УЛУТТУК УҢГУЖОЛ – БАКУБАТ КЕЛЕЧЕККЕ УМТУЛУУ ЖОЛУ
- 26.12.2025
- 0
Билимсиз, нарк-насилсиз, таалим-тарбиясыз адамдар менен карапайым калк турмушунун жакшыртуу жана өлкөбүздүн бакубат келечегин куруу мүмкүн эмес. Ал үчүн ар кыргыз жараны азыркы заман талабын жетик түшүнүү менен, жеке өзүнүн, жек-жааттарынын, бала-бакырасынын адеп-ахлак деңгээлин көтөрүү, адамдык акыл-парасат көрөңгөсүн көбөйтүү жаатында талыкпастан аракет жасоого тийиш. Өткөн жылдын соңунда Президенттин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужол доктринасы жарыяланган. Бул мамлекеттик документти ар кыргыз жаранынын жалпы жашоо жол-жоболор тутуму же жалпы улуттук кыргыз деминин бакубат келечекке умтулуу жолу катары кабылдап, мүлдө кыргыз журтунун улуттук идеологиясынын башкы таянычы катары карасак болот. Негизги максат мамлекеттик бийликтин, жалпы жарандык жана үй-бүлөлүк институттардын ишин бир нукка салып, келечекте дени сак, акылы тунук, илим-билимдүү, нарк-насилдүү, таалим-тарбиялуу, чыныгы мекенчил жарандарды калыптандыруу аркылуу күч-кубаттуу кыргыз мамлекетин куруу болуп саналат. Ошентип, улуттук уңгужол мүлдө кыргыз деминин дүйнөлүк бийиктикке умтулган кыргыз деминин өзөктүү жолу болуп калды.
Түптүү кыргыз элинин алдында өзүнүн жана өлкөнүн келечек тагдырын оң багытка буруунун, даңгыр жолго салуунун тарыхый ооматы келип турат. Биздин башкы милдетибиз өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо, коомдун жашоо-турмушун турукташтыруу, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, өлкө экономикасын өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу, ошондой эле илим-билимдүү, таалим-тарбиялуу, дени сак, акылы тунук жаңы муундун өкүлдөрүн өстүрүү болуп саналат.
Биздин өлкөнү өнүктүрөлү, калк турмушун жакшырталы деген илгери үмүтүбүз менен изги тилегибиз ушундай. Ошондон улам «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» Уңгужол доктринасы өнөлгөлүү өнүгүү жолу дүйнөлүк бийиктикке умтулган улуттук демдин өзөктүү жана бирден-бир жолу болуп калды. Мунун баары жоктон жарала калган жок, анын артында далай иштиктүү камылгалар жана көптөгөн көйгөйлүү көртүйшүк, ырааттуу жана ыргактуу жүргүзүлгөн иш-аракеттер турары бышык.
Кезинде алдуу-күчтүү «илбирс секирик» Эгемен Кыргызстанды түптөө, калыптандырууну жана аны андан ары өнүктүрүүнү көздөп, алдын ала баш багыты так аныкталган, узак мөөнөткө эсептелген идеялар тутумун – улуттук уңгужолду доор талабына ылайык кайра жаратуу муктаждыгы келип чыкканын жакшы билебиз. Азыр ага Кыргызстандын идеологиялык башкы таянычы катары баа берсек жаңылбайбыз.
Далай кылым кыйырын кырча басып келаткан кырк уруу кыргыз журту менен бир мезгилде үзөңгүлөш чыккан эчендеген элдер бүгүн дүйнөнүн этносаясий айдыңында карабашыл калбааты түгүл кабары жок. Карт тарых барагында анын эзелки аталышынын бери дегенде эле 3000 жылдан ашуун мезгил өзүнүн көөнө атын сактап келишине, кайрадан эгемендүү мамлекетке ээ болушуна нукура жана көөнө, өзүнө гана таандык асыл баалуулуктары, нарк-насил таянымдары, уңгулуу тарыхый тажрыйбасы, улуттук улуу дымагы, жигердүү деми олуттуу омок болду окшоду. Алакандай кыргыз журтуна Айкөл Манас дем берди, чачылганды жыйнап, бүлүнгөндү бүтөдү, кубаттуу мамлекет курууга ишеним артты. Бул да болсо кайра кайтма карт тарыхтын кайталанма мыйзамы десек болот.
Тагдырга жазылган тарыхый эстутум, даанышмандардын уламалуу акыл-эс туюму, накта наркка уюган арты узак уламалуу накыл кептерибиз элибиздин демине дем кошуп, келечекке багыт берген жалпы улуттук уңгужол милдетин аткарды. Кырк уруу кыргыз журту баатыры миң, башчысы бир болуп, тар жол, тайгак кечүүдө өз элин эзелки жоо жапырыгынан сактап, кут даарыган мекенин ар дайым коргоп келди. Миңдеген жылдар мезгил сынынан тайгылбай өткөн улуттук нарк-насил баштаган жазылбаган көөнө мыйзамдары, жүрүм-турум эрежелери жамы журт ыйык туткан нукура улуттук баалуулуктары, карманган салт-санаасы, эне тили, маданияты баш-аягы белгисиз туңгуюкка түшүп кетүүдөн сактады көрүнөт.
Өзүңүздөр жакшы билесиздер, мамлекет башчыбыз өз ыйгарым укуктарын жаңыдан аткарууга киришкенде, адеп улуттук нарк жаатындагы №1 «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгын чыгарган эле. Ал киши чаласабат, адепсиз, алабарман, таалим-тарбиясыз, нарк-насилден куржалак, каада-салтты билбеген, улуттук дөөлөттөргө сыйбаган, түшүнүгү чакталуу, ой-туюму чектелүү адамдар менен бакубат келечекти куруу мүмкүн эмес экенин тетик билген, жетик түшүнгөн.
Алгачкы жарлыктын артынан улуттук наркты калыптандыруу, андан ары өнүктүрүү жаатындагы «Кыргыз жараны жөнүндө», «Манас» эпосунун үчилтиги жөнүндө», «Улуттук нарк жөнүндө», «Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагын киргизүү жөнүндө» сындуу бир топ жарлыктар топтому жарык көрдү, алардын ишке ашыруу боюнча бир катар программалар менен концепциялар иштелип чыкты дегендей…
Ага улай «Мамлекеттик тил жөнүндө», «Билим берүү жөнүндө», «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» өңдүү олуттуу мыйзамдар кабыл алынды. Айрыкча, «Алтын Казык» мамлекеттик программасы бүтүндөй өлкөнүн билим берүү тармагын окутуунун заманбап үлгүсүнө трансформациялоо кадамына жол ачты.
Улуттук уңгужол доктринасында кыргыз жарандарынын таалим-тарбияга, илим-билимге, жогорку маданиятка ээ болуусу үчүн үй-бүлө, коом, мамлекеттик бийлик бутактары бирдей кам көрүүгө милдеттүү экени жөнүндө так жоболор камтылган. Мындан ары жаңы мыйзам кабыл алууда, мамлекеттик программаларды бекитүүдө анын жол-жоболору сөзсүз эске алынышы абзел. Ал эми өкмөт социалдык-экономикалык саясатты иштеп чыгууда анын жоболорун жетекчиликке алууга тийиш. Ошентип, бардык мамлекеттик документтер улуттук доктринага ылайык келтирилет. Мунун баарын КР Президентинин №1 Жарлыгынын логикалык уландысы жана бирдиктүү жүргүзүлгөн саясий жүрүмдүн жыйынтыгы катары карасак болот.

Мына, быйыл мурдагы Билим берүү жана илим министрлиги кайра түзүмдөштүрүлүп, Агартуу министрлигине айланды. Эсиңизде бар чыгар, өткөн жылы 100 жылдык мааракеси белгилеген улуттук билим берүү тармагыбыз түзүлгөндөн тарта Кыргызстан эгемендик алганга чейин Агартуу министрлиги аталып келген. Демек, эми ал жалаң билим берүү менен эле шугулданбайт. Анткени “агартуу” деген сөздүн түшүнүгү кыйла кеңири жана терең экенин боолголоп турган чыгарсыз.
Маселен, уңгужол доктринасынын агартуу тармагына тиешелүү бөлүктөрүндө «Таалим-тарбия берүүдө улуттук нарк баалуулуктарына артыкчылык берилиши жана анын жаңы тажрыйбалар менен айкалышы керек», «Салттуу үй-бүлө баалуулуктарын таануу жана алардын эл, улут, өлкө биримдигин жаратуу жана сактоо күчүн пайдалануу; аны алсыратууга, бузууга багытталган, ичтен жана сырттан жасалган аракеттерге өз убагында бөгөт коюусу кажет» деп баса белгиленген. Ошондуктан ата-эне менен мугалим атаандаш болбой, бала тарбиялоо жаатында ар дайым өнөктөш, көмөктөш, шериктеш, тилектеш болгону артык.
Мына, жакында эле ордо калаабызда улуттук уңгужол доктринасынын билим берүү жаатындагы идеяларга арналган форум өттү. Жалпы улуттук иш-чарага мамлекеттик катчыбыз Арслан Койчиев баштаган мамлекеттик органдардын жетекчилери, жогорку окуу жайларынын ректорлору, коомдук уюмдар менен илимий эксперттер катышты. Буюрса, келерки жылдан тарта жыйын жүрүшүндө жасалган баяндамалардын, көтөрүлгөн демилгелердин, айтылган ой-пикирлер менен келип түшкөн сунуштамалардын негизинде улуттук агартуу тармагынын артыкчылыктуу багыттары, билим берүү тармагын өнүктүрүүнүн стратегиялык жолдору аныкталып, улуттук идеяларды билим берүү жүрүмүнө киргизүүнүн алгылыктуу механизмдери иштелип чыкмакчы.
Кыскасы, ушу тапта кыргыз элинин алдында өзүнүн жана өлкөнүн келечек тагдырын оң багытка буруунун, даңгыр жолго салуунун тарыхый ооматы келип турат. Башкы максат өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо, коомдун жашоо-турмушун турукташтыруу, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, өлкө экономикасын өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу, ошондой эле илим-билимдүү, таалим-тарбиялуу, дени сак, акылы тунук жаңы муундун өкүлдөрүн өстүрүү болуп саналат.
«Алтын Казык» программасында балдарга билим берүү жүрүмү менен таалим-тарбия иши куштун кош канатындай эриш-аркак жүрүшү керек экени баса белгиленди. Ошондуктан ата-эне менен мугалим атаандаш болбой, бала тарбиялоо жаатында ар дайым өнөктөш, көмөктөш, шериктеш, тилектеш болгону артык.
Албетте, мындай демилге мамлекет башчысы тарабынан көтөрүлүп, анын аткарылышы такай көзөмөлүндө тургандыктан, ал ырааттуу жүзөгө аша турганына эч күмөнүбүз жок. Эми, «доктрина» деген сөз байыркы латын тилинде «окутуу же илим» түшүнүгүн билдирет экен. Азыркы тилге салганда, ал «улуттук идея багытындагы идеялык көз караштардын жол-жобосу же мамлекеттик иш-аракеттердин алгылыктуу жолдору» деген эле сөз. Азыр Кыргызстандын агартуу тармагы «Алтын Казык» мамлекеттик программасынын алкагында 12 жылдык окутуу тутумуна трансформацияланып, жаңы билим берүү моделине өтүп жаткан чак. Эл аралык тажрыйбалардын негизинде иштелип чыккан билим берүүнүн нукура улуттук жол-жоболору ырааты менен киргизилүүдө. Улуттук жаңы стандартта кыргыздын улуттук өзгөчөлүктөрү, нукура руханий баалуулуктары, тарыхый жана маданий дөөлөттөрү эске алынууда.
Кемел Белек, “Кут Билим”
Комментарийлер