ӨЗГӨРҮҮНҮ ЖАРАТКАН МУГАЛИМДЕР: «МЕКТЕПТЕР-2030» ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ҮН

  • 02.03.2026
  • 0

 

ӨЗГӨРҮҮНҮ ЖАРАТКАН МУГАЛИМДЕР: «МЕКТЕПТЕР-2030» ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ҮНСапаттуу билим берүү – бул окуучулардын алган билимдерин реалдуу турмушта колдонуп, көйгөйлөрдү чечүүдө жана туура чечим кабыл алууда пайдалана билүүсү. «Мектептер-2030» программасынын негизги максаты – балдардын жана өспүрүмдөрдүн окуу жетишкендиктерин, практикалык көндүмдөрүн, дүйнө таанымын жана баалуулуктарын өнүктүрүү аркылуу аларды коомдун толук кандуу, активдүү жана жоопкерчиликтүү мүчөлөрү болууга даярдоо.

ӨЗГӨРҮҮНҮ ЖАРАТКАН МУГАЛИМДЕР: «МЕКТЕПТЕР-2030» ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ҮН

 

Бул программанын алкагында алыскы жана тоолуу Нарын, Баткен аймактарындагы мектептер менен, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларынын мектептери менен тыгыз кызматташтык жүргүзүлөт. 2020-жылдан тартып, ишке ашырыла баштаган бул программа бүгүнкү күнгө чейин туруктуу түрдө өнүгүп, жыл сайын 350дөн ашуун мугалим менен активдүү иш алып барып келет. Программа мугалимдерди шыктандыруу, алардын билим берүүгө болгон көз карашын кеңейтүү жана заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган. Бул максатта ар түрдүү окутуулар, практикалык тренингдер, тажрыйба алмашуу аянтчалары жана инновациялык демилгелер уюштурулуп, мугалимдерге өз тажрыйбасында далилдерге негизделген чечимдерди иштеп чыгууга жана ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Натыйжада мугалимдердин кесиптик потенциалы чыңдалып, окуучулардын окуу жетишкендиктерин жана турмуштук көндүмдөрүн жакшыртууга өбөлгө түзүлүүдө.

Токтобүбү АШЫМБАЕВА, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин төрайымы:

ӨЗГӨРҮҮНҮ ЖАРАТКАН МУГАЛИМДЕР: «МЕКТЕПТЕР-2030» ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ҮН

 

— Окуучунун бакубатчылыгы – анын ички тынчтыгы жана коопсуздугу. Түшүнүү, урмат жана коргоо бар жерде бала өз мүмкүнчүлүгүн толук ачат, ал эми алган билими бекем жана туруктуу болот. «Мектептер-2030» программасы мугалимдердин лидерлигин өнүктүрүү менен, окуучулардын бакубатчылыгынын өнүгүшүнө өзгөчө маани берет. Мугалимдер окуучулар менен ишенимдүү мамиле түзүп, алардын көндүмдөрүн өнүктүрүү аркылуу, коомдун активдүү жана жоопкерчиликтүү мүчөсү болуп калыптанышына шарт түзөт.

Калиман ДЖУНУШАЛИЕВА, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин доценти, педагогика илимдеринин кандидаты:

ӨЗГӨРҮҮНҮ ЖАРАТКАН МУГАЛИМДЕР: «МЕКТЕПТЕР-2030» ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ҮН

— Ага Хан Фонду тарабынан Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан «Мектептер-2030» программасы мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүндө кесиптик натыйжалуу өнүгүүгө багытталган өзгөрүүлөрдү киргизүүдө.

«Мектептер-2030» программасы билим берүүнүн жаңы, заманбап чакырыктарга ылайык парадигмасын сунуштоо менен мугалимдин статусун жакшыртууга тийгизген таасирилеринин негизинде, окуу көйгөйлөрдү өз алдынча диагностикалоого жана аны чечүү үчүн зарыл куралдарды берүү болуп эсептелди. Бул жерде негизги механизм — мугалимдин ишмердүүлүгүнүн мүнөзүн түп-тамырынан өзгөрткөн «Баалоо — жаңылоо – көрсөтүү» үч баскычтуу модели болуп саналат. Алардын ар бирине токтолуп көрсөк, Баалоо компонентинде мугалим окуу-процессине администрация жактан жүргүзүлгөн тышкы көзөмөлгө гана таянбастан, анын ар бир класстагы окуучулардын өзгөчөлүгүн ылайыктуу окутуунун методдорун, ыкмаларын колдонуп, окуучулардын муктаждыктарын жана өнүгүү деңгээлин өзү баалайт. Инсанга багытталган дизайн ой жүгүртүү (HCD) ыкмасы аркылуу окуу процессин жаңылоонун багыттарын колдонуп, мугалим окуучулар жана жамаат менен биргеликте класстын конкреттүү көйгөйлөрүнө багытталган «микро-жаңычыл долбоорлорду» иштеп чыгат жана киргизет. Мугалим өзүнүн чечимдерин кесиптештерине гана эмес, ошондой эле билим берүү системасындагы кызыкдар адамдарга улуттук жана глобалдык деңгээлде айтып, көрсөтүп бере алышат. Натыйжада долбоор мугалимдерге жаңы кесиптик заманбап методологиялар менен куралдандырды жана анын негизинде мугалимдер изилдөөчү жана долбоорлоочу болууга мүмкүндүк берген ыкмаларды өздөштүрүшө алышты. Алар көйгөйлөрдү аныктоого жана иштеген чечимдерди түзүүгө үйрөнүшүп, мугалимдик ишмердүүлүктү чыгармачыл, изилдөө процессине айландыруу мүмкүнчүлүгүнө жетише алышты.

«Мектептер-2030» программасы мугалимдердин квалификациясын жогорулатып, аларды заманбап педагогикалык практикалар жана окутуу методикалары менен тааныштырды жана өзгөчө алыскы аймактардагылардын, обочолонуусун жакындатып, ар түрдүү педагогикалык форумдарда иш-чаралардын негизинде жүздөгөн педагогдорду тажрыйба алмашуу үчүн аянтчага чогулта алды. Мисалы, Кара-Кулжа районунун Арыкбай Осмонов мектебинин мугалими Нурия Абдрахманованын айтуусунда, долбоор райондук деңгээлден улуттук деңгээлге чыгууга, окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн жана адаптациялоо көндүмүн өнүктүрүүчү ыкмаларды үйрөнүүгө мүмкүндүк берди. Мындан сырткары долбоор иштин формасын гана өзгөртпөстөн, аны жаңы мазмун менен толуктап, мугалимден мурда анын милдетине кирбеген компетенцияларды өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берди. Мисалы, 2024-жылы Бишкекте өткөн глобалдык «Климаттык туруктуулук үчүн мугалимдердин лидерлиги» форумунда мугалимдер «жашыл» билим берүү багытында экологиялык маселелерди окуу предметтерине интеграциялоо боюнча өз тажрыйбаларын көрсөтө алышты: мисалы, Нарын районундагы Керимбай уулу Сарыбай мектебинде мугалимдердин жетекчилиги алдында климаттын өзгөрүүсүнө багытталган сабактар уюштурулуп, ага катышкан окуучулар жергиликтүү долбоорлорду аткаруу менен “жашыл көндүмдөрүн” калыптандырышты. Ош облусундагы Токтогул атындагы мектепте күнөскана долбоору ишке ашырылып, окуучулар математикалык жана финансылык сабаттуулугун колдонууга үйрөнүшкөн.

Жыйынтыктап айтканда, Ага Хан Фондунун «Мектептер-2030» программасы Кыргызстандагы мугалимдин ролунун өзгөрүшүнө көп кырдуу жана терең таасирин тийгизүүдө. Ал «аткаруучу-мугалим» моделинен «лидер-мугалим» моделине өтүүгө өбөлгө түзүп, педагог изилдөөчү, инноватор, насаатчы,  билим берүү боюнча эксперт көндүмдөрүнө ээ болууда. Бул процесс билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен глобалдык чакырырыктарга локалдык маселелерди чечүү аркылуу катышууга аянтча түзүүдө”.

Динара АБДЫРАХМАНОВА,Чоң-Алай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу:

ӨЗГӨРҮҮНҮ ЖАРАТКАН МУГАЛИМДЕР: «МЕКТЕПТЕР-2030» ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ҮН

«Мектептер-2030 программасында иш алып барган мугалимдер – бул жергиликтүү эксперттер жана новаторлор. Алар креативдүү ой жүгүртүүсү, так жана маанилүү максаттарды аныктай билүүсү, ошондой эле билим берүүдө жаңы ыкмаларды ишке ашырууга болгон даярдыгы менен башкалардан айырмаланышат. Мындан тышкары, бул мугалимдер STEM багытында күчтүү компетенцияларга ээ болгон, окуучулардын XXI кылымдын көндүмдөрүн өнүктүрүүгө салым кошкон мыкты жергиликтүү адистер болуп саналат.

Улан ТУРСУНОВ, Нарын шаардык/райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы:

ӨЗГӨРҮҮНҮ ЖАРАТКАН МУГАЛИМДЕР: «МЕКТЕПТЕР-2030» ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ҮН

— Жергиликтүү билим берүү системасында “Мектептер-2030” программасы мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө жаңы дем берип, окуучулардын муктаждыктарын терең түшүнүп билим берүүнүн мазмунун заман талабына ылайык жаңылоого чоң мүмкүнчүлүк түздү. Программа мугалимдерге ошондой эле окуу көйгөйлөрүн өз алдынча аныктап, аларга ылайыктуу чечимдерди иштеп чыгууга шарт түзүп жатат.

Биз мугалимдердин жөн гана сабак өтүүчү адис эмес, изилдөөчү, жаңычыл жана лидер педагог катары калыптанып жатканын көрүп жатабыз. Айрыкча, алыскы аймактардагы мугалимдердин тажрыйба алмашууга чыгып, өз иштерин улуттук жана эл аралык деңгээлде көрсөтө баштаганы программанынын чоң жетишкендиги болуп саналат.

“Мектептер-2030” программасы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен бирге мугалимдин коомдогу ордун бекемдеп, окуучунун ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган жаңы билим берүү практикаларын калыптандырууда маанилүү роль аткарып келет.

Чынаргүл ОСМОНОВА, №87 Сыдык Алайчы уулу атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин математика мугалими:

ӨЗГӨРҮҮНҮ ЖАРАТКАН МУГАЛИМДЕР: «МЕКТЕПТЕР-2030» ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ҮН

— Программанын алкагында иш алып барган мугалимдер өз жергиликтүү аймактарында көптөгөн өзгөрүүлөрдүн жана инновациялык демилгелердин авторлору болуп саналат. Алар ишке ашырып жаткан чечимдер аркылуу сабактарды кызыктуу, интерактивдүү жана окуучулар үчүн түшүнүктүү кылган жаңы ыкмаларды иштеп чыгышат. Ошондой эле, мугалимдер окуучулардын практикалык, чыгармачыл жана сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган ар түрдүү иновациялык чечимдерди ишке ашырып, сабактардын сапатын жана окуучулардын активдүүлүгүн жогорулатууда.

«Мектептер-2030» программасы мугалимдерге инновациялык ыкмаларды колдонууга, окуучулар менен практикалык жана интерактивдүү сабактарды уюштурууга, өз профессионалдык потенциалын кеңейтүүгө шарт түздү. Математиканы окуучуларга түшүнүктүү жана кызыктуу кылып үйрөтүүдө жаңы технологияларды жана ар түрдүү онлайн-платформаларды колдонуу чоң роль ойнойт. Мен жаңы усулдарды жана ыкмаларды сынап көргөндө, окуучулар менен бирге “вау-эффектти” жараткан учурларда, мугалим катары мен да чоң мотивация алам. Бул процесс окуучулардын ой жүгүртүүсүн, чыгармачылыгын жана көп кырдуу түшүнүгүн өнүктүрүп, сабакты жандуу жана активдүү кылат. Натыйжада сабактар кызыктуу гана эмес, окуучулар үчүн теориялык билимдерин практикада колдонууга ылайыктуу, терең мааниси бар билим берүү тажрыйбасына айланды.

Кайратбек КАЛЫКЕЕВ, Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси:

ӨЗГӨРҮҮНҮ ЖАРАТКАН МУГАЛИМДЕР: «МЕКТЕПТЕР-2030» ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ҮН

— Бул программа жергиликтүү деңгээлде мугалимдерди билим берүүнүн өзгөрүүсүнө дем берүүчү лидерлерге айлантып, жаңы инновациялардын авторлору болууга шыктандырууда. Бул инновациялардын жыйынтыктары жакынкы келечекте ийгиликтүү, өзүнө ишенген жана жоопкерчиликтүү жаңы муунду калыптандыруунун бекем фундаментин түзөт.

Нуркыз ИСАКОВА, №15 Токтомамат Жумабаев атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин информатика мугалими:

ӨЗГӨРҮҮНҮ ЖАРАТКАН МУГАЛИМДЕР: «МЕКТЕПТЕР-2030» ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ҮН

— «Мектептер-2030» программасы аркылуу иш алып баруу мага окуучулардын окуу жетишкендиктери академиялык көрсөткүчтөр менен гана чектелбестен, алардын кызматташуу жөндөмү, өзүнө болгон ишеними, жоопкерчиликти өз мойнуна ала билүүсү жана лидерлик сапаттары да ийгиликтүү билим алууда чечүүчү роль ойной турганын терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди. Бул сапаттар окуучулардын жеке өнүгүүсүн камсыз кылуу менен бирге, алардын келечекте өз алдынча чечим кабыл алган, коомго активдүү салым кошкон инсан болуп калыптанышына негиз түзөт.

Замира ХОЛМАТОВА, Ш.Ганы атындагы жалпы билим берүү мектеби мекемесинин биология мугалими:

ӨЗГӨРҮҮНҮ ЖАРАТКАН МУГАЛИМДЕР: «МЕКТЕПТЕР-2030» ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ҮН

— «Мектептер-2030» программасы мага үзгүлтүксүз үйрөнүүнүн жана кесиптик өнүгүүнүн маанилүүлүгүн терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди, анткени ар бир сабак жаңы тажрыйбаны, жаңы ыкмаларды жана жаңы көз караштарды алып келип, мугалимдин өзүн өнүктүрүүсүнө жана өркүндөөсүнө шарт түзөт. Ошол эле учурда окуучулар менен ишенимдүү мамиле түзүү ийгиликтүү окутуунун негизги факторлорунун бири болуп саналат: алардын суроолору, сынчыл ой жүгүртүүсү жана жетишкендиктери мугалимдин мотивациясын күчөтүп, жаңы изденүүлөргө шыктандырат жана үзгүлтүксүз өсүүгө дем берет.

Рахат ОСМОНОВ, Нарын шаарындагы В.П. Чкалов атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору:

ӨЗГӨРҮҮНҮ ЖАРАТКАН МУГАЛИМДЕР: «МЕКТЕПТЕР-2030» ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ҮН

— Заманбап мугалимдин ишмердиги жөн гана билим берүү менен чектелбестен, ар бир окуучунун инсандык потенциалын ачууга багытталган жоопкерчиликтүү процесс болуп калды. «Мектептер-2030» программасы мугалимдерге окуучунун мүмкүнчүлүгүнө ишенүү менен алардын өсүшүнө багытталган жаңы ыкмаларды колдонууга шарт түздү. «Мектептер-2030» программасы мугалимдин ролун күчөтүп, аны окуучунун өсүшүнө багытталган лидер жана жаңычыл адис катары өнүктүрүүдө.

Астра АСАНКОЖОЕВА, Абылкасым Жутакеев атындагы жалпы билим берүү мектебинин башталгыч класс мугалими:

ӨЗГӨРҮҮНҮ ЖАРАТКАН МУГАЛИМДЕР: «МЕКТЕПТЕР-2030» ПРОГРАММАСЫ ТУУРАЛУУ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ҮН

 

— “Мектептер-2030” программасынын негизги максаты — академиялык билимдер менен катар лидерликти, жоопкерчиликти ала билүүнү, сынчыл ой жүгүртүүнү, коммуникацияны жана өз ара аракеттенүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Ушул багыттарга басым жасалгандыктан, бул программа мамлекеттик билим берүү стандартындагы компетенциялар менен толук шайкеш келет. Анткени мамлекеттик стандартта көрсөтүлгөн актуалдуу көрсөткүчтөрдүн негизгилери “Мектептер-2030” программасында камтылган. Программа окуучуларды кичи долбоорлор жана изилдөө иштерине тартуу аркылуу алардын академиялык билимдери менен катар жумшак көндүмдөрүн да өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле ар бир кырдаалга жана окуу процессине дизайн ой жүгүртүү методологиясынын негизинде мамиле кылууга үйрөтүп, окуучулардын билгичтиктерин жана баалуулуктарын калыптандырууга шарт түзөт.

Билим берүүнүн негизги талаптарына жооп берген бул программа менен иш алып баруунун натыйжасында биздин мектеп көптөгөн пайдалуу жана маанилүү тажрыйбаларды топтой алды.

Даярдаган Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Маалымат үчүн:

2020-жылдын сентябрь айынан тарта «Мектептер-2030» 100 мектепке чейинки жана мектеп билим берүү уюмдары менен иш алып барып келет. Бул иш-аракеттер БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары (ЦУР) аяктаганга чейинки акыркы он жылдыкта жүргүзүлүүдө. Максаты — мугалимдерге жана билим берүү процессинин башка катышуучуларына билим сапатын жакшыртуу үчүн мектеп деңгээлинде жаңы чечимдерди иштеп чыгууга, ишке ашырууга жана баалоого көмөктөшүү. Программа 2020–2030-жылдар аралыгында үч когортанын (5тен 15ке чейин, 10дон 20га чейин жана 15тен 25 жашка чейин) билим берүү өнүгүүсүндөгү өзгөрүүлөрдү жана мектеп деңгээлиндеги чечимдер менен болгон байланышын көзөмөлдөйт.

Бөлүшүү

Комментарийлер