ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРДЫ ӨГӨЙЛӨБӨЙЛҮ

  • 13.11.2024
  • 0

Жалал-Абад облусунуна караштуу Токтогул районунун тургуну Гүлжан жашы алтыдан ашса да сүйлөбөгөн небересин Бишкекке алып келип, ага ылайыктуу өнүктүрүүчү, дарылоочу мекемелерди издеп жайы бою таманы тешилди.

«Ар бир районго реабилитациялык борбор ачып бергиле»

Чоң эненин айтымында небересинин жүрүм-туруму кичинесинде байкалчу эмес, башка балдардай эле шоктонуп ойноп жаны тынбай чуркап жүрчү. Бирок бара-бара тили чыкпаганы аз келгенсип жүрүм-туруму да башкачараак боло баштады. Жолболду тун уулунун баласы. Биринчи небересинин эркелиги, бейбаштыгы деген ой менен өзүн жооткотуп, жаман ойлорду жакын жууткусу келбей жүрдү. “Какаганга муштаган” болуп, экинчи небереси төрөлгөндөн кийин уул-келинин оту күйүшпөй ажырашып тынды. Келиндин мерестиктигиби, же жаштыгыбы, айтор улуусун таштап, эмчектеги кичүүсүн алып кетти.

— Мен өзүм деле медайым болуп көп жыл иштегем. Эки жашка чукулдап калса да “апа” деп сүйлөбөгөн неберемди көтөрүп Бишкектеги белгилүү балдар невропатологу Нурмухамед Бабажановго келсек, ал “внутри черепное давление, мээсинин өөрчүүсү жаш курагына дал келбейт” деген тыянак чыгарды. Ал айткан дарыларды үч жылдан ашык үзбөй ичирдик. Балам эс тарта баштаганда башка балдарга кошулуп сүйлөп калабы деген илгери үмүт менен айылыбыздагы бала бакчага алып барсак, бир айдан кийин эле бала бакча башчысы “Балаңдын жүрүм-туруму туура эмес, бизге ылайык келбейт” деп баламды колунан жетелеп чыгарып койду. Эне үчүн мындай сөз кандай оор тийет, мен ыза болуп, баламдын укугун тебелегени үчүн прокуратурага чейин арыздандым. Натыйжада бала бакча башчысына эскертүү беришти, кийинчерээк ал өзү балдар менен иштей албагандыгы үчүн жумушунан кетти, — деди эне ызага толгон көздөрүнө жаш алып.

ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРДЫ ӨГӨЙЛӨБӨЙЛҮ

Ал өздөрү жашаган айылды мындай кой, район боюнча бир дагы реабилитациялык борбор, атайын бала бакчалар жоктугунан канчалаган энелер оорулуу балдарын жетелеп томсоруп жолдо-белде жүрүшкөнүн, баш калаага келгенде деле аларга жардамга кол сунмак тургай, толгон токой бюрократиялык тоскоолдуктарга кабылышаарын айтып кейиди.

— Мен ушул неберемди жетелеп кайда гана барбадым. Мындай диагноз менен бала тез эле оңоло койбойт тура. Балага медициналык, педагогикалык адистердин жардамы аба менен суудай керек. Шаарда үйүбүз жок болгондуктан батирге чыгып, жайы бою “Келечек” реабилитациялык борборуна ташыдым. Андан соң адистештирилген №104 бала бакчага орноштуруу үчүн медициналык кароодон өткөрчү БУМдун жанындагы мекемеге тан атпай келип, ал жердеги кайдигер, ал тургай мерес жетекчилерге жалынып-жалбарып, далай көз жаш төктүм. Мен азыр бул тууралуу ачык-айкын айта алам. Себеби мага окшогон канчалаган энелер зар какшап жүрөт. Ошондой түркөй мамиледен заарканып далайы кол шилтеп кетип да калышты, — дейт Гүлжан капалуу.

Бул чоң эне өзүнө окшогон ата-энелердин арыз-муңун, мүдөө-талабын тиешелүү жетекчилерге жеткиргиси келгенин айтты.

— Өкмөт башчылары ушундай өзгөчө балдарга кайдигер карабай, ар бир районго медициналык адистештирилген бала бакчаларды, реабилитациялык борборлорду ачышы керек. Мисалы, “Келечек” борборунда логопед, дефектолог, уколоочу адис сыяктуу тиешелүү адистердин баары бар. Негизи эле мындай кызматтардын баасы да кымбат, саатына 500-700 сомдон жогору, кээ бир жеке кызмат көрсөтүүчүлөр үч миң сомго чейин алат. Менин бир таанышым баласын дарылатууга акча издеп чет өлкөгө иштегени кетти. Ооруп же кайсы бир мүчүлүштүгүнөн жапа чегип турган баласын көрүү, ага жардам берүүгө алсыз экениңди сезүү кандай эң оор, – дейт чоң эне терең үшкүрүп.

Ал врачтар балдарды догдурга эртерээк көрсөтүү керектигин айтышарын, эртерээк көрсөтүүгө алыскы аймактарда тиешелүү шарт жок экендигин айтып кейиди. Бир чети өзүбүздүн кайдигерлигибиз да өз башыбызга муш болуп жатканын мойнуна алды.

Балалуу болууга башынан даярдануу керек

Адистер кийинки учурда аң-сезими начар өнүгүп, кеч сүйлөгөн балдардын саны көбөйүп жатканына коңгуроо кагышууда. Бишкек шаарындагы спорттук реабилитациялоо борборунун невропатологу Айгүл Нургазиева балдар кеч сүйлөп жатканынын бир нече себептерин белгиледи.

ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРДЫ ӨГӨЙЛӨБӨЙЛҮ

— Ооба, азыр “Балам сүйлөбөй жатат” деп кайрылган ата-энелер көбөйүүдө. Айрыкча бир жаштан 5-6 жашка чейинки балдар басымдуу. Адистер текшергенде баланын аң-сезими начар өөрчүп жатканын аныкташат. Баланын аң-сезим эмне себептен начар болууда? Биринчиден, ага тукум кууган оорулар себепкер. Биз андай белгилерин байкасак, дароо генетикке жөнөтөбүз. Экинчиден, эненин боюнда бар кезде, төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки учурундагы абалы себепкер. Ушулардын баарын алдын-алууга болот. Ал үчүн каттоого өз учурунда туруп, догдурлардын көзөмөлүндө болуу керек. Төрөтү оор болсо сөзсүз “кесерово сечение” жасатуу сунушталат. Ата-эне бала күтүүнү алдын-ала пландап, өздөрү да алдын-ала медициналык кароодон өтүп даярданса, эң сонун болмок. Анткени, медициналык технология өнүккөн азыркы заманда бала эненин жатынында жатканда эле изилдеп билсе болот — дейт тажрыйбалуу адис. Ал ошондой эле балдарды ашыкча телевизор көрүүгө, кол телефон кармоого тыюу салуу керек деп эсептейт.

Кемин районунун Кайыңды айылындагы бала бакчанын логопеди Нуржамал Молдошова сүйлөө жагынан жабыркаган балдар менен иштөөнүн бир нече ыкмалары менен бөлүштү.

— Балдардын бул көйгөйүн эки категорияга бөлүүгө болот: биринчиси — үч жаштагы балдар, алардын көбү тап-такыр сүйлөбөйт, экинчиси — беш жаштан алты жашка чейинкилер. Мында көбүнчө “ш”, “ж” жана “р” “л” сыяктуу тыбыштары бузулат. Биринчиден, сүйлөө кемчиликтери баланын жашоосунун пренаталдык жана төрөт мезгили менен байланыштуу. Андай таасирлерге жатын ичиндеги өнүгүү, эненин кош бойлуулук учурундагы жүрүм-туруму, төрөт жол-жобосунун өзү жана жаракат алуу мүмкүнчүлүгү, акушердин квалификациясы кирет.

Эң негизгиси, бала менен мамиле түзүү керек. Артикуляциялык гимнастика үндөрдүн пайда болушуна негиз болуп саналат. Мен сабактарда сенсомотордук кыймылды өнүктүрүү; ири жана майда моторика; жалпы сүйлөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү; сөз байлыгын топтоо; фонематикалык угууну өнүктүрүү; кептин грамматикалык жагын өнүктүрүү; сөз жасоого жана сөз айкашына үйрөтүү; артикуляцияны өнүктүрүү; когеренттүү кепти өнүктүрүү жана сөз айтылышын оңдоо ыкмаларын колдоном.

Ата-энелер бала тыбыштарды туура эмес айтып жатканына маани бербейт. Эгерде бала сөздөрдү так айталбаса, эртерээк адистерге кайрылуу керек. Адистердин жардамы менен балдар үндөрдү ажыратууну жана алардын табиятын түшүнүүнү үйрөнүп, сүйлөө сабаттуулугу жакшырат, — дейт логопед Нуржамал Молдошова.

ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРДЫ ӨГӨЙЛӨБӨЙЛҮ

Инклюзивдик билим берүү – ар бир балага тең укук берүү

Нуржамал Молдошова — Кемин районунун Чоң-Кемин айыл өкмөтүнө караштуу «Кайыңды” бала бакчасында жаңыдан иштей баштаган жаш адис. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Назгүл Якупова логопед кызматы – бул инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүүдө жана ар бир балага сапаттуу билим жеткирүүдө маанилүү кадам деп эсептейт. Айтмакчы, эң алыскы айылдардын бирине мына ушундай билим алуу мүмкүнчүлүгү Назгүл Медеркуловнанын жеке демилгеси менен түзүлгөнүн белгилей кетели.

— Айыл жергесиндеги мектептерде, бала бакчаларда инклюзивдик билим берүүнү жайылтуу — ар бир балага окууда жана өнүгүүдө тең укуктуу мүмкүнчүлүктөрдү берет. Логопед кабинетинде сүйлөө көйгөйлөрү бар балдардын өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташкан методдор колдонулат. Мындай колдоо аркылуу балдар өзүнүн потенциалын толук ачып, социалдык жана академиялык чөйрөгө интеграциялана алат.

Логопед кабинети инклюзия принциптерине жооп берип, муктаж балдарга бирдей шарттардын түзүлүшүнө салым кошот. Ошону менен бирге, логопед кызматы балдардын жигердүү катышуусун камсыз кылып, алардын билим алуудагы жана социалдык өнүгүүсүндөгү тоскоолдуктарды азайтууга жардам берет. Бул болсо айылдык мектептердеги балдардын өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, алардын келечекте ийгиликке жетүүгө жол ачат. Мындан тышкары, логопед кызматы ата-энелер жана педагогдор менен кызматташып, балдарга комплексүү жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн жаратат. Бул кызмат ар бир балага жекече мамиле жасоого, алардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен иш алып барууга мүмкүнчүлүк берет. Натыйжада, балдардын билим берүү системасына болгон ишеними жогорулап, алардын окуу процессине болгон кызыгуусу артат, — дейт Назгүл Якупова.

ӨЗГӨЧӨ БАЛДАРДЫ ӨГӨЙЛӨБӨЙЛҮ

 

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер