«ЖАҢЫ МЫЙЗАМ –ЖАҢЫ ТАЛАП»

  • 20.12.2024
  • 0

Кыргыз парламентинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыккан «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоору талкуулана баштады. Долбоор алты бап жана 40 беренеден турат. Ал диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ыраатташтырууга, мыйзамдык базаны жаңыртууга жана жакшыртууга, андан ары өркүндөтүүгө багытталган. Талкуу учурунда ар кандай кайчы пикирлер айтылууда. Ошондон улам, III Элдик Курултай өтөрүн эске алуу менен өлкөнүн улуттук нарк-насил жана салт-санаа сындуу талылуу тармагын тескеген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетовду кепке тарттык. Эмесе, ошого назар салалы…

«ЖАҢЫ МЫЙЗАМ –ЖАҢЫ ТАЛАП»

— Сүйүнбек Сапарбекович, башынан эле дин маселеси тууралуу байма-бай айтып дагы, жазып дагы келесиз. Деги, Кыргызстандагы азыркы диний кырдаалга кандай баа бересиз?

— Биз өлкөдөгү диний кырдаалга такай көз салып турабыз. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына караштуу Диний абалды изилдөө борбору иштейт. Ал жалгыз эмес, андан башка да түзүмдөр бар. Бардык калк катмарында маал-маалы менен сурамжылоолор жүргүзүлүп, диний кырдаал кылдат талдоого алынат. Буюрса, өлкөдөгү диний кырдаал туруктуу. Калкыбыздын 80 пайызы ушундай пикирде. Демек, азырынча тынчсызданууга эч негиз жок.

— Анда эмнеге «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамдын жаңы долбоору иштелип чыкты, ага эмне түрткү берди?

— Эми кырдаалды курчутуп жибергенге караганда, өз маалында алдын алуу чараларын көргөн жакшы. Биринчиден, азыркы ааламдашуу доорунун түз жана кыйыр таасирлери астында абал кескин өзгөрүүдө. Жагдай башка – талап бөлөк. Ошондон улам, мурдагы мыйзам азыркы заман талаптарына толук жооп бербей калганы мыйзам ченемдүү нерсе, ага анчалык кабатыр болуунун кереги жок. Экинчиден, негизги өзөктүү жоболор мурдагы бойдон калды, айрымдары кайра такталды, кыйла өркүндөтүлдү дегендей…

Эгерде иштеп жаткан мыйзамдын 30 пайыздан ашуун жоболоруна өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилсе, анда ал мыйзамдын жаңы редакциясы катары каралат. Мыйзам талабы ушундай, ансыз болбойт. Албетте, өлкөдөгү диний кырдаалды иликтөө жүрүшүндө бир топ мыйзамсыз иштер аныкталганы чын, азыр аларды мыйзам чегине кайтаруу чаралары көрүлүүдө.

— Сизге ушундай так фактылар ырааттуу келип түшүп турарын жакшы билебиз. Эгер жашыруун болбосо, анын айрымдарына кайрыла кетпейлиби.

— Мында мамлекеттик купуя сыр деле жок. Бизде 18 диний конфессия, 286 диний уюм, 3626 мечит, 128 медресе, 172 диний билим берүү борбору иштейт, баш-аягы 4330 уюм каттоодон өткөн: 3933 уюм ислам багытындагы, 397 православие, католицизм, баптизм, адвентизм, евангелизм, иеговизм сындуу христиан багытындагы уюм, ошондой эле иудаизм, буддизм өңдүү бир катар диний уюмдар бар. Андан тышкары, мыйзамсыз иштеп жаткандары да жок эмес.

Маселен, иликтөөнүн жүрүшүндө миңден ашуун мыйзамсыз иш жүргүзгөн диний уюмдар менен мечиттер ачыкка чыкты. Азыр 800 уюм каттоодон өткөрүлдү. Анын ичинде 120 мечитти каттоого алууда айрым бир көйгөйлөр жаралган. Алар кайрымдуулук уюмдары тарабынан курулгандыктан, улуттук мыйзам талаптарына жооп бербейт. Курулуш жаатында «кызыл чек» деген түшүнүк бар, алар «кызыл чектен» чыгуу менен туура эмес жерге курулуптур. Кандай имарат болбосун, анын ичинде жаңы мечиттер курулардан мурда жергиликтүү бийлик аркылуу тийиштүү мамлекеттик органдардан уруксат алышы керек. Ансыз болбойт – талап ошондой.

— Сүйүнбек Сапарбекович, Кыргызстан – динден тышкары светтик өлкө. Баш мыйзамда дал ушинтип жазылган. Демек, биз муну диний уюмдар мамлекеттин ишине, мамлекет диний уюмдардын ишине кийлигишпейт деп түшүнсөк болобу?

— Туура, Кыргызстан – көп этникалуу, көп конфессиялуу, эгемен жана светтик мамлекет. Ал жөнүндө талаш жок. Бул өлкө аймагында иш жүргүзгөн диний конфессиялар менен диний уюмдар мамлекеттин көзөмөлүнөн сырткары болушу керек дегенди түшүндүрбөйт. Алардын ар бирине ар дайым көзөмөл болот, мамлекет ошон үчүн мамлекет да. Кимдир бирөөнүн ишеними же жеке ынанымы башка бирөөгө таңууланбоого тийиш. Баары мыйзам чегинде болушу кажет. Каралып жаткан мыйзам долбоору диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ыраатташтырууга жана мыйзамдык базаны жаңыртууга, жакшыртууга жана өркүндөтүүгө багытталган.

Маселен, мыйзам долбооруна ылайык, чет өлкөдөн диний билим алууну каалаган жаран Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жана Диний уюмдарды башкаруу борбору (Муфтият) менен алдын ала макулдашууга милдеттүү. Анткени бир эле диндин ичинде ар кандай агымдар менен топтор бар, арасында экстремисттик жана террордук багытты карманган бузуку күчтөр дагы кездешет. Акыл-эси толук калыптана элек жаштарыбыз алардын таасиринде калбашы керек.

Дааватчылардын диний уюмдарга тийиштиги жок турак үйлөрдү түрө кыдырып, жарандардын арасында үгүт иштерин жүргүзүүгө жана өз ишенимин башка бирөөгө таңуулоого тыюу салынат. Мыйзам чегинде мамлекеттик жөнгө салуу саясаты деген ошо. Жөн эле бөйрөктөн шыйрак чыгара берүүнүн эмне кереги бар. Исламдын өзүндө деле мусулман баласынын сөзсүз түрдө дааватка чыгуусу милдеттендирилген эмес. Муну дин кызматчыларынын өздөрү деле жокко чыгарбайт. Дегеле, өз үй өлөң төшөгүндө беймарал жаткан кишинин тынчын алууга эч кимдин акысы жок.

— Мыйзам долбоорун талкуулоо жүрүшүндө дин кызматкерлеринин шайлоо өнөктүгүнө катышы жөнүндө сөз жүрдү: мындай аракеттер мыйзамдуубу же мыйзамсызбы, кандай дейсиз?

— Албетте, мыйзамсыз. Шайлоо өнөктүгүндө президенттикке же депутаттыкка талапкерлерди молдокелер менен поптордун, кайдагы бир эмиссарлар менен миссионерлердин жандап-жалгап-чардап, караламан калк арасында калдаңдап-далдаңдап-жалмаңдап үгүт жүргүзүп жүргөнүн элестетип көргүлө. Эгер ошондой болсо, анда мыйзам талабы да, мамлекет менен диний конфессиялардын ортосундагы келишим шарты дагы одоно бузулган болот. Демек, мыйзам чегинде жооп берет.

Андан тышкары, мыйзам долбоорунда диний негизде партия же дагы башка саясий түзүмдөрдү уюштурууга, диний бирикмелердин саясий иштерге катышуусуна, саясий өнөктүктөрдү каржылоого, диний жайларда саясий мүнөздөгү жыйындар менен иш-чараларды өткөрүүгө, шайлоолорго байланыштуу үгүт-насыят иштерин жүргүзүүгө тыюу салынган. Диний аталыштагы саясий партиялар шайлоого катыша албайт. Ал эми саясий партиялардын дагы дин иштерине кийлигишүүгө акысы жок.

— Баса, ушул жерде белгилей кетчү бир жагдай бар: талкуу жүрүшүндө айрым депутаттар сунуш кылынган «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзамдын долбоорунун жоболорунда чектөөлөр менен тыюу салуулар өтө эле көп экенин айтып, аны кайра иштеп чыгууга жөнөтүү жөнүндө пикирлерин билдирди. Буга кандай дейсиз?

— Башынан эле кандайдыр бир мыйзамдык чектөөлөр болгон жана болот. Ал жамы жарандарыбыздын жалпы кызыкчылыгы үчүн болот. Мыйзам долбоорун даярдоо жүрүмүндө чектөөлөрдүн көптүгүнө же аздыгына көңүл бурулбайт, киргизилген жобонун тууралыгына же туура эместигине жараша баа берилет. Мыйзам – ошон үчүн мыйзам. Ал кимдир бирөөнүн же кайсы бир топтун кызыкчылыгы үчүн жазылбайт. Бул жерде мыйзамсыз жагдайларды тартипке салуу же ыраатка келтирүү жөнүндө сөз жүрүшү мүмкүн. Калган жүйөлөр эч негизсиз же таптакыр суу кечпейт десек да болот.

«Дааватчылар жаман иштерге барбайт, жарандарга жардам берет. Ал эми дин кызматчылары эч качан саясатка аралашкан эмес, аралашпайт дагы» деген пикир дагы туура эмес. Эгер эртең ошондой күчтөр баш көтөрүп калсачы? Калкыбыздын калың катмарында «уйкудагы топтор» дагы бар экенин, алар ыңгайлуу учурда өз кожоюндарынын буйругун күтүп бугуп жатканын эч качан эстен чыгарбайлы.

Ушу тапта деле Муфтиятты Диний уюмдарды башкаруу борбору катары тааныгысы келбеген, анын көрсөтмөлөрүн аткарбаган, тийиштүү уюмдардын көзөмөлүнөн чыгып калган жамааттар дагы жок эмес. Мындай жосун айрыкча диний билим берүү тармагында көп кездешет. Балдар менен жаштарды бекитилген бирдиктүү программада эмес, өздөрү каалаган нукта каалагандай окуткан дагы ошолор. Анан «улуттук иденттүүлүк» же «кыргыз жараны» түшүнүгүн кантип калыптандырабыз.

Мына ошондойлордун айынан миңден ашуун жаштарыбыз Сирия сындуу кандуу калайман түшкөн жерлерге чыгып кетиптир. Арасында жапжаш кыздарыбыз да бар. Узак мезгилден бери эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатып, акыркы эки жыл аралыгында 520 жараныбызды араңдан зорго кайтарып алдык. Көбү эбак эле көп балалуу эне болуп калыптыр, ар баласы ар никеден туулган экен, жакындарынын айласы кетип отурат. Алардын убалы кимге?

Мына, жакында эле жалаң алдамчылык менен шугулданган «Харе Кришна кыймылы» сектасынын миссионерлер тобу кармалды. Ордо калаабызда ар кандай мыйзамсыз диний иш-чараларды өткөрүп, ар бир катышуучудан үч миң сомдон шыпырып алчу экен. Айрым катышуучулар эл аралык деңгээлде тыюу салынган диний секта экенин, өздөрү диний иш-чарага катышып жатканын да билген эмес.

Айрым молдокелерибиз медреседе окуган эрезеге жетелек кыздарды токолдукка макулдатып, өздөрү никесин кыйып берет экен деген дагы маалыматтар жок эмес. Мындай маселе болгондо да депутаттар тарабынан парламенттин бийик трибунасында көтөрүлүп отурат. Эгер мындай жоболоңдуу жосундар катталса, андай адамдарга мыйзам чегинде катаал чаралар көрүлүүгө тийиш. Ансыз болбойт.

— «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоорунун демилгечиси Министрлер Кабинети экен. Президент аны менен таанышпы же азырынча тааныша элекпи? Ал киши кандай пикирде болду экен?

— Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мыйзам долбоору менен толук тааныш десек болот. Алтургай, бир топ алымча-кошумча сунуштамаларын берген. Андан тышкары, Кыргызстанда катталган диний конфессиялардын өкүлдөрү менен бир нече жолу жолугушууларды өткөрдү. Алар дагы мыйзам долбоору боюнча өз пикирлерин билдирип, парламентинин кароосуна алып чыгууга каршы болгон эмес. Жумушчу топ тарабынан алардын айрым алгылыктуу ойлору менен сунуштамалары эске алынды. Эгерде мыйзам долбоору парламент тарабынан жактырылып калса, өз мөөнөтүндө мыйзамдуу күчүнө кирет го деген илгери үмүттө турабыз.

Дегеле, диний стандарттуу билим берүүнүн сапаты жөнүндө узун сабак кеп кылса болот. Ошондуктан билим берүү жана окутуу стандарттары өркүндөтүлүүгө тийиш жана алардын талаптагыдай сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Ырас, диний окуу жайларында атайын адистердин жетишсиздиги байкалып турат. Балдардын чет өлкөлөрдө билим алуусуна ырааттуу мониторинг жүргүзүлбөйт, жалпы тенденцияларды болжолдоо системасы да начар. Мындай чараларды тезинен колго албаса болбойт. Ансыз кыйналып калабыз.

Баарыдан мурда, бизди чет өлкөлөрдө билим алып жаткан балдардын келечек тагдыры кабатыр кылбай койбойт. Арасында эрезеге жетелек, ар нерсени өз алдынча аңдай албаган жаштар арбын. Коом ичин радикалдаштырууну көздөгөн күчөтөрдүн айрыкча жаш балдар менен аялдарга тап коюп жатканы дагы ошондон.

Азыр ааламдашуу доору. Көп ичинде кыргыз журтунун эл аралык тажрыйбадан үйрөнө турган, дүйнөлүк руханий дөөлөттөрдөн ала турган нерселери арбын. Андан качпаш керек, бирок ар кандай жазатайымдардан да сак болууга тийишпиз. Анткени ар адамда ар дайым ынаным жана тандоо мүмкүнчүлүгү болууга тийиш. Ансыз сырттан таңуулоо жосунунан эгерим арыла албайбыз.

— Сүйүнбек Сапарбекович, жакынкы күндөрү өлкө турмушундагы дагы бир мамлекеттик деңгээлдеги ири иш-чаранын башталар алдында турабыз. Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы катары айтсаңыз, Курултайга кандай даярдыктар менен келдик?

— Буюрса, III Элдик Курултай 20-декабрда башталат. Бул Курултай Кара-Кыргыз автономиялуу республикасынын 100 жылдык мааракесине туш келгендиктен, жоопкерчилиги жогору. Анын үстүнө анча-мынча тажрыйба топтоп калбадыкпы, камылгалар жакшы. Мыйзам талабына ылайык, жер-жерлерден 700 делегатты шайлап алдык: өлкө аймагынан – 640 делегат, этникалык топтордон – 30 өкүл, эмгек мигранттарынан – 30 өкүл. Курултайдын курамына атаандаштык менен иргелип чыккан, жергиликтүү көйгөйлөрдү жакындан жатык билген бардык калк катмарынын өкүлдөрү камтылды десек болот. Алар бир жылдык мөөнөткө шайланды.

Элдик Курултай азчылыктын укугун чектебеген көпчүлүктүн чын эрки болуп саналат. Андай чечим аткарылбай калбаган. Муну жалпы жамааттардын жармакташ элдик башкаруу таризи катары карасак болот. Бир сөз менен айтканда, эл баштаган да, жол баштаган да, кол баштаган да жетекчилерибиз бар. Биз эми аларды жамы кыргыз журтунун келечеги үчүн каруусун казык, акылын азык кылып, кара жанын карч урган, карапайым калктын калың катмарынын үнүн жеткирип, өз элинин мүдөөсүн аткара турган чыныгы эл өкүлдөрүнөн болот деген ишенимде турабыз.

Курултай сындуу ири жыйындарда башынан эле жалпы элдик деңгээлдеги орчундуу жана олуттуу маселелер чечилери бышык. Биздин башкы максатыбыз Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүн сактоо, коомдун жашоо-турмушун турукташтыруу, өлкө коопсуздугун камсыз кылуу, өлкө экономикасын ар тараптуу өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу, ошондой эле илим-билимдүү, таалим-тарбиялуу, дени сак, акыл-эси тунук жаңы муундун өкүлдөрүн өстүрүү болуп саналат.

Элибиздин руханий баалуулуктары, анын түпкүлүктүү нарк-насили менен эрежелер тутуму, азыркы тил менен айтканда, улуттук идеологиябыз элдик кодекс аркылуу бекитилген. Кылымдар кыйырын кырча басып, муундан-муунга мурасталып келаткан асыл нарктар, каада-салттар элибиздин күндөлүк жашоо-турмушунун байтүп тамырына, дүйнө тааным түркүгүнө, таалим-тарбия таянычына айланган.

Биз жаңы доордо, жаңы шартта жашап, жаңы нукта иштеп жатабыз. Заман өзгөрүүдө, заманга жараша элибиз дагы өз турмушун өзгөртүү аракетинде келет. Ал көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берди, ошону менен бирге, жаңы милдеттерди тагып, жаңы талаптарды коюп жаткан чагы. Ырас, али да болсо чечиле турган көйгөйлөр көп. Эми, журт көйгөйүн эл өкүлдөрүнөн артык эч ким деле биле албас да туялбас. Алардын башкы артыкчылыгы дал ушунда турат. Буюрса, чечебиз!

Заман өзгөрүп жатат, заманага жараша элибиз да өз турмушун өзгөрткүсү келет. «Беш манжа бөлөк – билек бир, беш адам бөлөк – тилек бир» дейт, анысы кандай, биздин билегибиз дагы, тилегибиз дагы бир. Элибиздин изги тилегине, илгери үмүтүнө тирек болуп берет деген ишенимде турабыз.

Маектешкен
Кемел Белек,  «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер