдик эле. Бирок өзүн актады. Программа менин карьералык жолумду ачып, 2-курстан баштап эле чет элдик ири компанияларда иштей баштадым, — дейт ал.

Бектур Кенжебаевдун айтымында, студенттин ийгиликтүү болуусу окутуучулардан, анан албетте, өзүнүн аракетинен көз каранды. Анткени ал көп нерсени өз алдынча өздөштүргөн. Кыргызстанда технология жакшы өнүкпөгөндүктөн, онлайн курст, документация жана ачык долбоорлор аркылуу билимин өнүктүргөн. Ошондой эле убакытын да туура башкарып,  окуу менен жумуштун ортосундагы балансты кармоого маани берет.

Студенттердин тажрыйбасы — чет элдик компаниялардын башкы талабы. Алар диплом же баага эмес, кандай иш  жасай аларына карашат. Бул студент иш жүзүндо натыйжа көрсөтүп, кандай иш колунан келерин далилдей алган.

  • Мен ата-энеме абдан ыраазымын. Алар мени ар дайым колдоп, менин тандоомо ишенишкен. Эң маанилүүсү, алар менин иштеген тармактын келечектиги бар экенин түшүнүшөт. Кээ бир ата-эне баласынын IT тармагында эмне жасап жатканын дароо түшүнбөйт,бирок менин ата-энем мага ишенишет жана ар бир кадамымда колдоо көрсөтүшөт. Алардын ишеними жана колдоосу мага алдыга жылууга күч берет, — дейт студент.

Ошондой эле ал жайында дүйнөдөгү жасалма интеллектке адистешкен биринчи окуу жай — Бириккен Араб Эмираттарындагы Mohamed Bin Zayed University of Artificial Intelligence университетинин жайкы илимий изилдөө программасына катышууну пландап жатканын билдирди.Ал эми 2027-жылы окууну аяктаганда  АКШнын эң мыкты университеттери: Carnegie Mellon University, UC Berkeley жана Stanford магистратуда билим алып, дүйнөнүн алдыңкы компанияларында иштеп, жасалма интеллект тармагында техникалык лидер болууну максат кылат.

Айгерим Токтобаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер